AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аалы Карашев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты: «КЕП БАШКАРУУНУН ФОРМАСЫНДА ЭМЕС, АНЫН КАНДАЙ ИШТЕГЕНИНДЕ»

Саясий карьерасында бардык баскычтарды басып өтүп, аткаруу бийлигинде көптөгөн ийгиликтерди жаратып, эми мыйзам чыгаруу бийлигинде бир топ коомго пайдалуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев «KEREEZ» басылмасына кенен интервью берди.

1361432.1.1485928164.jpg

КАРАШЕВ ААЛЫ АЗИМОВИЧ

Туулган күнү:

30-октябрь, 1968-жыл

Билими:

1986 – 1991 - жылдары  Кыргыз айыл чарба институтунун, зооинженердик факультетинде окуган. Квалификациясы - зооинженер. Айыл чарба илимдеринин кандидаты.

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдери.

Эмгек жолу:

1992 – 1996-жылдары – Кыргыз айыл чарба институтунда аспирант, ассистент;

1996 – 1998-жылдары – КРнын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси;

1998 – 2007-жылдары – КРнын Президенттик администрациясында түрдүү кызматтарда иштеген;

2007 – 2009-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрациясын башчысы;

2009 –2010-жылдары – Вице-премьер-министр, өкмөттүн аппарат жетекчиси;

2011 – 2012-жылдары – КРнын биринчи вице-премьер-министри;

2012 – жылы - КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу;

2012 – 2015-жылдары – КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2015 – 2016-жылдары КРнын биринчи вице-премьер-министри;

2016 – 2017-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;

2017-жылдан бери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

- 20 жылдан ашык убакыттан бери саясатта жүрөсүз. Бул аралыкта чоң иштер жасалды жана жыйынтыктары да жаман эмес. Саясатка аралашкандан бери ишке ашырган 10 ишиңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- Аткарылган жумуштун рейтингин түзүү абдан татаал. Саясатка келе элек учурда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганбыз. Жыйынтыктуу иштер тууралуу айта турган болсом, эң эле биринчи жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын заманбапташтырылышына токтолот элем.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алгачкы документтерин иштеп чыгып, окуу семинарларды уюштуруп, жергиликтүү бийлик органдарынын иш алып барышы үчүн уюштуруу-укуктук платформаны түздүк. Мунун баары өлкөдө биринчи жолу жасалып, ата мекендик аналогу таптакыр жок болчу. Башкаруу системасынан баштап, муниципалдык менчик сыяктуу багыттарда абдан көп маселе жаралды. Жергиликтүү курултай өткөрүү тартиптери жана жергиликтүү коомчулуктун типтик уставдарын иштеп чыгууга катыштым. Жумуш чачтан көп болуп, баарын “нөлдөн” баштоого туура келген. Бардык өзгөрүүлөрдү мыйзам менен бекемдөө зарылчылыгы да бар  болчу. Анткени, ал кезде өлкөдө эгемендүүлүк алып жаткан учурда кабыл алынган мыйзамдар иштеп турган. 1990-жылдын аяк ченинде эски мыйзамдар күчүн жоготуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши мамлекет башчысынын жарлыктары менен гана жүрүп жаткан. 1995-жылы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясы мэрия болуп түптөлдү. 1996-жылы мамлекет башчынын жарлыгы менен айыл өкмөтү, 1998-жылы шаардык башкармалыктар, 2000-жылы мэрия түзүлдү. Кийинчерээк шаардык башкармалыктар да мэрия болуп калыптанды. Мыйзамда болсо айыл өкмөтү жана мэрия жөнүндө жазылган эмес. Буга байланыштуу 2000-жылы идеологиялык жактан таптакыр башкача мазмундагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2001-жылы кабыл алынды. Тилектеш команда менен биргеликте иштеп чыккан мыйзамдын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары татыктуу орун таап, иштеп башташты.

Экинчиден, бул багытта алып барган дагы бир ишибиз – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү окуу китептери болду. 2001-жылы мындай окуу китептер жазыла элек кез. Жогорку окуу жайлардын студенттери бул жөнүндө Орусиянын китептерин окуп турган.

1999-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча алгачкы окуу китебин жазып чыктым. 2002-жылы андан башка дагы үч окуу китеби басылды, анын экөөсүн Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку окуу жайларынын окуу программасына расмий түрдө киргизген. Ал эми 2003-жылы ушул эле тематикада дагы үч колдонмо жазылып, кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып чыккан. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик тилде жарык көргөн алгачкы колдонмо болуп калды. Кийинчерээк башка авторлор түрдүү колдонмо жана окуу китептерди жазышты. Бирок, кайсы тармак болбосун биринчи болуп чыйыр жол салуу дайыма татаал. Жыйынтыгында, билим берүү системасы жаңыча ой жүгүрткөн башкаруучуларды даярдоодо керектүү окуу колдонмолорго ээ болду.

Бул иштер Мамлекеттик башкаруу академиясы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу менен уланды. 2003-2004-жылдарда мындай курстар Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен алгач ирет уюштурулду. Автордук китептерден башка колдонмолор жок болгондугуна байланыштуу автордук программаларды иштеп чыгууга туура келди. Бул багыттагы жаңы окуу программалары эстей жүргөнгө татыктуу иштердин тизмесине кирип калды.

Баткен облусун түзүү иштери боюнча

Дагы бир маалыматты айта кетейин. Бул маалымат жашыруун болгону үчүн буга чейин айткан эмесмин. Ачыкка чыгаруу убактысы келди окшойт. Мен Баткен облусун түзүү иштерине катышып, эсеп жүргүзүп, жетекчилик үчүн доклад даярдап турдум. Ошол кезде Баткенди өзүнчө облус катары негиздөө чечими туура болгонун тарых өзү далилдеп турат. Толук чечилбесе да чек ара маселесин жөнгө салуу мурдагыдан кыйла жөнөкөйлөштү. Ал кезде мындай маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрү минималдуу гана болчу.

Ош облусун жетектөө

Ош облусунун губернатору болуп иштеген учурум эсте калды. Кыйынчылык мезгил. Облустагы өнөр жай тармагы кейиштүү абалга кептелип, өндүрүштүн көлөмү жылына 500 миллион сомго да жетпей калган. Болбосо, Ош - өлкөнүн эң маанилүү облустарынын бири. Завод, фабрика, комбинаттар токтоп калган. Жумушсуздук күч алган маал. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ишкерликти жандандыруу жана инвестор тартуу аракеттери көрүлө баштады.

Араван цемент заводу жана башка ири ишканалардын курулушун баса белгилеп айтышым керек. Жумуш өз нугунда уланды. Ишкерлер жана жарандар бийликтин күчүнө ишеним арта баштады. Өнөр жайды жандандырып, жаңы жумуш орундарын түзүү тапшырмасын койдук. Жыйынтык да жаман болгон жок. Эки жылдын ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү бир миллиард сомдон ашты, тагыраак айтканда эки эседен көбүрөөк.

