2025-05-12
Түрмөк
Шайлоо-2020: Бүгүн “Кыргызстан” партиясынын тагдыры чечилет

Бүгүн, 27-августта БШКнын чечимине карата “Кыргызстан” партиясынын арызын кароо боюнча сот отуруму орун алат. Бул тууралуу аталган саясий бирикмеден билдиришти.
Гүлшайыр Садыбакасованын уулу эмнеден каза тапканы маалым болду

Бүгүн, 26-агустта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын жалгыз уулу, ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркиндин каза болгондугу тууралуу суук кабар тараган.
Атыр Абдрахматова: “Шайлоонун адилеттүү өтүүсүнөн күмөнүм бар”

Бул тууралуу БШКнын көз карандысыз 12 мүчөсүнүн бири Атыр Абдрахматова ата мекендик телеберүүлөрдүн бирине талдоочу катары маек берип жатып билдирди.
“Кыргызстан” шайлоодон четтетилеби? БШК анын документтерин артка кайтарды

Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Боршайкомдун отурумунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Парламенттик шайлоого 17 партия катышат

Буга чейин кабарлангандай, кечээ, 24-август саат 18:00дө Боршайком шайлоого катышуу тилегин билдирген партиялардан документтерди кабыл алууну токтотуп, жумушчу топ аларды кароого киришти.
У кыргызстанцев есть ещё неделя на уплату налога на транспорт, жилье и землю!

У граждан есть одна неделя на уплату налога на транспортное средство, жилые дома, квартиры и земельного налога в установленные сроки.
Канат Исаев: “ Мага документтерди тапшырууга жетиштик дешти”

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев документтерди тапшырууда пайда болгон кырдаалды түшүндүрүп берүү үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.
“Кыргызстан” документтерин чын эле кеч тапшырдыбы? Жарандык коом Боршайкомдон жооп талап кылууда!

Кечээ, 24-августта саат 18:00дө БШК 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын толук тизмеси тууралуу документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча жогоруда айтылган убакыттан кечиктирилип тапшырылган документтер жараксыз деп табылышы керек. Бирок, “Кыргызстан” партиясынын документтери белгиленген убакыттан кеч тапшырылгаы тууралуу маалымат тарап, 24-августтан 25-августка караган түнү Жогорку кеңештин депутаттары, партиялардын өкүлдөрү, журналисттер жана активисттер БШКнын имаратынын алдына чогулушту. Алар БШКдан “Кыргызстан” партиясы документтерин өз убагында тапшырганы тууралуу далилдерди талап кылышты.
“Коопсуз шаардын” экинчи бөлүгү бардык облустарды камтыйт

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке киргизиш үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Жээнбеков: “Каалаган партия менен иштешүүгө даярмын”

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосуна” берген кезектеги маегинде билдирди.
“Мекеним Кыргызстан” депутаттыкка талапкерлерин жарыялады (тизме)

Бүгүн, 22-августта парламенттик шайлоого аттанган “Мекеним Кыргызстан” партиясы 20 кишиден турган депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Известный российский политик отметил партию “Биримдик”

Глава партии “Справедливая Россия” Сергей Миронов “от имени партии и от себя лично” поздравил кыргызскую партию “Биримдик” (“Единство”) с проведением съезда. Соответствующее письмо было отправлено 19 августа, передает ИА REGNUM.
Маданият жана спорт ишмерлери кайсы партияны тандашты?

Баарыбызга белгилүү болгондой, шайлоолордо партиялар курамына маданият жана спорт тармагындагы белгилүү инсандарды да чакырышат. Быйылкы шайлоо да буга чейинкилерден өзгөчөлөнгөн жок.
“Биримдиктин” талапкерлеринин тизмеси (ТОП-16)

Назарыңыздарга “Биримдик” партиясынын талапкерлеринин тизмесин сунуштайбыз. Ал партиянын курултайында бекитилген. Тизмеде Улукбек Кочкоров, Төрөбай Зулпукаров, Аида Касымалиева сыяктуу кыргызга кеңири таанымал жаш саясатчылар бар. “Биримдиктин” алдыңкы 16 талапкери төмөндөгүчө:
Список “Кыргызстана”: 14 депутатов снова баллотируются в парламент

Вчера, 19 августа политическая партия “Кыргызстан” провела съезд, на котором утвердила списки кандидатов в депутаты и программу.
Бишкекте чектөөлөр алына баштады. Кичи автобустар дем алыш күндөрү да иштейт

Бүгүн, 20-августтан тарта Бишкекте коомдук транспорт (автобус, троллейбус жана микроавтобустар) эми дем алыш күндөрү да иштейт. Бул тууралуу борбор калаанын маалымат кызматы билдирди.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы депутаттардын санын 2 эсеге кыскартууну сунуштады

Бул тууралуу кечээ, 19-августта партиянын съездинде маалымдалды. Жыйында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасындагы эң актуалдуу сунуштардын бири – бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 60ка чейин кыскартуу экени айтылды.
“Биримдик” кандай реформаларды сунуштайт?

Кечээ, 19-августта “Биримдик” партиясы IV съездин өткөрдү. Жыйында КРдин эмгек сиңирген артисти Галина Кетова билдирүү жасады. Ал билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары реформалоого муктаж экенин белгиледи.
Молдокматов, Турганбаев, Сатыбалдиев... “Замандаш” партиясы талапкерлерин жарыялады (Тизме)

Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында “Замандаш” партиясынын курултайы өткөрүлүп, анда партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды.
"Мекеним Кыргызстан" тизмесин бекитүүдө жаштарга басым жасады

“Мекеним Кыргызстан” партиясы съездин өткөрүп, программасы жана талапкерлердин тизмесин аныктады. Анда жаштарга басым жасалып, партиянын өзөгү ар түрдүү улуттардан, аймактардан жана кесип ээлеринен турган талапкерлерден түзүлдү.
Партия лидери Мирлан Бакировдун айтымында, программанын негизги максаты өнүккөн базар экономикасы бар, социалдык багыттуу мамлекет куруу жана республиканын ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртуу. “Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – бир максаттуубуз жана ошол эле учурда ар тараптуубуз. Биздин саясий чөйрөдө тажрыйбабыз бар. Мындан сырткары түрдүү тармактарда иштеп келгенбиз. Жашыбыз, жынысыбыз, улутубуз, ишенимибиз, туулган жерибиз ар башка болсо да, биз биргебиз. Биз Кыргыз өлкөсүн сүйгөн үчүн гана эмес, ушул ыйык мекенибизде жашоо үчүн баардык шарттарды түзүү үчүн бириктик”,- деди ал.
“Республика” депутаттыкка талапкерлерин жарыялады (Тизме)

Бүгүн, 19-августта “Республика” партиясы съезд өткөрүп, өз программасын жана Жогорку Кеңештин депуттаттыгына талапкерлерди жарыялады.
“Мекеним Кыргызстан” съездин 19-августта ачык асман алдында өткөрөт

Бул тууралуу аталган партиянын Штабынан билдиришти.
Съезд Боршайкомдун сунуштамаларына ылайык, бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен ачык асман алдында өткөрүлөт: дезинфекциялык туннель, колду тазалоо жана ар бир катышуучуну бет кап менен камсыздоо уюштурулат.
Жыйындын күн тартибинде башкы маселе партиянын саясий кеңеши менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекиттүү болмокчу. Съезд жөнүндө кенен маалыматты партия эртең берүүнү убада кылды.