AUCA the best 2

2024-05-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аалы Карашев: Кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

— Аалы Азимович, азыр элди карантин бүтүп, өлкө кадимки жашоого качан кайтып келет деген суроо түйшөлтүүдө. Сиздин пикириңиз кандай?

— Алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Бардыгы өлкөдө жана дүйнөдө эпидемиянын жайылышынан көз каранды. Өкмөттүн алдында экономиканы сактоо же элдин аманчылыгын сактоо жолун тандоо турат. Учурда экинчи жолго басым жасалууда, бирок экономиканы такыр эле карабай коюуга да болбойт, себеби миллиондогон жарандардын жашоосу экономикадан көз каранды. Өлкөдө вирустук инфекциянын жайылуусуна каршы Өкмөттүк штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп жатат. Алар бардык аспекттерди эске алып жатат деп ишенем.

Азыр бул абалдан чыгууга даярдануу маанилүү болуп турат. Балким муну этап менен ишкерлик субъекттерине жеңилдик берүү менен ишке ашыруу керектир. Карантинге кирүү бир иш, ал эми андан чыгуу оңой-олтоң эмес. Көптөгөн социалдык, экономикалык, ишкерлик байланыштар үзүлдү. Калыбына келтирүүгө убакыт талап кылынат. Жакынкы жылдары колдонууларды кыскартуу күтүлүүдө. Апрелдин аягында же майдын башында жарандардын экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча айрым кадамдар сунушталат.

Пандемия аяктагандан кийин коомчулук түп-тамырынан бери өзгөрөт жаңы түзүлүш болот деген божомолдор айтылууда. Дүйнө коронавирус эпидемиясына чейинкидей, мурункудай болбойт дегендер чыкты. Адамдар канчалык өзгөрөт деп ойлойсуз, эл эмнени күтсө болот?

— Оор кырдаалдарда дайыма көзү ачыктар пайда болуп, дүйнөнүн келечегин боолгоп башташат. Мындай божомолдор көпчүлүк учурда апааттар, кереметтер болот деп айтышканы менен көп учурда ал нерселер болбой келет.

Бир нерсеге көңүл бурсаңыз, алар пандемиядан кийин кандай өзгөрүүлөр болорун эч кимиси так айтпай келет. Мындан сырткары, чиптерди коюу менен адамдарды катуу көзөмөлгө алып башташат деген айтымчылар, аналитиктер жана эксперттер эч нерсе айта алышпайт. Өзгөрүүлөр болот деп ойлойм, бирок “Дүйнө эч качан мурункудай болбойт!” дегенчелик эмес. Улуттук моделге ыктаган глобализация болушу мүмкүн. Социалдык багытты башкарууда социалисттик өсүштү күтсөк болот деп ойлойм. Финансылык рыноктордун иштөө принциптери өзгөрүүлөргө дуушар болот. Жаңы дүйнөлүк тартиптерди көрбөйбүз, экономикалык жана социалдык системалардын ишинде өзгөрүүлөрдү күтсөк болот.

Карантин режими алынып, өлкө кадимки жашоого кайтканда бул сөздөрдүн баары унутулат жана жаңы пайда болгон “пайгамбарларды” эч ким деле эске албай калат.

— Бул сыноо Кыргызстанга кандай таасир берет? Биз үчүн коронавирустун кесепеттеринин таасири дүйнөдөгү абалдан башкача болуп, айырмачылык болобу?

— Сценарий окшош эле болот окшойт. Пандемияга каршы чаралар дүйнө жүзү боюнча окшош схема менен жүргүзүлүп жатпайбы. Айырма кимдир бирөөлөрдүн экономикасы бекем, башкаларыныкы алсыз болгонунда гана. Бирок экономикага зыянын тийгизип, дүйнө рецессияга дуушар болду.

Мындай шартта Кыргызстанга кесепети тиет. Биринчиден, биз Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсүбүз, экинчиден, Кытайдан, Түркиядан, БАЭден келген импорттон көз карандыбыз, үчүнчүдөн, ата мекендик ИДПнын бир бөлүгүн мигранттардын которгон акча каражаттары түзөт. Ошондуктан, Кыргызстандын экономикалык өсүшү биз жыл башында күткөндөй болбойт. Демек, кошумча колдоо болушу шарт, товарларды ташууда чек аралар ачык болушу керек, бул өз кезегинде өнөктөш мамлекеттердин макулдашкан аракеттерин талап кылат.