Иш арасында күтүлбөгөн көйгөйлөр да көп болду. 2008-жылы Ош облусунун аймагында бир канча жолу ири жер титирөө катталды. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Өзгөн райондору жабыркады. Нура айылы жер менен тегиз жок болду. Дароо элге ыкчам жардам көрсөтүү аракеттерин баштадык. Анткени, алгачкы жер титирөө 1-январь күнү болгон эле. Жабыркагандарды палаткага жайгаштырып, тамак-аш жана жылуу кийим уюштурдук. Бул кырсык бүт элдин тилектештигин жаратты. Өлкөнүн чар тарабынан акчалай жардамдар, жылуу кийим жана тамак-аш жүктөлгөн унаа кербендери келе баштады. Каражат топтоо боюнча марафондор уюштурулду. Бул учурда жергиликтүү бийлик көбүрөөк түйшүк тартты. Кырдаалды жөнгө салууда ырааттуу иш алып барып, маселелер толук бойдон чечилген.

Райондордо 16 мектеп жаңыдан курулуп, ондогон мектептер оңдолуп, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары 1-сентябрь күнү кадимкидей сабакка барышты. Бөлүнүп берилген жерлерге жарандар үй салышты. Нура айылы толугу менен кайра калыбына келтирилди.

Өкмөттөгү ишмердүүлүк

Андан соң мен Өкмөткө, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Өкмөт Аппаратынын жетекчиси кызматына которулдум. Бул менин биографиямдагы өзгөчө этап. Көптөгөн новатордук идеялар менен иштедик. Кызмат көрсөтүү сферасын өнүктүрүү, реинжениринг – мамлекеттик башкаруудагы иш жараянын жакшыртуу, максаттуу көрсөткүчтөрдүн негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн баалоо системасын киргизүү багыттарында иш алып бардык. Андан сырткары, келечектеги информатизациялоонун трендин түздүк, бул азыр санариптештирүү деп ишке ашырылып жатат. Жадагалса, республикада алгачкылардан болуп Өкмөттүн Аппаратында “MS Project” деп аталган электрондук программаны колдонуп баштаган элек.

Бирок, баарын ишке ашырууга убакыт тар болду. Анткени, бул кызматта болгону жарым жыл гана иштедим. Бирок, бул идеялар бүчүр байлап, учурда бул багытта реалдуу кадамдар таштала баштады.

Атап айтсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча башталган иштер улантылды. 2009-жылы өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө көңүл буруп баштады. Реалдуу түрдө 21 миңден ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүү болсо, өкмөттүн реестринде кызмат көрсөтүүнүн 128 гана түрү бекитилген. 2009-жылдын аягында жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, кызмат көрсөтүү мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан атайын майдаланып кетиптир. Бул бир гана максатты көздөп жасалган – арыздануучулардан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча өндүрүү. Арыз берүү – кызмат көрсөтүү, кеңеш берүү – кызмат көрсөтүү, уруксат кагазын берүү – кызмат көрсөтүү болуп эсептелчү. Мында, акырында арыздануучунун маселеси чечилбей калышы да мүмкүн эле. Бул эске алынган эмес. Бир эле жерден бүтө турган ишти жөнү жок көбөйтүп салышкан. Ал эми архитектура жана курулуш тармактарында кызмат алуу үчүн 10 эшикти каккылоого туура келип калган. Ар бир кызмат көрсөтүү үчүн акы алынып турган. Кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоочу бирдиктүү стандарт жок болгондугуна байланыштуу айрым тейлөө түрлөрү мамлекеттик органдар тарабынан жөн гана ойдон чыгарылып коюлган.

Бул тармакты жөнгө салуу иштери 2009-жылы башталды. Бирок, кайсы багытта иш алып баруу керектигин башында аныктап алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Кызмат көрсөтүү системасынын бардык спектрин (тизме, стандарттар, процедуралар жана башка) бир учурда камтып кете албадык. Бирок, алгачкы аракеттердин жыйынтыгы жаман болгон жок. Бул тармакты оптимизациялоо иштери шыр жүрүп кетти. Мүдөөлөш адистердин командасы түзүлүп, кызмат көрсөтүү сферасын алга сүрөп кетишти.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча мыйзам чыгып, ал 2014-жылы кабыл алынды. Азыр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри иштеп жатат. Стандарттар жана тейлөөнүн администрациялык регламенти иштелип чыкты. Тейлөө мурдагыга караганда сапаттуу жана жеткиликтүү болуп, кызмат көрсөтүүнүн электрондук форматы пайда болду. Эми болсо бул маселелер өзүнөн-өзү эле жасалып калгандай таасир калтырат.

Белгилей кетсем, 2012-жылы бир канча күн Өкмөт башчынын милдетин аткарып калганымда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтик стандартын бекиткем. Мындай документ мурда болгон эмес.

Биринчи вице-премьер-министрлик

Аткарылган алгылыктуу иштерди тизмектеп жатып, Өкмөттөгү Биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап турган мезгил тууралуу айта кетпесем болбойт. Бул кызматта бир канча алгылыктуу иштерди жасаганга үлгүрдүк. Ал кезде Евразия мейкиндигине кошулуу аракеттери жүрүп жаткан.

Өкмөт башчы менен биргеликте көзөмөлдөө инстанциялардын санын кыскарта алдык. Реформанын жыйынтыгы менен көзөмөлдөөчү органдардын саны 21ден 12ге чейин азайды. Инспекциялардын бир бөлүгү калып, калган бөлүгү жок кылынган. Ал эми дагы бир маанилүү бөлүгү эки ири инспекция болуп түзүлдү –  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы. Мунун жыйынтыгы менен ишкерликте текшерүүлөрдүн саны 3 эсеге, ал эми пландык текшерүүлөрдүн саны эки эсеге азайган. Мурда текшерүүлөр 30 күндүн ичинде жүргүзүлчү. Азыр болсо юридикалык жактар 15 иш күнүндө, ал эми жеке ишкерлер 5 күндүн ичинде текшерилип калды.

Калкты тейлөө борборлору түзүлдү. Мамлекеттик кызматтарды алуу кыйла жеңилдеди. Жарандардын нааразычылыгын жараткан жеке транспортту жыл сайын техникалык текшерүүдөн өткөрүү процедуралары жокко чыгарылды. Ишеним кат менен автоунаа сатуу жоюлду. Мунун кесепетинен көп жарандар менчигине ээ боло албай, бир канча көйгөйлөр жаралып келген.

