Маданият
Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев
Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап кала алабыз. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык конгрессте айтты.

“Бүгүн биринчи жолу окумуштуулар, искусство, кино ишмерлери, агартуучулар, диний ишмерлер бир аянтчада чогулуп отурабыз. Эмне үчүн биз бир болууга тийишпиз? Анткени бүгүн глобализация менен жасалма интеллекттин доору келип, алар кичи элдердин маданиятын тарытып, таптакыр жоголуу коркунучун да жаратууда. Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн улуу руханий мурастарын биргелешип гана сактап кала алабыз. Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгү жөнүндө сөз кылууга мүмкүн. Болбосо, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, өздүгүн унутуу менен манкуртизмге жол ачылышы мүмкүн”, - деди ал.
Ошондой эле ал кийинки жолугушуу Ысык-Көлдүн жээгинде улантыларын белгилди.
“Биздин президент 40-юбилейлик “Ысык-Көл” форумун өткөрүү жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Биз дүйнөнүн бардык тарабынан, айрыкча Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн конокторду күтөбүз. Максатыбыз - Чыңгыз Айтматов айтып кеткен руханий биримдик тууралуу баарлашуу”, - деди Иманалиев.
Белгилей кетсек, учурда Ташкент шаарында “Борбор Азия: жалпы руханий жана агартуу мурасы - жалпы келечек” аттуу эл аралык конгресси өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун окумуштуулар, искусство таануучулар, адабиятчылар жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышууда.