Мындай шартта соода жана кызмат көрсөтүү тармактары аярлуу катмарга кирет, бул тармактарда бир миллиондон ашуун жарандар иштейт. Көпчүлүк сатып алууларды кыскартып, өтө зарыл болгон гана товарларды сатып ала баштайт, бул өлкөдө бизнестин өнүгүүсүнө таасир берет. Экономиканы колдоо үчүн биз болгон ресурстарыбыздын баарын мобилдештирүүбүз керек. Өлкө акырындык менен кадимки жашоого кайтат, бирок кризиске чейинки экономикага кайтуу үчүн убакыт талап кылынат. 

Карантин алынып, өзгөчө абал токтотулгандан кийин балким өзгөчө кырдаал бир канча убакытка чейин сакталышы мүмкүн. Бул экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирип, өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Дүйнө кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун азырынча билбейбиз. Биз учурда эмне кылышыбыз керек? Өкмөт кандай иштерди аткаруусу зарыл?

— Коомчулук жана Өкмөт биргелешип иш алып барышы керек. Жалгыз аракеттенүү татаал болот. Окшош жана ырааттуу аракеттер болушу шарт. Өкмөт жеке сектордун, ишкерлердин, өзгөчө чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин муктаждыктарын түшүнүүсү абзел. Ошондо гана Өкмөт элден алыс деген сөздөр болбойт. Аткаруу бийлигинин жетекчилери муну жакшы түшүнүшөт. Өкмөттүн  иш аракеттери эки  багытта бааланат: калктын жашоо-шарты менен экономикалык кызыкчылыктары жана коомдук коопсуздукта коркунучтардын жаралбастыгы.

Өкмөт элди өзгөчө абалды узартуу маселеси эмес, үй-бүлөмдү кантип багам деген суроо көп тынчсыздандырарын түшүнүүсү керек. Эгерде балдары ачка болбой, көзүн жалдыратып тамак сурабай, эртең иштей турчу жумушу бар экени белгилүү болсо эл өзгөчө абалды туура кабыл алып, күтө берет. Мен жарандарды бул убакытты туура пайдаланып, өзүн өнүктүрүүгө, өз ишин баштоого аракеттерди көрүүгө, мурдагы ишкерлик тажрыйбасына анализ жүргүзүүгө, ийгиликтерин жана жетишкендиктерин баалоого чакырат элем. Балдарга жакын болуу керек. Азыр аларга да кыйын болуп турат. Бирок мунун баары Өкмөт муктаж болгондорду керектүү товарлар жана азык-түлүктөр менен камсыз кылганда гана ишке ашары белгилүү.

Өкмөткө бекинип албай, бизнес менен диалог жүргүзүп, аларды колдоо чараларын талкуулоого чакырат элем. Бизнес деле пандемия Өкмөттүн күнөөсү эмес экенин, бюджет түз финансылык жардам көрсөтө албастыгын түшүнүп жатат. Бирок учурда Өкмөт бизнес менен байланышта болуу жагынан аксап келет. Бизнес карантин аяктагандан кийин оюндун эрежелери кандай болорун, алар колдоо алышабы же жокпу түшүнбөй турган маалы. Экономика эмне болот, чек ара жана экспорт жагы кандай абалга туш болот? Өкмөт бул суроолорго жооп бериши керек. Ошондо гана бизнес Өкмөт менен биргеликте иш алпарат, андай болбосо өз алдынча чечим чыгарышат.

Жетекчиликке ишенип, чыдап жатканы үчүн элибизге ыраазычылык билдирип кетким келет. Биримдик жана оптимизм – бизге чоң жардам берет!

Эгерде сизге өлкөнү азыркы абалдан алып чыгуу сунушу түшсө кандай план иштеп чыгат элеңиз? Бул планда сөзсүз боло турчу пункттар кайсылар болмок?