Өлкөнүн чет жакаларында, айылдагы мээнеткеч элге жакшы жардам берилди. Өкмөттүн чечими менен фермер жана дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялардын ставкалары төмөндөтүлдү. 2012-жылга чейин фермерлер насыяны 24-36 пайыздык үстөк менен алууга мажбур болуп келген болсо, мамлекеттик субсидиялардын натыйжасында бул көрсөткүч 3 эсеге азайды. Мисалы, Айыл банк жана РСК банк насыяны 12 пайыз менен берип калды. Алардын мисалында башка банктар да насыянын пайыздык чендерин азайтышты. Натыйжада, насыя берүүнүн көлөмү бир канча эсеге жогорулады. Дал ушул аракеттен “Айыл чарбасын каржылоо – 1” масштабдуу программасы ишке ашып отурат.

Жумуштун жаңы баскычы – Мамлекеттик кадр кызматы.

Мен 3 жыл бою ушул мекемени жетектедим. Бул аралыкта бардык нормативдик укуктук база жаңыланды. 2012-жылы ишке жаңыдан киришкен учурда мамлекеттик кызматка киришүү, кызмат өтөө маселелери негизги мыйзамдан сырткары, мыйзам ичиндеги акттар менен көзөмөлдөнүп жаткан. Акттардын көпчүлүгү убактылуу гана таасир этип турчу. Кээде акттарда ажырым пайда болуп, бүтүн бир укуктук база жок эле.

Практикада болсо бул кадрдык маселелерде, түшүнбөстүктөрдү жараткан. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери да курч бойдон турган. Айрыкча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматкерлерди окутуу иштери такыр жүргүзүлгөн эмес.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасын төлөп берүүдө бир топ маселелер да жаралган. Мына ушул көйгөйлөрдүн баарын чечиш керек эле. Айлык маянаны унификациялоо жолу менен төлөп берүү аркылуу биринчи маселе чечилди. Жыйынтыгында, 2013-жылдын 28-июнунда Өкмөт кызматкердин ишмердүүлүгүн баалаган жана эмгек акыны төлөө боюнча бирдиктүү системасы тууралуу эки токтом кабыл алды. Буга байланыштуу айлык акынын өлчөмү унификацияланып, эмгек акынын минималдык базалык ставкасы жөнүндө түшүнүк пайда болду. Аткарылган жумуштун көлөмүнө жараша айлык төлөө коэффициенти киргизилди. Жыл жыйынтыгы менен жакшы иштеген кызматкердин айлык маянасы көтөрүлүп турду.  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин минималдык базалык эмгек акысы 5 миң сом деп бекитилди. 2013-жылдын орто ченине чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкердин орточо маянасы 2200 сом болсо, киргизилген эрежелердин натыйжасында кызматкер 5000 сом өлчөмүндө акы ала баштады. Албетте, бул көп эмес, бирок ошол кезде кырдаал абдан татаал болчу.

2014-жылдан баштап кызматкерлерди окутуу боюнча Мамлекеттик буюртма системасы ишке кирди. Буга чейин жыл ичинде 500 гана кызматкер ар кандай окутуулардан өтүп келген болсо, мамлекеттик буюртманын алкагында 3000 киши кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен 2016-жылдын 30-мартында “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ал эми 2017-жылы аталган мыйзам 30 мыйзам акттары менен бекемделди.

Дагы бир маанилүү нерсе – мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ротациялоого мүмкүн болду. Мисалы, ага чейин айыл өкмөттө иштеген адис райондук мамлекеттик администрацияга которула албайт болчу. Азыр болсо мындай мүмкүнчүлүк бар жана кызматкерлерге чоң мотивация болуп калууда.

2015-жылы мага кайрадан Биринчи вице-премьер-министрдин кызматы сунушталды. Мында да биргеликте аткарылган иштердин жыйынтыгы менен кыйла жакшы көрсөткүчтөргө жетише алдык.

Кыргызстан реформалардын жүргүзүлүшү жана менчикти каттоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын "Doing Business-2015" рейтингинде алдыңкы ондукка кирди. Биздин өлкө аталган рейтингде 189 мамлекеттин ичинен 6-позицияга көтөрүлдү. Буга “Менчикти каттоо” индикатору боюнча мыкты аткарылган иштер негиз болду. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 46 позицияга жогорку көрсөткүч.

Андан дагы кыймылсыз мүлктү каттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү багытында аткарылган реформаларга мыкты баа берилди. Каттоо келишимдерин жергиликтүү каттоо органдарында бир сааттын ичинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эле. Кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты Бирдиктүү маалыматтык системадан онлайн көрүп турууга болот, бул жарандардын убактысын албай жана каржылык жактан ашыкча чыгым тартпоого негиз болуп берди. Натыйжада, керектүү процедуралардын саны кыскарды.

Жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча бир канча иштер аткарылды. 2015-жылы кайра вице-премьер-министрлик кызматка келгенимде, буга чейин пландалган көп иштер аткарылбай же такыр көңүл бурулбай калган экен. Мисалы, 2012-жылы мен өкмөттөр аралык протоколго кол койгон элем, ага ылайык кытай тарап Ош шаарына 150 орундуу оорукана куруп бермей болгон. Долбоор 26 миллион долларга бааланып, ал кайтарымсыз каражат менен курулмак. Протоколдун дал ушул бөлүгү акыркы 3,5 жылда каралбай келгени мени абдан таң калтырды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселе боюнча катуу талаптар коюлуп, кыска аралыкта керектүү документтерди жиберүү тапшырмасын койдум. Кытай тарап менен дагы бир жолу жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, грант бөлдүрттүк. Натыйжада, заманбап жабдыктар менен жабдылган оорукана курулуп, учурда жарандарга жогорку сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүлүүдө.

- Атаңыз Азим Карашев дагы Кадамжай районунда аким болгон, өзүңүз дагы Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш Ош облусунда губернатор болгонсуз. Айтсаңыз биздин кошуналарыбыз Өзбекстан жана Тажикстанга чектеш Афганистанда абал оор болуп жатат. Ушул жагдайга кандай баа берет элеңиз. Кыргызстанга кандай коркунучтары бар? Учурдагы мындай абалда Кыргызстан кандай кадамдарды жасашы керек?

- Ооба, атам да мамлекеттик кызматкер болуп иштеп, 1992-жылы биринчи мамлекеттик администрация институту киргизилген Кара-Кулжа районунда аким болгон. Өзгөн районунда мамлекеттик администрацияга башчы болуп, Тогуз-торо районунда аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген, анан Кадамжай районунда иштеп, кийин пенсияга кетти. Мен Ош облустук мамлекеттик администрациясында губернатор болуп, 2007-2009-жылдары иштедим. Мындай айтканда “чоңураак” саясатта жүргөнүбүзгө 15 жылга жакындап калды.

