AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

"Талант" программасы жөнүндө Камиля Кадырова менен маек

Камиля Кадырова "Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адам потенциалын өнүктүрүү" же "ТАЛАНТ" магистратурасында окуудан алган таасирлери тууралуу айтып берди.

 

– “ТАЛАНТ” программасы өтө оор мезгилде, пандемия учурунда башталып, кандай өтөөрү белгисиз болчу. Анүстүнө бул таптакыр жаңы программа эле. Буга карабай сиз дал ушул программа менен окууну тандадыңыз. Себеби эмнеде?

– Туура айтасыз. Айрыкча, пандемия учурунда мындай программаны тандоо өтө кооптуу. Мен көптөн бери менеджерлик кызматта иштеп жүргөндүктөн, бизде чындап эле онлайн жумушка алуу жөндөмү жетишсиз экенин түшүндүм. "ТАЛАНТ" программасында адистерди онлайн кызмат алуу боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөндүк. Бул жаңы реалдуулук шарттарынын бири. Бул жагынан алып караганда, менин оюмча, биздин программа өз убагында башталган. Анын алкагында биз көптөгөн жаңы нерселерди биле алдык: онлайн жумушка алуу жана бошотуу, компаниялардын өнүгүүсү, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ишмердүүлүк багыттары. Биз көптөгөн жумуштарды онлайн жасай алабыз. Мунун баарын жаңы форматта изилдөөгө биздин программа мүмкүнчүлүк берди.

– Сиз мугалимсиз, мугалимдик тажрыйбаңыз бар. Лекцияларда айтылган кайсы ыкманы өз жумушуңузда колдоном деп жатасыз? Кайсы багыттарда көз караштар өзгөрдү? 

– Онлайн окутуудагы бардык ыкмалар жаңы. Көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды жазуу усулдары, алар топтук курамда кандай аткарылары тууралуу иштер абдан жакты. Мен дал ушул ыкмаларды өз сабактарымды колдонууну чечтим.

Андан сырткары, конок катары келген лекторлордун лекцияларын баса белгилегим келет. HR, таланттарды башкаруу тармактарында иштеген адистер, жумушка орноштуруу органдарынын кызматкерлери катышты. Аларга өзүбүздү кызыктырган суроолорду берип, жооп ала алдык. Мындай лекциялар студенттер үчүн абдан маанилүү.

Демек, онлайн окутуу көптөгөн тоскоолдуктарды жеңип өтүп, студенттердин үйдөн чыкпай эле башка өлкөлөрдүн сабак жана лекцияларына катышууга мүмкүнчүлүк береби?  

– Ооба, бизде дал ушундай тажрыйба болду. Магдебург университетинин студенттери менен топтук жумуштарды аткардык. Мындай тажрыйбаны “Талант” программасынын алкагында гана үйрөнүүгө болот.

–  Окуунун биринчи жылы аяктап, сиз Дубайга стажировкага бардыңыз. Таасирлер кандай болду?

– Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү, билимдин жылы болду десем болот. Алган билимибиз менен Дубайда өткөн семинарда бөлүштүк. Индиядан келген тренерибиз бизге Индиядагы, Дубайдагы иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди жана биз Кыргызстан, өлкөбүздөгү эмгек шарттары, эмгек кодекси, ролдорду бөлүштүрүү, таланттарды өнүктүрүү тууралуу билимибиз жөнүндө билдирдик. Бул абдан маанилүү. Менин оюмча, бакалавриат студенттери үчүн ушундай саякаттарды көбүрөөк уюштуруу керек.

Пайдалуу билимге ээ болгонубузду иш жүзүндө колдонгондон кийин гана түшүндүк. Бул программаны окугандан кийин Европага стажировкага баргым келди, бул такыр башка тажрыйба болот деп ойлойм. Аталган программа Бельгия менен өнөктөштүктө иштегендиктен, мындай мүмкүнчүлүк бар.

– Азыр магистратурага тапшырууну пландап жаткандарга “ТАЛАНТ” программасын сунуштайсызбы? Бакалаврдан кийин окууну улантуу зарылбы?

– Эгер окууга тырмактай мүмкүнчүлүк болсо, окуу керекпи же жокпу деген суроого баш катырбаш керек деп айтам. “Талант” программасында ар тармактын адистерине суроо берип, жооп алууга мүмкүнчүлүк бар. Тайпада ар кайсы тармакта иштеген, тажрыйбалуу студенттер бар. Алар бири-бири менен тажрыйбасы менен дайыма бөлүшүп турат.

Ойлонууга кажет жок, “Талант” программасына кирүү керек. Бул жерде мыкты мугалимдер билим берет, андан сырткары чет өлкөдө стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү да бар. Негизи, БААУнун билим берүү системасында тандоо абдан кенен. Сиз каалаган предметти терең изилдей аласыз. Түрдүү предметтерди бирдей окуу менен сиз өзүңүзгө жаккан тармакты тандап кете аласыз – эмгек мыйзамдары, кызматкерлерди жумушка алуу же жеке агенттикти ачуу багытына ыктасаңыз болот. Түрдүү дисциплиналар аралык предметтерди изилдөө - алган билимибизди ар кандай чөйрөлөрдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2