— Алгач ишкерлердин ишин жандандыруу этаптарын алардын кандай иш менен алек болоруна карап белгилеп алуу зарыл. Элге зарыл болгон товарлардын жана кызматтардын тизмесин билип, кайсы иште байланыш аз болорун аныктоо керек. Бул этаптарды карантин аяктаганга чейин аныктап алуу керек. Бизнес белгилүүлүктү жактырат, себеби келишим түзүү, сатуу, насыя маселелери бар дегендей. Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү планын (этаптарын жана мөөнөттөрүн) тезинен жарыялаш керек. Эл жашоосун жана жумушун пландап алуусу керек.  Тилекке каршы биз азыр алдын алып иштебей элебиз. Жарандар жөн гана сөз жана куру убадаларды эмес, конкреттүү аракеттерди, нормативдик чечимдерди күтүп жатышат.

Экинчиси. Экономиканын аярлуу тармактарын: соода, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарына колдоо көрсөтүү зарыл. Өнүмдү кайра иштетүү, өндүрүш тармагына өзгөчө басым жасоо керек. Чакан жана орто бизнестеги бул категорияларына 2020-жылдын акырына чейин салыктык каникул берүү зарыл.

Салык каникулдары – бул бюджеттин чыгымдары эмес. Мамлекет иштебеген бизнестен ансыз деле салык чогулта албайт, бирок салыктарга каникул бербесе, анда бизнести жок кылат же калыбына келүү мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө жылдырат.

Үчүнчү. Салыктарды эсептөөнүн бирдиктүү принциби болушу керек. Салык кызматы жазалоочу органдан кызмат көрсөтүүчү кызматка айлануусу керек. Албетте, бизнес эч качан салык төлөгүсү келбейт, бирок салыктар кандай салынып жатканын, эсепти кандай жүргүзүү керектигин билген кезде маселени көмүскөдө эмес, салык төлөп чечүү алда канча жеңил экенин түшүнөт.

Төртүнчү. Социалдык фонддун тарифтерин эсептөө маселесин түп орду менен өзгөртүү керек. Биринчи этапта кайрадан түзүлгөн жумуш ордуна салык төлөөнү жоюу керек. Биз бюджеттен маяна төлөй албаган соң бизнес жарандарга жумуш берүүсүнө кызыкдар болушубуз керек.

Бешинчи. Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга насыяларга 3 айга каникул берүү боюнча иш жүргүзүлдү. Бирок биз 2020-жылдын ичинде компаниялар кризиске чейинки деңгээлге чыга албай туранын түшүнүшүбүз керек, демек ишкерлер насыяларды төлөй албай калышат. Бул багытта өлкө коммерциялык банктарга кепилдик берип, өзгөчө өндүрүш жана кайра иштетүү тармагына алынган насыяларды реструктуризациялоого жетишүүсү керек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун, Улуттук банктын резервдерин, сырттан келген жардамдарбы ж.б. кошуп бардык булактарды иштетүүсү керек.

Алтынчы. Насыяларды реструктуризациялоо менен катар эле экономиканы каржылоо боюнча жеңилдиктерди берүү булактарын сунушташы керек. Ресурстар улуттук банктын эсеп ставкасынан жогору болбошу керек.

Жетинчи. Кризис маалында мамлекеттик органдар тарабынан бюрократияларга жол бербөө зарыл. 2020-жылдын аягына чейин бизнес ачуу үчүн жана жер мыйзамына байланышпаган ишкерлик жүргүзүүгө уруксат кагаздарын, лицензияларды, каттоолорду жана башка макулдашуучу кагаздардын санын азайтуу керек. Бул бизнеске каражаттарды үнөмдөөгө, мамлекеттик аткаминерлердин чөнтөгүнө кетип жаткан коррупциялык акчаларга бөгөт коет.

Сегизинчи. Жалпылап айтканда, ишкерликти колдоо саясатын туура жүргүзүү зарыл, ал экономиканын маанилүү секторлорунун комплекстүү өнүгүүсүн, лицензия берүү маселелерин, салыктарды, менчикке болгон укуктарды, бизнес өкүлдөрүнө карата сот практикасын камтышы керек. Ошондо гана ата мекендик ишкерлик корголуп, атаандаштыкка туруштук бере алат.

