AUCA the best 2

2024-09-08

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Парижде XXXIII жайкы Олимп оюндары башталды. Олимпиадада 206 мамлекеттен барган 10 миң 500 атлет, анын ичинен Кыргызстандын өкүлдөрү күч сынашат. Олимп оюндарында кыргыз спортчулары спорттун беш түрүнөн жолдомо алып, күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокстан таймашат. Бокс боюнча Олимпиадага Мунарбек Сейитбек уулу жолдомо утуп алган. Бокс спортундагы ийгиликтер жана азыркы абалы тууралуу Бишкек шаарынын Бокс федерациясынын президенти Абай Бекбоев менен маектештик.

 

- Абай Зарлыкович, арыбаңыз. Бишкек шаарынын Бокс федерациясынын тарыхы жана урунттуу учурлары жөнүндө айтып берсеңиз?

- Саламатчылык, алгач Кыргызстандагы бокс жаңылыктарын жана спортчулардын ийгиликтерин ыкчам жазып, кандай маалымат болбосун элге жеткирип турган сиздердин редакцияга ыраазычылык билдирем. 

Бишкек шаарынын Бокс федерациясы 2000-жылдары түптөлгөн. 2020-жылдын 31-октябрында борбордук федерациянын отчеттук тандоо жыйналышы болуп, бир добуштан Бишкек шаарынын Бокс федерациясынын президенти болуп дайындалдым. Мен бул кызматка келгенден бери алдыга коюлган пландар ишке ашып, бир топ жакшы жакка өзгөрүүлөр болду. Биринчи кезекте федерациянын ишмердүүлүгүнө айрым толуктоолор киргизилип, Юстиция министрлигинен кайрадан катталдык. Мындан улам федерациянын багыттары кеңейтилип, бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.             

- Учурда федерацияда канча спортчу машыгат? Алардын машыгуусуна кандай шарттар түзүлгөн?

- Бокс менен машыгууну каалагандардын саны жыл санап өсүп жатат. Азыр 30 жаштан өйдө курактагы адамдар арасында суроо-талап көбөйдү. Жадагалса жеке өзүм менен 55-60 жаштагы эркек кишилер машыгып жатат. Бокс - бүт денени чымыр кармап, адамдын жүрөк кан тамыр жана нерв системасын чыңдайт. Бокс - бул функционалдык гана даярдык эмес, ал ийкемдүүлүктү, координацияны калыпка салып, кишинин чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, психологиялык туруктуруулукка үйрөтөт. 

Учурда Бишкек шаарында залдар абдан көп: жеке бокс залдары да иштей баштады. Машыгуучу залдар канчалык көп болсо, ошончолук натыйжалар жакшы болот. 

Бизде бокс менен машыгуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Спартак” бокс залы көп жылдар бою машыгууга шарты жок абалда болгон, ага карабай мушкерлер ушул залда машыгып, Азия жана эл аралык биринчиликтерде алдыңкы орундарды багындырып келишкен. Мындан эки жыл мурда мамлекет башчысы Садыр Жапаров оңдоп-түзөө иштерин колго алып, залда заманбап шарттар түзүлгөн. Учурда бул залда Бишкектин жана республикалык командалар машыгууда. Ал эми жеке залдарда бардык шарттар түзүлгөн жана ал жакта машыгуу үчүн каалоочулар да көп.

- Спортчулардын ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз? Республикалык жана эл аралык мелдештерде кандай ийгилик жарата алдыңыздар?

- Бокс боюнча улуттук федерациянын курамасынын негизги курамын Бишкек шаарынын командасынын өкүлдөрү түзөт. Акыркы 3 жылда мушкерлерибиз абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Көптөгөн эл аралык чемпионаттарды жеңип, Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде алдыга озуп чыгышты. Биздин спортчулар Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү Д.Шопоков атындагы эл аралык чемпионаттын жеңүүчүлөрү аталды. Жаштар арасында өтүүчү ар кандай эл аралык чемпионаттарда мыкты көрсөткүчкө жетише алдык. Жалпысынан 3 жылдын ичинде Бишкек шаарынын боксу жогорку деңгээлге көтөрүлдү деп айта алам.

- Машыктыруучулар жөнүндө айтып берсеңиз?

