AUCA the best 2

2026-01-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

12-январь кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жарыкка келген күнү

Кыргыздын багы бар экен, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында улутту кыйлага даңазалап, адабият жаатында алп ойлорун ааламга тегиз тараткан, калеминин сыйкыры астында окурмандарын арбаган Айтматовдон кийин кинематографияга Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев жана Мелис Убукеевдер келишти.

Анда эмесе, бүгүн сөзүбүз советтик кинематографияда ысымы алтын тамгалар менен жазылып, өзүнүн артынан “Манасчы” жана “Чабан” даректүү тасмалары жана “Караш ашуусунда атылган ок”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан”, “Көзгө атарлар” көркөм фильмдерин бизге энчилеп кеткен СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев тууралуу болмокчу.

Болот Шамшиев – шаарда төрөлүп, шаарда илтеллигенттердин үй-бүлөсүндө өссө да, орусча окуп, орусча ойлонсо да түпкүлүгүндө кыргыз элинин байыркы тарыхы менен кошо жашап, эл башына түшкөн оор учурлар анын зээнин кейиткенин, элибиздин асыл мурастары дегенде улуттук аң-сезими козголуп, жанын жай алдырбаганын анын бардык эмгектерин көрүп олтуруп баамдайсың. Ал жаңыдан киного кадам таштаган кездеринде эле тагырагы, “Манасчы” даректүү тасмасында эл башына түшкөн оор кайгыны эстеп катуу өкүнгөн. Дал ошол үчүн залкар манасчы Саякбай Каралаевдин басып өткөн жолун баяндоо аркылуу Үркүн темасын учкай козгоп, анан орус шовинизми күч алып турса да кийин аманчылык болсо дагы бир катар тасмаларымда 1916-жылдагы оор кырдаалды баяндай алсам экен деп максат коюп, катуу кабатыр болгон. Муну мен, өз оозунан да далай ирет угуп калдым. Алгачкы эле толук метраждуу көркөм тасмасы саналган “Караш ашуусунда атылган ок” жана андан кийинки “Ысык-Көлдүн кызгалдактарына” жакшылап баам салган адам муну байкабай койбойт. Ал, ошол элинин азаттыгы үчүн күрөш жүргүзгөн мейли Бактыгул болобу же айталы Карабалтасы болобу, ыңгайы келип калса бул теманы кеңейтип туруп, элиме ажайып бир тарыхый эмгек жаратсам деп самаган. Ошол болочокто жаралчу эмгегимде кыргыз элинин кайгысын, каадасын, арманын, каалаган ой-максатын берсем экен деп дегдеген...

Саякбай Каралаев менен бир далай жолу ээрчишип жүрүп, анын оозунан Үркүндөгү окуяларды угуп жүрөгү ооруган. Анан кийин “Караш ашуусунда атылган ок” менен алпурушуп атып, анда да тарыхый булактарга баш багып, архивдеги жашыруун сырлардын чет жакасын уккан. Кийин “Ысык-Көлдүн кызгалдактарын” тартам деп көл тарапка барган чакта өзү менен кошо ээрчип барган фильмдин редактору, сценарийди чырайына чыгара диалогдорун түзгөн жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбеков экөө Ысык-Көлдөгү аксакалдар менен баарлашып, Үркүнгө чейинки жана андан кийинки кандуу окуяларды, элге ачыкка чыкпаган маалыматтарды угуп алышып, улуттук намыстары козголуп, “биз кайда барабыз? Мындай түзүлүш менен кыргыз биротоло тукум курут болуп кетпейби?” – деп толгонушкан.

Социалисттик режим күчүндө турганда башка өзү сыяктуу эркин ойлоно билген сүрөткерлер эмне айла кыла алмакчы эле!? Ошондой болсо да, кыргыз киночуларынын арасынан Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев үчөө цензуранын күчүнөн тайманбай жымсалдап олтуруп, тасмаларында улутташтарына каймана түрдө улут кайгысын айтып жатып, улуттук аң-сезимин кадрлары аркасында козгоого бар күчүн жумшашкан. Мына бул эрдиктери үчүн ушул ысымдары аталган үч инсанга биз, ар качан таазим этүүгө милдеткербиз.