Афганистандагы окуяга келсек, мен эч кимге каалабайт элем мындайды. Бүт дүйнөлүк коомчулук ушуга кунт коюп, ушуга абдан көңүл буруп карап турат. Дүйнөдөгү ар бир мамлекетте тынчтык болсо деп тилейм. Анткени адамдын өмүрү баарынан кымбат. Кайсы гана өлкө болбосун адамдын, инсандын жашоосу үчүн шарт түзгөн мамлекет болсо экен деп тилек кылабыз. 1999-жылкы окуяларда кыргыз жерине да жанкечтилер келген. Азыр ЖККУнун алкагында дагы президент тарабынан чогулуштар өттү. Ал жерде да ар кандай ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди. Тобокелчиликтер көп, мына ошону тийиштүү атайын мамлекеттик кызматтар, коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү бийлик баары биригип, системалуу түрдө ар бир нерсесин талдап, ошого жараша иш алып барыш керек деп айтат элем. Акыркы күндөрдө социалдык тармактарда дагы абдан катуу талкуу болуп жатат: “башка жактан келгендер көбөйүп кетти, эмне себептен карантинге Кыргызстанга келет” деп. Ушундай жактарынан дагы этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Эл ансыз деле кабатыр болуп жатат. Анын ичинде баарыбыз, мен деле. Бүт дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жатат. Тынчсызданууга эч кандай себеп калтырбай, ага жеткизбешибиз керек деп айтат элем. Алдын ала ушундай тийиштүү жумуштарды алып барыш керек. ЖККУнун алкагында да алдын ала чаралар көрүлүп туруш керек. Биздин борбор Азия мамлекеттеринде Тажикстанбы, Өзбекстанбы, Казакстанбы, Кыргызстанбы же Түркмөнстанбы анын бетин ары кылсын деп айтат элем. Ошон үчүн алдын ала чаралар көрүлүш керек.

– Аалы мырза, кеп козголгондо сурай кетели. Атаңыз сизге кандайыр бир артыкчылыктарды берет беле?

– Атам 1992-жылы аким болуп шайланганда мен өзүнчө үй-бүлөлүү болуп калган элем. Ал партиялык кызматкер, апам орус тили мугалими болчу. Бала кезде ата-энем бизге укмуштуудай артыкчылыктарды бергенин деле эстей албайм. Атам тартипти бекем кармап, талапты катуу койчу. Балким, ошондонбу мектепте да, кийин жогорку окуу жайында да жакшы окуп, алдыӊкылардан, активисттерден болдум. Мектепти алтын медаль менен бүтүрдүм. Кийин жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен аяктадым. Студенттик куракта ата-энемден ашыкча акча албадым. Стипендия жана сырттан окуган студенттерге жардам берип тапканымды иштетчүмүн.

– Ата-энеӊиздин астында чоӊ жоопкерчилик алып жүргөн экенсиз. Ал да жеӊил болбосо керек?..

– Жашоодогу мисал менен айтайын. Мектепти бүтүп жатканымда атам райондо партия комитетинин катчысы болчу. Өзгөн районунун борборундагы кыргыз мектепте партия жетекчилеринин балдарынын баары окушчу. Ошол учурда жогорку окуу жайга жергиликтүү колхоз, совхоздордон жолдомо алып, анан кетишер эле. Карап турсам баары эле жолдомо алып кетип жатышат. Мен да келип «элдин балдарынын баары эле алып жатат, мага деле жолдомо бербейсизби?» дедим. Ошондо атам «Сен кийип турган кийимиӊ, ичип жаткан тамагыӊ кандай жол менен келип жатканын билбейсиӊ. Эртеӊ МТФга барасыӊ да, жумушка киресиӊ»,- деп койду. Мурда МТФ деген бар эле, сүт товардык ферма. Ошентип ал МТФда 1 жыл жумушчу болуп иштедим. Ошол кезде дагы бир эреже бар болчу. Иштеген соӊ окуу жайга райондук комитеттен бүтүрүүчү тууралуу сунуш берсе, окууга өтүү жеӊил эле. Райкомдун сунушуна болсо атам кол коёт. Анан баягы сунушту даярдатып алып үйдөн атама «ушуга кол коюп бериӊизчи?» десем, кагазды алып карап туруп, «жолдош Карашев, мындай маселелер менен иш бөлмөмө келесиз»,- деп койду. Эртеси бардым. Кабылдамасында 2 сааттан ашык күтүп отурдум. Кезегим келгенде кирсем «жолдош Карашев, мындай сунуштарда атасы баласына кол коюп бербейт» деп жолго салды. «Үйдөн эле айтып койбойбу» деп жатам ичимден. Бозоруп чыккан кебетемди көрүп кабылдамада отурган орус эженин зээни кейиди окшойт. Ал башка катчыга киргизип, кол койдуруп чыктым. Ошондо жашоодо бардыгын өзүӊ жасашыӊ керек деген насаат алгам.

– Атаңыздын сиздин мамлекеттик деңгээлдеги ишмер болуп калыптанышыңызга салыма чоң болсо керек?

Ар бир жигит кимдей болсом дейт? Менимче, атасын кумир тутса керек. Жайкы эс алууларда атам жумушу боюнча кыдырганда мени жанына ээрчитип алчу. Атамдын сүйлөгөнүн, эл менен мамиле түзгөнүн көрүп кыялданып чоӊойгом. Менин кадр катары, саясатта да калыптанышыма ушул адамдын таасири чоӊ болгон.

- Эми кайра ишмердүүлүгүңуз боюнча кеп кылсак. Өзүңүз билгендей Бишкек шаарында андан сырткары, Жалал-Абад, Ош шаарында жашап, иштеп жаткан көптөгөн жаштарда, жарандарда турак-жай маселеси бар. Мына  ошол ипотека мыйзам долбооруна өзүңүздүн сунуштарыңызды бердиңиз эле. Ушул боюнча айта кетсеңиз. Канча пайызга түшүрүлдү пайыздар, кандай шарттар менен берилет, анан кайсы убакыттан баштап берилет. Кимдерге берилет?

