AUCA the best 2

2024-04-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

"Жарандык платформа" ишкер айымдарды колдойт

2024-жылдын жаз мезгилинин биринчи күнү “Шератон” мейманканасында “Биздин айымдар” коомдук кыймылы тарабынан уюштурулган кайрымдуулук форуму өттү. Форумга "Жарандык платформа" коомдук фонду өнөктөш болуп, ишкер айымдарга колдоо көрсөттү. Ошондой эле иш-чараны уюштурууда USAID жана “Ага Хан” фонду биргеликте каржылаган “Жергиликтүү билим берүү” долбоорунун алкагында Accelerate Prosperity да көмөктөшкөн. 

 

Иш-чаранын негизги максаты - аялдарды бир аянтчага бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана ар кандай кырдаалда аялдарга колдоо жана жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү болгон. 

Кайрымдуулук жолугушуу "Биздин айымдар" коомдук кыймылынын президенти, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, Норвегия падышачылыгынын ардактуу консулу, КР Соода-өнөр жай палатасынын аялдар комитетинин жетекчиси, "Эко Деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаеванын сөзү менен башталды. 

"Ар бир аял - бул сүйүү, коломто жана улуттун келечеги. Ар бириңиздерди биздин кыймылга кошулууга чакырып кетет элем. Биз, ар бирибиз, өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, чөйрөбүздү өзгөртүү менен өлкөбүздү өзгөртө алабыз", - деди Чыныбаева. 

Иш-чаранын ардактуу коногу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү аялдардын орду жөнүндө сүйлөдү. Ал айымдардын социалдык секторго, медицинага жана билим берүүгө кошуп жаткан салымын баса белгиледи. 

Спикер катары КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, «Приоритет» билим берүү комплексинин негиздөөчүсү жана башкы директору, ошондой эле «Клевер Приоритет» бала бакчаларынын тең негиздөөчүсү Юлия Жаналиева, «Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши» бирикмесинин президенти Нурзат Жээнбек, «Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева, биринчи кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов, уролог, медицина илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы сексуалдык медицина коомунун президенти Нурбек Монолов, Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору,  Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптар кеңешинин мүчөсү, Аялдардын ишкердигине көмөк көрсөтүү коалициясынын мүчөсү Назгүл Турдубекова, “Habibi” брендинин негиздөөчүсү, тигүү өндүрүшүнүн насаатчысы, “ZUMBA” инструктору Мээрим Мамбетисаева, инвестициялык банкир, “Enactus Кыргызстан” эл аралык жаштар ишкердик программасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана бизнес-тренер Арсланбек Кененбаев, ишкер жана блогер Наргиза Жакыпова жана башкалар сүйлөштү.

Өз ишинде өзгөчөлөнгөн айымдар «Биздин айымдар» коомдук кыймылынын ардак грамотасына татыктуу болушту.

“Мыкты дарыгер” номинациясына: Нургүл Молдалиева, Назгүл Мамбетова, Татьяна Ни, Эльвира Акунбаева, Нурай Асанова, Эльнура Исмаилова, Нургүл Имангазиева татыктуу болушту. Алар Эдил Байсаловдун колунан сыйлык алышты. 

«Мыкты ыктыярчы» номинациясында: Елена Конева, Алена Конорева, Зумрият Резаханова, Надежда Хохлова, Айдана Оторбаева, Зульфира Хайбуллина, Зухра Мафу-чин, Зинаида Алыкулова, Бермет Барыктабасова, Ольга Труханова, Венера Мамбетмусаева, Марина Мавлянова, Бермет Каниметова, Уулкан Байгубатова сыйланышты.

Аида Абирова, Фатима Бейшеева, Кеңешбек кызы Мээрим, Дамира Султанбаева, Бактыгүл Дадакеева жана Каныкей Ыдырысова мыкты мугалим аталышты. Аларга ардак грамоталарды КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева тапшырды.

«Өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттик түзүлүштү коргогондугу үчүн» номинациясында Күмүсай Маниева, Алтын Токомбаева жана Ирина Яшина дипломдор менен сыйланышты. Алар Эдуард Кубатов колунан сыйлык алды. 

Ал эми спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Динара Орозбаева жана Жибек Молдоева  сыйланды.

«Жашылдандыруу үчүн» номинациясында Арсланбек Кененбаев Роза Бектуровага, Жаңыл Өзбековага, Асел Ормотоевага жана Гүлнара Ибраевага сыйлыктарды тапшырды.

Юрист, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Аялдарды зордук-зомбулуктан коргоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн» номинациясында укук коргоочуларга ардак грамоталарды тапшырды. Бул номинацияда Индира Саутова, Назгүл Турдубекова, Бүбүсара Рыскулова, Феруза Карабашева кризистик кырдаалда аялдарды жана балдарды коргоо боюнча дипломдорго ээ болушту.

Чогулган бардык каражат Кыргызстандагы кризистик борборлордогу балалуу энелерди колдоого жөнөтүлдү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2