* * *

Бир далай жолу жеке өзү менен болгон кеңири маектеримде анын ички интеллектиси бийик, дүйнө адабиятынан кабардар, бир кезде ВГИКте терең билим алып эле тим болбой, көөнө тарыхыбызга болгон зор кызыгуусу жаш кезинен, тагырагы, студенттик курагында эле ойгонгону тууралуу кеп салып калчу. Дал ошон үчүн ал улуу манасчы Саякбай Каралаевди тасмага тартуу идеясы менен жашап, манасчыга атайылап жакын жанашканын, анын ички сырларын угуп, башынан өткөн далай окуяларын билип калганы да, жөндөн жөн эместир!?

Болот Шамшиев студент кезинде режиссура боюнча окуп жүрүп киноискусствонун каалгасын оболу актёрлуктан ачты. Айтматовдун “Ботогөз булак” аңгемесинин негизинде экрандаштырып жаткан Лариса Шепитьконун “Аптап” фильминде башкы каарман Кемелдин ролун жаратып, кинонун али толук сезип-туя элек ички ашканасын көрүп, камеранын тилин сезди. Ошентсе да ал, келечекте актёр катары көрүнүп калуу дымагынан качып, алган адистиги менен кетип, режиссёр катары калың журтка айткысы келген оюн камера аркылуу берүүнү көздөдү. Айтылуу Сергей Герасимовдун алдында таалим алып чыккан Шамшиев дүйнөлүк кинематография алптарынын казынасынан азыктанды. Анын издене билүүсү, далай китептерди казып окуганы, башкалардан өзгөчөнүп терең ойду көөнүнө түнөтүп туруп, анан качан бышып даяр болгондо гана аны жакшылап иштеп чыгып, кино аянтында ишке ашырган чыгаан режиссёрго айлантты.

* * *

Студенттик куракта жараткан “Манасчы” картинасында эле ал дүйнөлүк документалистикага жаңыча ыкма менен өзгөчө боёкторду кошо алды. Болот Шамшиев манасчы Саякбай Каралаевдин образын Манас айтуучу катары гана эмес, бүтүндөй бир стихия катары көрсөттү. Режиссёр камераны Саякбай Каралаевдин жүзүнө, эмоциясына, эпосту айтып жаткандагы манасчынын ички абалына терең үңүлүү менен колдорунун кыймылдарынан тарта таасын бергендиктен, көрүүчү тасмадан эпостун демин сезип-туя алат. Ал эми тартылган кадрларды топтоштуруу, орусча айтканда монтаж ишинде жапжаш туруп Болот Шамшиев – Саякбай Каралаевдин үнүн жаратылыштын көрүнүштөрү – тоолор, чагылган, шамал менен кошо бирге айкалыштыра билген. Бул жерде “Манас” эпосу – бул кыргыздын жаратылышынын дал өзү деген философиялык ойду туюндуруп жатат режиссёр.

Даректүү тасманы көрүшкөн кино сынчылар “Манасчы” даректүү тасмасына жогору бааларын берип, Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн кинофестивалда Болот Шамшиевге башкы байгени беришти. Ошентип, “Манасчы” даректүү фильми – кыргыз киносундагы дүйнөлүк аренага ташталган алгачкы ишенимдүү кадамдардан болду.

Анын “Манас” эпосуна болгон мамилеси, аны экрандаштыруудагы изденүүлөрү режиссёрдун улуттук идеологияга кошкон зор салымы!

* * *

Болот Шамшиев – кыргыздын рухий казынасын ачкан сүрөткер!