- Союз тарагандан бери эле биздеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири элди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси. Союз убагында деле көйгөйлөр болгон. Өзгөчө акыркы эгемендүү болгондон кийинки жылдарда бул көйгөй күчөдү. Бизде элдин саны өсүп жатат, 4,5 миллиондон бүгүнкү күнү 6,5 миллионго жетип жатабыз. Көптөгөн жаш үй-бүлөлөр  курулуп жатат. Болсун, бул жакшы. Бирок биз ушул жаш үй-бүлөлөргө шарттарды түзүшүбүз керек да. Бул боюнча аракеттер болгону менен көзгө көрүнүктүү эч нерсеге жетише алган жокпуз. 2015-жылы атайын мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүп, ипотека жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Быйыл ошол мыйзамды карап көрсөк, азыркы убакытка шайкеш келбеген жерлери бар. Жөнөкөй катардагы кызматкерлер, айлык акыга жашаган кызматкерлер, мамлекеттик кызматта иштеген жаш үй-бүлөлөр аны алганга шарты жетпей калып жатат. Эмне себептен? Биринчиден мыйзамда ипотекалык насыянын базалык ставкасы 10 пайыз болуш керек деген берене кирип калган. Балким ал 5 жыл, 7 жыл мурда ошондой болчу,  14-16%дан да берилип жаткан. Бирок ипотека кийин 8%дан керек болсо 6,5%, кээ бир жеңилдетилгендери 6%дан бериле баштабадыбы. 10%дыгы жана 12%дыгы бар дегендей. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн базалык ставканын 10% дегенин алып эле коюш керек. Мамлекеттик ипотекалык компания дагы өзүнүн программасын иштеп чыгып, ошол программасында жазып жатат: “биз 5-6 жылдын ичинде 4%га чейин түшүрөбүз” деп. Бүгүнкү күндө реалдуу 6-6,5%дан берсе болот. Бирок жыл өткөн сайын мындан да төмөндөтүп кетсе болот. Бул биринчиси. Экинчи жаңылык, мурда ипотека алам дегендер жалпы сумманын 10%ын төлөш керек болчу. 3 млн сомдук батир алам десең анда 300 миң сом төлөш керек болгон. Алган айлыгы болгону 15-20 миң болсо, 300 миң сомду кайдан табат? 300 миңди табыш үчүн алар дагы жок дегенде 5 жыл иштеш керек болот. Мына ошон үчүн алгачкы төлөмдү жокко чыгардык. Парламент бул демилгени бир добуштан колдоп берди. Бүгүнкү күндө аны биринчи төлөмү жок эле алса болот. Анын өзүнүн тийиштүү талаптары бар. Дайым иштеген кызматың болуш керек, төлөй ала турган болушуң керек дегендей. Үчүнчүсү, буга чейин 5 жылдык мөөнөт менен эсептелчү ипотеканын пайыздары эсептелгенде 15 жылдан кем эмес деп эсептелип жатат, демек үстөк пайыз андан дагы төмөндөш керек болчу.

Биз сунуштаган мыйзам долбооруна жалпы үч жаңылык киргизилди. Мунун баары тең ошол өзгөчө турак-жайы жокторго, жаш үй-бүлөлөргө кичине болсо да көмөк, колдоо болсун деген максат менен иштеп чыгып демилгеледим. Муну мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте чогу кеңешип иш алып барып, ушул жыйынтыкка жетише алдык. Азыр ошол мыйзамды депутаттарыбыз да бир добуштан колдоп берди. Бүгүнкү күндө күчүнө кирди, эми жеңил шарттарда алса болот. Айтайын дегеним бүгүнкү күндө кезекте тургандар көп. 15 миңдей киши кезекте турган, анын 5 миңден ашууну алды. 10 миңдей расмий түрдө кезекте тургандар бар. Мүмкүн бул мыйзам кабыл алынгандан кийин ал сан 10 миң эмес, 30 миң болушу мүмкүн. Мамлекеттик ипотекалык компания дагы инвесторлорду издеп жатат, акча каражатын издеп жатат. Акча каражатына жараша үйлөр берилет. Президентибиз да 5-майда кыргыз элине кайрылуу кылбадыбы, ошондо Садыр Нургожоевич айтып кетти, өзгөчө турак-жай менен камсыз кылууга көңүл бөлөм деп. Кредиттик жана ипотекага багытталган акчаны 25-30 миллиардга чейин жеткизишибиз керек деп милдет койду. Бүгүнкү күндө ал 3-4 миллиарддын тегерегинде берилип жаткан. Бул буйруса 3-4 жылдан кийин 20 миллиардга чыкса, көптөгөн жаштарды турак-жай менен камсыз кылууга шарт түзүлмөк. Буйруса бул мына күчүнө кирди, иштей баштады, эми ошону акырындык менен иштетип алып кетиш керек.

- Мурда аткаруу бийлигинде жетектөөчү кызматтарда иштеп турдуңуз. Парламентке келгенден кийин саясатка болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

- Польшалык саясатчы Лех Валенса “Көз караш отурган ордуңдан көз каранды” деп айткан жайы бар. Бул абдан таамай айтылган сөз. Бул фразаны Валенса оппозиционер болуп жүрүп, кийин мамлекет башчы болуп келгенден кийин өзгөрүлгөн пикирлеринен улам айткан. Чындыгына жараша айтылган тамаша сөз.

Көз караш, ой-пикир чындыгында өзгөрөт. Өкмөттө иштеп жүргөндө, парламенттин ишмердүүлүгү башкача көрүнчү. Депутаттардын түрдүү суроолоруна жообуң даяр болушу керек. Кээде, темадан алыс суроолор да берилип калчу.

Эми болсо өзүм министрлерге ушундай суроолорду берип, мындай көзөмөл керек экендигин түшүнүп турам. Туура форматта түзүлгөн отчёттордун негизинде, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү депутаттар менен жолуккан учурда көп маселелерди объективдүү талдап, максаттарга жетүү жолдорун издеп, кырдаалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп алса болот.  

Мен үчүн Жогорку Кеңеште жана аткаруу бийлигинде топтогон тажрыйбам абдан баалуу. Эгерде кайрадан аткаруу бийлигинде иштеп калсам, көп маселелерди башкача чечмекмин.

Албетте, көз караштар өзгөрөт. Буга чейинки тажрыйба объективдүү иш алып барууга негиз болот.

Депутаттык ишмердүүлүгүңүздө кандай демилгелерди көтөрдүңүз? Сиздин аракетиңиз менен кайсы тармактарда жакшыруу болду?

- Депутаттык мандатты чакырылыш ишке киришкенде эмес, 2017-жылы алдым. Бул жерде да бир канча жигердүү иштер аткарылды десем жаңылышпайм.

Мүдөөлөш кесиптештер менен бир топ маанилүү мыйзамдарды иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Эки мыйзам долбоорунун алкагында жаштарга жана улгайган жарандарга жардам көрсөтө алдык.

2018-жылы менин демилгем менен пенсия менен камсыздоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, иштеп баштады. Буга чейин пенсия чегерүү эрежелери абдан татаал болчу. Пенсияга чыгуучу жаран 1996-жылга чейинки иштеген жерлерден айлык маяна тууралуу документтерди айлап, жадагалса жылдап чогултуу керек эле. Айрыкча, советтик мезгилде же эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында иштеп калган мекемелерден кандайдыр бир кагаз алуу чоң маселе жаратып келген. Ал кездеги көпчүлүк ишканалар жоюлуп кеткен. Ал эми архивдерде (борбордук архив, райондук жана шаардык архив, мамлекеттик архив) мындай маалыматтар сакталбай калган учурлар көп катталды. Башка союздук республикаларда иштеп келген жарандар үчүн айлык маяна тууралуу кагаз чогултуу дээрлик мүмкүн эмес эле.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен пенсияга чыгуунун жол-жобосу абдан жеңилдеди. Жарандар кайсы бир мекемеде 5 жыл аралыгында иштегендиги тууралуу документин көрсөтүү менен эле пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Азыр социалдык фонд жана анын бөлүмдөрүнө барып көрсөңүз кезек күтүүлөр жоюлган. Туура кабыл алынган мыйзам мына ушундай иштейт!

