AUCA the best 2

2025-11-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында “Борбор Азия: жалпы руханий жана агартуу мурасы - жалпы келечек” аттуу эл аралык конгресси башталды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун окумуштуулар, искусство таануучулар, адабиятчылар жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Алгач Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышуучуларды куттуктады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Борбор Азия жана Азербайжан элдерин көп кылымдык достук жана бир туугандык байланышы, жалпы тарыхы жана маданий негиздери, бай руханий жана илимий мурасы бириктирерин баса белгиледи. Бул мурас дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө зор салым кошконун айтты.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, конгрессти өткөрүү үчүн Ислам цивилизациясы борборунун тандалышы туш келди эмес. Бул өзгөчө интеллектуалдык-руханий комплекс аймактын үч миң жылдык даңктуу тарыхын, Биринчи жана Экинчи Ренессанс доорлорун, ошондой эле Жаңы Өзбекстандын азыркы өнүгүүсүн чагылдырат.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында карама-каршылыктар күчөп жаткан учурда тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана цивилизациялар аралык диалогду чыңдоо эң маанилүү милдет болуп саналат.

Конгрессте Кыргызстан тараптан Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп, кыргыз адабияты жана маданиятындагы Ташкент шаарынын ордун белгилеп, кийинки жолугушуу Ысык-Көлдүн жээгинде улантыларын белгиледи.

Эл аралык конгресс 15-ноябрга чейин уланат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2