Анын залкар манасчы Саякбай Каралаевди тартуу иши менен башталган чыгармачылык сапары, кыргыздын бүтүндөй бир доорун экрандаштыруу менен жыйынтыктагандыгында. Ал, өзүнүн терең билими жана тубаса талантынын аркасында улуттук духту кыргыз кинематографиясында жараткан инсан.

Шамшиевдин картиналары – элибиздин өтмүшү менен келечек ортосуна коюлган түбөлүк көпүрө!

* * *

Кайсыл гана убакта болбосун Шамшиевге сөз арасында “Манас” эпосу тууралуу кокусунан суроо сала калсаң, чын дилинен күйүп-жанып зор ынтаа менен берилип кеп кылар эле. Ал, “Манастын” касиетине ынанчу. “Манастын” ыйык рухуна таазим этчү. Жүрөк түпкүрүндө “Манасты” бапестеп бакчу...

Кийин атпай журтка аты угулуп, алыскы өлкөлөрдө “Караш ашуусунда атылган ок”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” жана “Ак кеме” картиналары менен чоң абройго ээ болгон 1970-жылдардын соңку чендеринде “Манас” тууралуу көркөм тасма жаратуу идеясын өлкө жетекчиси Турдакун Усубалиевге айтат. Атайын кабыл алуусуна жазылып, анан алдында олтурган режиссёрго Усубалиев:

– Эгер “Манас” жөнүндө кино тартыла турган болсо, канча каражат сарпталат? – деп суроо узатат.

– Турдакун Усубалиевич, буга менимче болжол менен 750 миңден ашуун рубль сарпталат го!? Балким, бул да аздык кылар? Балким, көркөм тасмага жетип да калар!? – дейт Шамшиев.

Кыргызды кыйла элге таанытып жүргөн режиссёрдун оюн кубаттаган Турдакун Усубалиев “Манас” фильмине оңбогондой ири суммадагы акча каражатын табуу менен алектенет. Турдакун Усубалиев “Манас” фильмин жаратууга каражат издеп канчалык далбас урса да тилекке каршы, ал чоң сумма табылбай, Шамшиевдин идеясы ишке ашпаган бойдон кала берди...

* * *

“Манас” жөнүндө көркөм тасма жаратуунун кажети барбы? Андай океан сымал эпосту камерага кандай жан сыйдырып батыра алат? Деги эле “Манас” фильмин кокустан ошол советтик мезгилде биз сөз кылып жаткан Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев жана Мелис Убукеев үчөөнүн бири тартып калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканда, тасма кандай чыгар эле? Же ыйык нерсе – ыйык бойдон эле калганы дуруспу? – деген суроолорго аргасыз кез келесиң...

“Манасты” жаратуу үчүн “Манас” дүйнөсүнө коркпой батынып кирген, анын касиет-күчүн терең аңдап, кенедей да жерден ката кетирбей Улуу Рухка таазим эткен, көрөгөч десе көрөгөч, көсөм десе көсөм, акылына аалам баткан алп сүрөткер керектир!?

Менимче, ушул үч режиссёр тең “Манас” десе ичкен ашын жерге койгон инсандардан эле. Демек, алардагы “Манас” эпосуна карата чексиз сүйүү, Манастын өзүнө болгон урмат-сый, аны картинага түшүрүүгө болгон ынтызарлык сезим, анан да улуттук духту кармай билген жөндөм, каада-салт, этнография жана тарых тууралуу терең билими бар режиссёрлор – улуу баян тууралуу ажайып картина жаратууга дараметтери толук жетмек.

Эми “Манас” деп жашап, “Манас” деп дем алышкан, элибиздин өткөн тарыхын дилдеринде жадыбалдай жатка билишкен Төлөмүш Океев да, Мелис Убукеев да, Болот Шамшиев да арабызда жок...