Ал эми 2019-жылдын жаз айынан баштап билим берүү насыялары тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, студент билим алуу үчүн жеңилдетилген насыя алып, окууну аяктагандан кийин атайын белгиленген убакытта төлөп бериши керек болот. Аталган мыйзам Жогорку окуу жайында билим алууга шарты жокторго мүмкүнчүлүк түзүү максатында кабыл алынды. Жогорку билим алууга шарты жок миңдеген улан-кыздарыбыз чет жерде төмөн квалификациядагы жумуштарда иштеп жүргөнүн айтып өтпөсөм болбойт. Билим берүү насыялары эбак иштеп баштаганда, канчалаган жаштар ЖОЖдорго тапшырып, кесипке ээ болуп коомдон ордун таап кетер беле. Мыйзам жаңы. Эми гана иштеп баштады жана ал жаштардын келечегин камсыздайт.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган баалоо тууралуу токтомду да маанилүү кадам деп айта алам. Дал ушул заманбап инструменттин арты менен администрациялык көзөмөлдөө акырындык менен парламенттик көзөмөлдөөнүн натыйжалуу ыкмасы – баалоого орун бошотот. Анын алкагында, кабыл алынган мыйзамдар жана мамлекеттик программалар калктын турмушуна, экономиканын жана өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык деңгээлде таасир тийгизип жатканы бааланып турат. Баалоо инструменти өнүккөн өлкөлөрдө абдан жакшы жыйынтыктарды берип келет. Бизде да келечекте жогорку натыйжаны берет деген зор үмүт бар. Бул ишти “Аз болсо да, саз!” деген лозунг менен мүнөздөөгө болот. Мыйзамдардын санынын көптүгү же аздыгы маанилүү эмес, негизгиси иштеш керек. Баалоо инструменти алдыдагы 5 жылдыкта мыйзам чыгаруу саясатындагы прогрессивдүү тренд катары калыптанып калат деп ойлойм.

Эл менен жолукканда кабыл алынган чечимдер менен чыныгы турмуш ортосундагы “ажырым” тууралуу көп сын-пикирлер айтылат. Биз кабинетте отуруп, реалдуу көйгөйлөрдөн алыс экенибизди айтышат. Баалоо менен  парламент иштебеген мыйзамдардын санын кыскартып, карапайым калктын проблемаларын чечүүчү мыйзамдарды кабыл алуусуна негиз болот. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнөн сырткары, ичүүчү суу, мектеп, бала бакча, жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөө сыяктуу инфраструктуралык маселелерди чечүүгө көп убакыт сарпталат.

Жарандарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого аракет кылам.

- Сиз көпчүлүк саясатчылардан айырмаланып, аткаруу бийлигинде да, мыйзам чыгаруу бийлигинде да иштеп көрдүңүз. Эки жактын эмне айырмачылыктары бар?

- Туура айтасыздар мамлекеттик кызматка келгенден баштап аткаруу бийлигинде иштеп калдым десем болот. Көпчүлүгүндө президенттик администрацияда иштедим, облассттык жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштедим, өкмөттө иштедим. Кыска мөөнөттө болсо да вице-премьерлик кызматын үч жолу аркаладым. Анын ичинде эки жолу вице-премьер болдум. Эми убактысы 5, 8, 9 айга чейин иштеп жаттык. Бул мен үчүн чоң мектеп болду десем болот, тажрыйба алдым, сабак алдым дегендей. Жалпысынан 20 жылдай иштедим аткаруу бийлигинде. Аткаруу бийлигинде иштеген абдан кызыктуу, түздөн-түз эл менен иштешесиң, түздөн-түз барып жеринде маселелерди чечесиң, көйгөйлөрдү чечесиң. Областта иштегенде да көптөгөн көйгөйлөрдү чечтик. Мисал үчүн 2007-жылдын жыйынтыгы менен, мен Ош облусттук мамлекеттик администрацияга келгенде өнөр-жай продукциясынын көлөмү 494 млн сом эле болчу чоң облус болгонуна карабай. Биз эки жыл иштеп, кесиптештерибиз менен аракет кылып,  эки жылда эки эсе көтөрөбүз деп өзүбүзгө максат койгонбуз. Бирок эки жылдан кийин 2,5 эсеге көтөрө алдык. Ошондо 1 млрд 200 млн сомдун тегерегине чыгардык көлөмдү.

Мен иштеп жүргөн убакта Нурада, Папанда жер титирөө катталып, кырсык болду, адамдар мерт кетти. Ошол учурларда уюшкандык менен иштеп, элдин жанында болдук. Элди тынымсыз тамак-аш жана керектүү каражаттар менен камсыз кылып турдук. Эл жашаган чатырда жашап, алар менен күнү-түнү бирге болдук. Ал кездер бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Ошол аралыкта жүргөндөр да эсимде бар. Анан эми аткаруу бийлигинде жумуш көп, абдан көйгөй көп. Эрте мененки 7 жарым, 8ден түнкү саат 10-11ге чейин иштеген күндөр болгон өкмөттө иштеп жүргөндө. Кээде үй-бүлөңдү, балдарыңды эки-үч күндөп көрбөй калган да күндөр да болот эле. Эрте менен туруп кеткенде алар ойгоно элек болот, кечинде келгенде уктап калышкан болот. Ошон үчүн аткаруу бийлиги абдан кызыктуу, абдан чоң тажрыйба, мектеп болду деп айта алам.

Андан кийин 2017-жылы январь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, мандат алдым. 47-тизмеде болчумун. Кезек келгенде депутат катары ишмердүүлүгүмдү баштадым. Жогорку кеңештин табияты такыр башка. Бул жерде дагы эл менен түздөн түз иштешесиң, шайлоочулар менен иштешесиң, сага ишеним көрсөткөндөн кийин дайым көйгөйлөрдү көтөрөт, элдин көйгөйүн аткаруу бийлигине, мамлекет башчыга чейин жеткизесин. Элдин көйгөйүн чечүү үчүн маселе көтөрүп, мектептердин, жолдордун, дамбалардын курулушуна, суунун чыгарылышына, көмөк көрсөтүп, ал долбоорлорду өкмөткө сунуштайсын.

Экинчи жагынан мыйзамдарды демилгелеп чыгаргандан кийин, мисалы жогоруда айтылган ипотека жөнүндөгү мыйзамды айтсак болот, ошол иштей баштаса, аны көрүп өзүң да канааттанат экенсиң. Жеке демилгелеген ипотекадан башка дагы көп мыйзамдардын авторлорунун бири болдум. 

