2024-12-22
Түрмөк
“Мекеним Кыргызстан” депутаттыкка талапкерлерин жарыялады (тизме)
Бүгүн, 22-августта парламенттик шайлоого аттанган “Мекеним Кыргызстан” партиясы 20 кишиден турган депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын атынан шайлоого аттанган талапкерлердин катарына буга чейин белгисиз болгон жаңы ысымдардын киргени белгилүү болду. Алсак, партиянын курамында Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Ибрагим Жунусов да бар.
“Тизмеге тажрыйбалуу саясатчылар менен бирге жаш жана ийгиликтүү башкаруучулар кирди. Тизме түзүүдө талапкерлердин профессионалдуулугуна көңүл бурулуп, гендердик жана улуттар аралык баланс сакталды”,- деп айтылат маалыматта. ТОП-20га кирген талапкерлерди сүрөттөн көрүп алсаңыз болот.