* * *

Болот Шамшиев – кыргыз дүйнөсүн экран аркылуу ааламга таанытып, улуттук намыстын жана профессионалдык чеберчиликтин символуна айланган режиссёр. Ал, кокусунан эле режиссёр болуп калган жок. Шамшиев – кыргыз интеллигенциясынын очогунда өнүп-өсүп, элдик оозеки чыгармачылыкка бала күнүндө анчейин баам сала бербесе да, улут аң-сезими боюна кыттай уюган тубаса талант. “Манас” ааламын кийин качан жетилген курагынан тарта бапестеп баккан сүрөткер. Ал, кесиптеши Төлөмүш Океевдей болуп жайлоодо төрөлүп, элет жеринде ат чаптырып өспөсө да улуттук философияны түпкүрүнөн сезип – баамдаган бай фантазиясы бар ойчул.

* * *

Шамшиевдин тасмалары жөн гана кино эмес, алар – кыргыздын жаны, тарыхы жана келечекке калтырган аманаты. Болот Шамшиевдин чыгармачылыгы – улуттук адабият менен кинонун эң жогорку деңгээлдеги ширелишинен жаралган. Анын Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тарткан “Ак кемеси” дүйнөлүк кино искусстводогу шедевр.

Режиссёр “Ак кеменин” образы аркылуу тунук балалыкты, адамдык кайгы-капа менен кошо өчпөгөн үмүттү кылдаттык менен чебер көрсөтө алды. “Ак кемедеги” ар бир кадр – ар бир көрүнүш, табият койну, ар бир окуя жана ар бир актёр, бардыгы өз – өз ордунда, эч бир жерден кынтык таба албайсың. Бала да, Момун чал да, тажаал кемпир да, Орозкул да, Бекей да, Сейдакмат да, Гүлжамал да, Кулубек да – кыскасы, актёрдук курам бирдей күүгө келип, актёрдук ансамбль укмуштуудай түзүлгөн. Бул, режиссёрдун табылгасы, фантазиясы, талапты катуу коюп – актёрлорду иретке келтире алган артыкчылыгы. Окуяларды ырааты менен баяндай билип, диалогдорду маңыздуу иштей алган режиссёр бардыгынан мурда повесттин өзөгүнөн алыстап кетпей, сценарийин жазуучу Айтматов экөө айлап олтуруп иштеп чыгышканы да чоң утуш болгон. Болот Шамшиев – Айтматовдун дүйнөсүнөн жаралган чыгарманы эми экранда андан кем эмес берүүм кажет деп, чоң жоопкерчиликти моюнга алган.

* * *

Болот Шамшиев режиссёр катары киного чоң даярдык менен, терең билим менен кирген. Ал тарых менен кошо этнографияны, адабиятты мыкты билгендиктен, анын ар бир тасмасы – “Караш ашуусунда атылган октон” баштап “Ак кемеге” чейин илимий тактык жана көркөмдүктүн биримдигинен түзүлгөн. Анын билиминин тереңдиги ага Чыңгыз Айтматовдун татаал метафораларын экранга өтө жөнөкөй, бирок визуалдык жактан кубаттуу тил менен берүүгө мүмкүнчүлүк берди.

* * *

Шамшиев – тарыхка жан киргизген сүрөткер!

“Караш ашуусунда атылган ок” менен Болот Шамшиев кыргыз кинематографиясындагы психологизмдин жаңы барагын ачты. Ал эми 1920-жылдардын этек ченинде көл кылаасындагы чек арачылардын контрабанда менен шугулданган топ менен болгон күрөшүн “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” аркылуу чагылдырып, кыргыздын ички дүйнөсүн, өзүн курчаган айлана-чөйрөгө карата жасаган аяр мамилесин, алардын эркиндикке болгон умтулуусун айкын көрсөтө алды. Режиссёрдун ар бир картинасынан биз кыргыздын духун сезип, ат жалында өткөн тагдырын таасын сезебиз. Кең пейил мүнөзүн даана көрөбүз. Шамшиев – тарыхый фактыларды жөн эле тизмектей бербестен, алардын ичиндеги адам тагдырын алдыңкы планга чыгарат. Мына ушунусу менен Шамшиев башка режиссёрлордон өзгөчөлөнүп турат. Улуттук колоритти кадрда кармай билип, дүйнөлүк масштабга чыгарган Шамшиевдин дагы бир айырмачылыгы – анын деталдарга болгон кылдат мамилесинде. Ал кыргыздын боз үйүн, улуттук кийимдер менен каада-наркын, алтургай, ар бир каарманынын ат жабдыктарына дейре өтө аяр карап иштеп чыккан баамчыл инсан. Режиссёр улуттук кийим же болбосо кыргыздын каадасын экранда жөн эле кооздук үчүн колдонбостон, өзүнчө мааниге ээ символ катарында пайдаланат.