Бирок мен эки мисалды айта кетейин. Биринчи мыйзам долбоорун, 2018-жылы демилгеледим. Бул пенсия чегерүүдөгү документтерди топтоо, пенсияга чыгууда кыйынчылыктарды жаратып келген. Ошону жеңилдетүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледим. Биздин аталар, апалар 30-40 жыл иштеп, анан кийин пенсия курагы келгенде бул кагазыңды алып кел, тиги иштеген жериңди тастыктап кел деп, кээ бирөөлөр 6 айлап, 1 жылдап жүргөндөр да болгон. Райондун аймагында иштесе мейли, кээ бирлери Бишкекте иштегени бар. Нарында иштегени бар, ал эми союз убагында Казакстанда, Россияда, Өзбекстанда ж.б өлкөлөрдө иштегени бар. Суралган документтерди топтоо үчүн жылдап, бир жарым жылдап күткөндөр болгон. Пенсия жашына келип, бирок чыга албай жүргөндөр дагы көп болгон. Биз ошону жеңилдеттик. Соцфондго керектүүбү, зарыл болгон документтерди тийиштүү жактан сурап, өзү эле алып алат. Бул мыйзам иштей баштады. Бүгүн мына пенсионерлер көпчүлүгү ыраазы, абдан жөнөкөй болуп калды деп айтып жатышат. Муну дагы да жөнөкөйлөтөлү деген оюм, пландарым бар. Буйруса сентябрь айы ичинде киргизгенге аракет кылам. Азыркы убакта пенсияга чегерүү боюнча мыйзам толук кандуу иштей баштады.

Экинчиси жаштарды колдоо багытында. Бизде көптөгөн таланттуу балдарыбыз, кыздарыбыз бар, мектепти жакшы окуп бүтүшөт. Бүткөндөн кийин окуйм дешет дээрлик көпчүлүк жогорку окуу жайларда контракт төлөш керек да. Ошол 20-30 миңден 45 миң, алды 500 миңге чейин дагы контракттар бар. Мамлекеттик жогорку окуу жайлар 27 миңден 50 миңге чейин. Каражаттын тартыштыгынан улам көптөгөн мыкты улан-кыздарыбыз билим ала алабай, Россия, дагы башка өлкөлөргө иштегени кетип жатышат. Каражат топтоп келейин кийин окуйм деген изги тилек менен кетишет. Бирок иштеп жүрүп убакыт өтөт, үйлөнөт, жайланат, турмуш куруп кетет. Тилекке каршы ошентип көпчүлүк жаштарыбыз билим ала албай калып жатышат. Ошондуктан окууга дилгир, мыкты балдарды колдоо жана жаштарды өзүбүздө кармап калуу максатында билим берүү жөнүндөү мыйзам долбоорун демилгеледим. Максаты билим берүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү. Жеңилдетилген насыя берилсе, ошол окуйм деген бала насыя алып, контрагын жыл сайын  төлөп, университти аяктаса. Окуп жатканда 5 жыл аларга жеңилдик берилет. Окууну аяктап, колуна дипломду алгандан кийин жумушка орношуп, кийинки 5 жылдын ичинде төлөп берсе болот. Мындайча айтканда 10 жыл жеңилдик болуп жатат. Бул мыйзам да кабыл алынды, бүгүнкү күндө күчүнө кирди, тилекке каршы толук кандуу иштеп кете албай жатат. Өкмөт менен да иштеп, талап кылып жатабыз. Жоболорун иштеп чыгып, банктар менен, жок дегенде мамлекеттик банктар менен сүйлөшүп жатабыз. Бюджеттен айыл чарбасына субсидия кылып жатпайбы, керек болсо ошондой субсидия кылып туруп бул долбоорду ишке ашырыш керек. Биз адамга, жаштарга, балдарды өстүргөнгө, келечекке инвестиция кылып жатпайбызбызбы, ошон үчүн акчаны аябай беришибиз керек. Бул маселе боюнча талашып, бүгүн дагы талап кылып келе жатабыз. Сентябрь айы ичинде муну кайрадан талап кылып чыгабыз.

Мыйзамдарды кабыл алгандан кийин ошол иштей баштаса, элге пайдасы тийсе өзүң да канааттанат экенсин. Бизде буга чейин парламенттик башкаруу болуп келди, ошондо парламентте кабыл алынган чечимдерди өкмөткө тапшырма берип, алардын аткаруусун да көзөмөлдөйт эле. Ушул жагынан да парламент өзүнчө чоң мектеп, чоң сабак болду деп айтат элем.

- Интернеттен окуп, билип жүрөбүз. Сизди колдогон тарапташтарыңыз да абдан көп, бирок ошол эле учурда кара санатайлык кылгандар да жок эмес. Сиз карьераңызды башка бирөөнүн таасири астында жасаганыңыз жөнүндө да сын-пикирлер бар. Колдоочусу жок жөнөкөй кишинин бийликтин маанилүү бутактарында иштеп калышы мүмкүн эмес деген ойлор да айтылып жүрөт. Сиздин дарегиңизге айтылган негативдүү комментарийлерге кандай реакция кыласыз?

Эч кимге кызыгы жок кишинин гана тарапташтары же каршылаштары болбойт деп ойлойм. Канча адам болсо, ошончо пикир бар. Негизгиси, кандайдыр бир өзгөрүү жасайм деген адам эң эле биринчи өзүнүн тарапташтарын жана мүдөөлөштөрүн топтойт. “Жалгыздын иши жалчыбайт” деп коёт эмеспи.

Ал эми колдоочусу бар деген пикирлерге мен мындайча жооп берет элем. Таасирдүү туугандары бар ар бир эле кишинин карьералык өсүүсү кепилденген эмес. Эгер колдоочум болгондо, 1990-жылдары аппаратта он жылдап жөнөкөй кызматта иштеп калбай, баш айланткан карьера жасап кетмекмин. Эмгек жолумду колхоздун короосунда татаал шартта баштап, асыл тукум багытында техник болуп иштемек эмесмин. Бул тууралуу ошол кара санатай кишилер эмнегедир жазышпайт. Аткарган ишим бааланып, жетекчиликтин көзүнө илингенде гана карьералык өсүүгө негиз пайда болгон. Азыр менин бир гана максатым бар – Кыргызстанды өнүктүрүү жана ушул идеяны ишке ашырууга ниеттенген тарапташтарды чогултуу. Алар аз эмес. Айрыкча, жаштар арасында.

- Кыргызстандын өнүгүп кетишине ишенесизби? Өлкөнүн келечегин кандай көрөсүз?

- 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан эл аралык коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары глобалдык экономикага жуурулушуу аракеттерин баштаган. Биздин жарандар өзүн өнүктүрүүгө жана жеке ишкерлик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жаңы перспективалар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, көндүм жашоонун тартиби өзгөрдү.

Тилекке каршы, биздин бийлик мындай трансформацияга даяр эмес эле. Жеке ишкерлик бийликтеги топтордун кызыкчылыктарынын объектине айланып, стратегиялык объекттер коррупциялык жол менен баюу куралы болуп калды. Энергетика болобу, транспорттук сектор болобу, баары саясий элитанын кызыкчылыгына жараша иштеп калган. Өлкөдөгү ишкердик климатынын институту деградацияга учурады.