- Спортчулардын ийгиликтери машыктыруучунун кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Ошондуктан биздин машыктыруучулардын жогорку кесипкөйлүгүн баса белгилегим келет. Мен келгенде Бишкек шаарынын улук машыктыруучусу менен Бишкек шаарынын өспүрүмдөр жана жаштар курама командаларынын машыктыруучусу алмашкан. Натыйжада Бишкек шаарынын командасы республиканын чемпиондору арасында алдыңкы орунду ээлеп, өлкөнүн мыкты командасы болуп бир эмес, бир нече жолу таанылдык.

- Сиз келгенден бери федерацияда кандай өзгөрүүлөр болду?

- Мен келгенден бери иш жүзүндө көп нерсени өзгөртө алдык. Биринчиден Бокс федерациясы менен түрдүү багытта иш алып барган уюмдар ортосунда меморандумдар түзүлдү; Бишкек шаарында турнирлердин саны көбөйдү; башка өлкөлөргө барып, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдүк; бокстун өнүгүшүнө кызыкдар болгон машыктыруучулар жумушка тартылып, биздин спортчулар эл аралык, Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде ийгиликтерди жарата алышты. Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн жаштары арасында достук беттешүүлөрү көп өтүп баштады. Бул биздин мушкерлерге тажрыйба жана дем берет деп ишенем.

- Борбордук Азия чөлкөмүндөгү бокс спортунун абалы жана Кыргызстан кайсы позицияда турат?

- Мен жогоруда белгилегендей, Борбор Азия чөлкөмүндө ышкыбоздор боксу абдан жакшы өнүгүп жатат, алтургай эң жогорку деңгээлде десек да жаңылбайбыз. Мисалы Казакстан менен Өзбекстан Азияда гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да алдыңкы орунда турат. Ал эми биз, Кыргызстан, өсүп келе жатабыз. Мисалы эгемендик алгандан бери биринчи жолу республиканын курама командасынын мушкери Мунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк медалды утуп, Парижде өтүүчү Олимп оюндарына жолдомо алды. Олимпиадада жеңишке жетүү үчүн анын бардык мүмкүнчүлүгү бар жана анын ийгилик жаратышына ишенем. Ошондой эле Бишкек курама командасынын өкүлдөрү: Риодогу Олимп оюндарынын катышуучусу, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Азиянын бир нече жолку чемпиону Эркин Адылбек уулу, ЖОЖдор арасында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Бекжигит уулу Өмүрбек, Азиянын медалынын ээси Бакыт Токтосун уулу, ошондой эле Азиянын медалын уткан эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Анвар Хожиев, Small World эл аралык турниринин жеңүүчүсү, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана дүйнө биринчилигинин катышуучусу Аскат Култаевдер сыяктуу келечектүү боксчулар көп. Андан сырткары жаштар арасында өткөн “Азия балдары” кубогунун жана көптөгөн турнирлердин жеңүүчүсү Ахмади Арвазаны баса белгилегим келет. Бул спортчулар көптү үмүттөндүрөт.

- Кыргыз боксунун башкалардан артыкчылыгы жана кемчилиги?

- Артыкчылыгына жогору жакта токтолуп өттүм. Ал эми кемчилиги каражатка барып такалат. Спортчуларга каражат көбүрөөк бөлүнсө, ийгиликтер да көп болот. Анткени окуу-машыгуу жыйындары көбүрөөк өтүп, эл аралык мелдештерге катышууда көйгөй азыраак болот. Бул спортчулардын даярдыгын жакшыртып, бокстун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

- Бокс менен машыксам деген өспүрүмдөргө кеңешиңиз?

- Максат кой, жана ага жет. Багынба. Ийгиликти багындыруу жана бийиктерге чыгуу оңой болбойт. Машыккыла, машыгууну калтырбагыла, машыктыруучунун айтканын жасагыла. Ошондо баары ойдогудай болот. 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

БААУга тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк - соңку сынактар ачык

АУЦА и Университет Аризоны предлагает летний курс

На Иссык-Куле прошел международный бизнес-форум ОТГ

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстанда эл аралык бизнес форум уюштурат

БААУ Makerspace Learning and Design Center борборун ачты

Какими будут школы в будущем и почему важно вносить изменения

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2