Бул жыл экономикалык жактан оор болору түшүнүктүү болду. Мамлекетти кайдан каражат табуу керек деген суроо ойлондурууда. Сиз кайсы булактарды көрүп жатасыз?

— Өкмөт апрелдин башында бюджетке 28ден 32 миллиард сомго чейин каражат түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан. Бул сан дагы көбөйүшү ыктымал. Бизнеске салыктарды жеңилдетүү аркылуу колдоо көрсөтүлсө, анда сырттан жардам албай коюуга болбойт.

Өкмөттүн алдында турган алгачкы иш антикризистик бюджетти түзүү. 2020-жылга карата экинчи орунда турган чыгымдардын баарын кыскартып, ички каражаттардын эсебинен социалдык милдеттемелердин баарын жабуу керек. Ал эми сырттан келген жардамды экономикалык активдүүлүктү колдоого жумшоо кажет, ошондо эффективдүүлүк жогору болот. Сырткы булактарды издөө иштери башталды. Кыргызстан ар кандай эл аралык жана чет жактагы каржылык уюмдарга кайрылды. Эл аралык валюта фонду 120 миллион доллар өлчөмүндөгү биринчи траншты бөлдү. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы ж.б. ири каржы институттары жардам көрсөтө башташты.

Учурдагы каржылык тартыштыктын жакшы натыйжалары болот дегенге негиз бар. Мисалы, 26-мартта “Чоң жыйырма” өлкөлөрү (G20) видеоконференция аркылуу саммит өткөрүштү. Анда тараптар коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн дүйнөлүк экономикага 5 триллион доллар салуу тууралуу сүйлөшүштү.

Аны менен катар эле G20 аярлуу өлкөлөргө 200 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү тууралуу сүйлөшүштү. Ал үчүн Дүйнөлүк банкты жана башка эл аралык каржы институттарын долбоор иштеп чыгууга чакырышты.

Кыргызстан жардам берилүүчү өлкөлөрдү катарына кирүүсү керек. Кеп каражат берүүдө гана эмес, мурда алынган насыяларды кечүү тууралуу да болууда.

“Чоң жыйырма” 15-апрелде COVID-19 пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасири уланбашы үчүн бардык чараларды көрүшөрү тууралуу билдирүү жасашты. Коронавирус шартында экономиканы колдоо планы жактырылды.

Биздин өлкө абалдан пайдаланып донорлорго жана ири эл аралык каржы уюмдарына карыздарды кечүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу тууралуу кайрылса эмнеге болбосун? 2020-жылы эле Кыргыз Республикасы мамлекеттик карыздарды төлөөгө 28,8 миллиард сом жумшамак, бул болсо бюджеттин чыгымдарынын 16,8 пайызын түзөт жана жыл сайын бул сумма көбөйүп турат.

Украина 2020-жылдын март айынын аягында эл аралык өнөктөштөрү менен коронавирус пандемиясына байланыштуу сырткы карыздарды реструктуризациялоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган. Беларусь республикасы дагы ушул механизмдерди карап жатат. Кыргызстан мындай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу билдире элек.

Азыркы шартта көптөгөн өнөктөштөрүбүз реструктуризация жүргүзүүгө макул болушу ыктымал. Сүйлөшүүлөрдү Кытайдан баштоо зарыл, себеби өлкөнүн сырткы карызынын 46,4 пайызы же 1,8 миллиард доллары Кытайга тиешелүү. Көп тармактуу каржы институттарына 40 пайызы же 1,5 миллиард доллар туура келет. Бул жерде сүйлөшүүлөрдү Дүйнөлүк банктан ($650 миллион) жана Азия өнүктүрүү банкынан ($557 миллион) баштоо керек.

2020-жылы Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүү жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн 160 миллиард доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүк каржылык жардам көрсөтөт.

— Маек үчүн рахмат!

Интервью “elgezit.kg” интернет сайтынан алынып, Аалы Азимович Карашевдин уруксаты менен басылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2