Биринчи да, экинчи да революция мамлекетте эч нерсени өзгөртө алган жок. Таасир этүү сферасында кайра бөлүштүрүү башталды. Мамлекеттин стратегиялык ресурстарын көзөмөлдөө кландык топтордун таасирине өтүп кетти. Мындай учурда адамдар бөтөн жерден жумуш издеп кетүүдөн башка аргасы калбайт. Кыргызстандын келечегине, өркүндөп-өсүшүнө ишенесизби деп сурап жатасыз. Ооба, ишенем. Буга ишенбеген адам саясат менен алектенбей эле коюшу керек. Көпчүлүк саясатты баюу, жеке бизнесиңди же өз кызыкчылыгыңды коргоо деп түшүнүшөт. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Саясат – бул кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү, миллиондогон жарандардын жашоосун жакшыртуу жана бизнес үчүн инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүүнүн жолу.

Мен Кыргызстандын каржылык, маалыматтык (IT) жана туристтик багыттарда аймактагы лидер мамлекетке айланышына ишенем. Анткени, ЕАЭБдин алкагында өнөр жай жана айыл чарба боюнча башка мамлекеттер менен атаандашуу татаал. Биз өндүрүп жаткан продукциянын сапатына көңүл буруп, айыл чарба өндүрүшүндө заманбап экологиялык стандарттарды карманышыбыз керек. Дүйнө жашыл экономикага ыктап баратат, Кыргызстан бул багытта өз ордун таба алат.

Андан сырткары, туризм тармагындагы атаандаштыкты күчөтүү зарыл. Бул заманбап туристтик бренддер, отелдерди тартуу жана заманбап инфраструктураны куруу менен жасалат. Муну менен кыска аралыкта жүз миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Экологиялык жана улуттук туризмди өнүктүрүү жашыл экономикага жол ачмак. Биздин экономикабыз кичинекей, демек ички керектөө менен гана өнүгүп кетебиз деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек.

Айыл чарба өндүрүшүн ирилештирип, ата мекендик өндүрүшчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана экспортчулардын өз ара байланышын бекемдөө зарыл. Аймактар аралык кызматташтыкты жана өлкөдөгү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кооперацияларынын алакасын бекемдөө зарыл. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн көп багыттар бар. Бирок, дүркүрөп өркүндөп кетүү бир гана саясий жана инвестициялык туруктуулуктан көз каранды. Өнүгүүнүн базалык жана негизги шарты – Кыргыз Республикасынын рыногундагы эрежелердин өзгөрүлбөс механизмдерин түзүү.

Салык жана регулятордук эрежелердин жөнү жок өзгөрүп турушун токтотушубуз керек. Инвестор кайсы жакка келип, кеңеш алып, жеке мүлкүн жана инвестициялаган каражатын коргоого кепилдикти ким берерин так билиши кажет. Ишти баштоо үчүн керектүү уруксат кагаздарын алуусу да кыйынчылык жаратпашы зарыл.

Ал эми Салык мыйзамынын туруктуулугу жана атаандаштыкка негизделген жумуш шарттары бизнестин өркүндөшүнө өбөлгө болот. Бир да ишкана аткезчилик, контрафакт, салык төлөбөгөн бизнес үстөмдүүлүк кылган рынокто иштей албайт. Бул рыноктук принциптерди четтетет. Жеке бизнес ачууга коюлган талаптарды максималдуу түрдө азайтуу керек. Керек болсо, бүт керектүү документтерди алуу үчүн жеке ишкер эмес, тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлер өздөрү чуркап жаңы ачылып жаткан ишкананы бардык жагынан колдоого ала турган мезгилге жетишибиз зарыл.

Дагы бир маанилүү фактор катары айтсам, экономиканын ликвиддүүлүгүн камсыздоо жана өлкөнүн ичиндеги суроо-талапты күчөтүү керек. Себеби, ата мекендик продукцияны сатып алууга керектөөчүнүн жетиштүү стимулу болбосо, экономика өнүкпөйт.

Мунун баарын ишке ашыруу үчүн приоритеттүү тармактарды көрө билген, иштин эбин тапкан компетенттүү аткаруучулар жана компетенттүү кадрлар керек. Чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл. Биз бюрократияны жоё албай жатабыз, эгер муну жөнгө салып алсак мамлекеттик ишканалар реалдуу, натыйжалуу иштеп баштамак. Андан сырткары, сырткы экономикалык багытыбызды так белгилеп алышыбыз керек жана ошол эреже менен гана иштешибиз абзел. Түрдүү саясий күчтөр сырткы саясий багыт боюнча сунуштарын берсе, эл шайлоодо туура жолун аныктап алмак. Саясаттын жана демократиянын чыныгы мааниси мына ушунда!

- Жарандар жаңы жүздөр келсин, - деген пикирин айтып жатышат. Эл парламентте кимдерди көргүсү келип жатат?

- Албетте, жаңы жүздөр керек. Бирок, мында да жаңы идеялар менен тажрыйбанын ширелиши керек болот. Парламент мына ушул эки параметрдин негизинде курулушу зарыл. Негизгиси, түзүлгөн парламент элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши кажет. Калктын үмүт, тилегин мүдөөлөп, бардык топтордун кызыкчылыгын коргоп, коомду туруктуулук жана өнүгүүгө баштаса дейм.

- Айрым партиялар амбициялуу жаштарды катарына кошуп, өзүнчө саясий альянстарды түзүп жатышат. Сиздин пикириңизде бул кандай жыйынтык бериши мүмкүн?

- Бул ыкма ар шайлоодо колдонулуп келген. Дайыма жаштардын катышып жатканын тынбай айтып келе жатышат. Мындай көрүнүшкө кытайлардын макалын келтирет элем: “Эгер бийликте жалаң жаштар болсо – комедия болот, карк карылар болсо – трагедия болот, ал эми эскилер да, жаштар да болгон учурда – гармония болот!”. Жаштардын кайраттуулугун тажрыйба менен айкалыштыруу керек. Мына ошондо жаңы идеялар пайда болуп, катачылыктарга жол берилбейт. “Айдын алдында жаңы эч нерсе жок!” деп, илгеркилер бекеринен айткан эмес. Жаңы идеялар буга чейин эле айтылып келген. Бирок, жаңы муун аны кайра-кайра кайталап айтып келет. Менимче, жаштарды тажрыйбалуу саясатчылардан алыстаткан туура болбойт. Биргеликте иштеш керек. Ошондо гана гармония болот! 

- Кыргызстанга кандай башкаруу формасы туура келет деп эсептейсиз?

- Президенттик башкаруубу, парламенттик башкаруубу кеп башкаруунун формасында эмес. Башкаруунун кандай гана формасы болбосун кеп анын иштегенинде. Башкаруунун негизги милдети элдин жашоо-шартын оңдоп, деңгээлин көтөрүү болуп эсептелет.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2