* * *

Болот Шамшиевге мүлдө кыргыз, жалпы кинематография тармагы – сүрөтчүдөн улуу актёр жасаган зор табылгасы үчүн таазим этишке туура келет. Кесиби сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду болгондо да өзүнүн эң алгачкы көркөм тасмасы “Караш ашуусунда атылган октогу” башкы ролу Бактыгулга тандап алган эрдигине эл ыраазы. Бул фильмдеги башкы каарманга көркөм кеңеш канчалык каршы чыкса да көгөрүп атып Сүймөнкул Чокморовго ыйгарган. Жыйынтыгында, “Караш ашуусунда атылган ок” көркөм фильминдеги Бактыгул менен даңкы далайга кеткен сүрөтчү эми мындан аркы тагдырын кинематографияга байлады. Далай режиссёрлор Шамшиевдин бул табылгасына ак дилден ыраазы болушуп, өзүлөрүнүн фильмдерине чакырышты. Сүрөтчүдөн актёр жасаган Шамшиевдин көздөрү демек, көп киши байкай бербегенди баамдай алган күчтүү психолог, адам дүйнөсүн ача билген сүрөткер, учугу узарган суроолорду көрүүчүлөргө коё билип, терең ойго түрткөн ойчул жана адам дүйнөсүн жаркытып башка бир кооз ааламга жетелеген сыйкыры күч сапатка эгедер орошон инсан.

Болот Шамшиев жеке эле Сүймөнкул Чокморовду кино аянтына жетелеп келип, кыргыз маданиятына салым кошкон инсан гана эмес, ал ага чейин бир канча фильмдерде ролдорду жаратышканы менен анчейин назарга илинбей, же кинодо жарк этип жана албай келишкен бир катар актёрлордун жылдызын жаркыткан режиссёр. Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Айтурган Темирова, Орозбек Кутманалиев, Мукан Рыскулбеков, Нургазы Сыдыгалиев, Бекин Сейдакматов, Талгат Нигматулин, Мурат Мамбетов өңдүү актёрлор – Болот Шамшиевдин көркөм тасмаларында ролдорду жаратышып, ысымдары узун элдин учуна угулуп, жалпы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болушту.

* * *

Кыргыз сыймыгы Болот Шамшиев көркөм мурастары аркылуу бизге адилеттүүлүк, теңдик деп жар чакырып, улут сезимин “Манастап” ураан чакырып козгогон жана мекенди кастарлоодо элдик идеялдар эч качан эскирбей турганын чарчабай айтып, талбай коңгуроо каккан инсан. Анын Бактыгулу аркылуу адамзат кулдук сезимден кутулуу үчүн бийик эркке ынтаа коюп, эркиндик деп демилге көтөрүп чыкса, Карабалтасы аркылуу калыстык орнотууга умтулат.

* * *

Болот Шамшиевдин дилинен сызылып чыгып далай машакаттар, далай чыңалуулар менен экранга чыккан мындан элүү жыл илгерки “Ак кемеси” эч эскирбей, аалам океанында эркин сүзгөн ой кемесине айлана бермекчи.

Бардык макалалар: Данияр Исанов

Булак: kabar.kg

Интервью

 

Жаңылыктар

12-январь кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жарыкка келген күнү

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2