2023-09-28
Коом
Бишкекте эртең жалпы шаардык ишембилик өтөт

Эртең, 16-сентябрда Бишкекте күзгү жалпы шаардык ишембилик өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликте ирригациялык тармактар, сейил бактар жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле көчө, короо, аянттар тазаланмакчы.
Баткенде бажычыларга кызматтык үй курулду

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен бажысынын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өтүп, 65 миң сомго айып салынды

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда оюн-зоок жайлары текшерилип, "КРдин жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.
Жалал-Абад облустук милициясы 8 айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2023-жылдын 8 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Дүйнөлүк тазалык күнүн утурлай Ысык-Көлдүн жээги тазаланып жатат

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн утурлай Айжан Чыныбаева жетектеген "Eco Demi" коомдук фонду Ысык-Көлдүн жээктерин тазалап баштады. 10-сентябрь күнү болгон ишембиликке Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов да катышты. Жалпы 200гө жакын киши 3 тоннадан ашык таштанды чогулткан. Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү 16-сентябрь күнү өтөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак району менен коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаары менен чектешкен "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Аталган бекет 2009-жылдан бери жабык турга. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын иши токтойт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Чечим КР мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.
Жумгалдагы сел. Үйлөрүн камсыздандыргандарга 1,1 млн сом берилди

Жумгал районунда үйлөрүн камсыздандыруудан өткөргөндөргө 1,1 млн сом берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себеби айтылды

КРдин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков "Кабар" агенттигине балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү.
Патрулдук милицияга кызматкерлер кабыл алынат. Айлыгы 40 миң сомдон жогору

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына сынактык негизде кызматкерлерди кабыл алууну улантууда. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айлык акысы 40 миңден жогору.
30-августтан тарта милиция күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй баштайт

30-августтан тарта ички иштер органдарынын бөлүмдөрү жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ошто облустук милициянын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды

Ош ОИИБинин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктап калды. Аны башкармалыктын өздүк курамы ашар жолу менен тургузууда.
Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ошто милиция кызматкерлеринин апалары сыйланды

Ош облустук ички иштер башкармалыгында милиция кызматкерлеринин апалары "Мээримдүү айым" медалы менен сыйланышты. Маалыматты аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Баткенде жарым жылда 600дөн ашуун ишкерге жеңилдетилген насыя берилди

2023-жылдын 6 айында Баткен облусунда 600дөн ашуун ишкер жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жер мунапысы. Ноокатта 103 жаранга кызыл китеп тапшырылды

Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 103 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.