AUCA the best 2

2025-10-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Адилет Канымет: Таш чайнап турган кезиңде бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу керек

Учурда Адилет Канымет Будапешттеги Корвин атындагы университетте окуйт. Ал буга чейин ири компанияларда иштеген. Каарманыбыз Чехия, Хорватия, Италия, Ватикан, Сербия, Польша, Грузия, Австрия жана Нидерланды өлкөлөрүнө саякаттап, ишкерликтин сырларын үйрөнүп жүрөт.

- Эмне үчүн Венгрия?

- Жообу эң жөнөкөй – мүмкүнчүлүктөрдү максимум колдонуп калуу. Өзүмдүн жообума кайра өзүм суроо бергим келет: “Менин бийиктигимдин чеги кайсыл жерде?”. Жеке мүмкүнчүлүктөрүмө карап, алдыңкы компанияларга хабдар аркылуу чыгууга аракет жасадым (Shared Services Companies), ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр Венгрия жана Польшада абдан көп. Бактыга жараша, Stipendium Hungaricum стипендиясын утуп алып учурда акысыз билим алып жатам. Байкашымча, Кыргызстанда чет өлкөдө окугусу келгендер абдан көп, бирок кыялын ишке ашырууга далалат кылгандар аз. Аракет кылып, тажрыйба топтош керек. Учурда грант жана программаларды сунуштаган платформалар абдан көп. Негизгиси, пландар узак мөөнөттүү болушу кажет.

- Чет жерде сизди таң калтырган нерсе эмне болду?

- Менин күткөндөрүмдүн баары реалдуу болуп чыкты. Бир гана нерсе, бул жакта атаандаштык күч болсо керек деп ойлогом. Бактыга жараша же тилекке каршы, бул жакта бардык процесстер жай жүрөт экен. Бул абдан туура деп эсептейм.

- General Electric компаниясындагы стажировкаңыз тууралуу айтып берсеңиз. Эмне менен алектенип жатасыз?

- Бекер жүргөндү жактырбайм, дайыма кыймылдамын. Ошондуктан, бул компанияда да иштеп көрүүнү туура таптым. Жумуш анча оор эмес: отчёттор, салыштыруу, текшерүү менен алектенип, каржы бөлүмүндө төлөмдөр боюнча иш алып барам. Жакында эле АКШнын командасынын жумушун көрдүк, эми каржылык кызматташууга Будапешттеги өкүлчүлүк жооптуу болду. Мен жумушка жакында орношсом да, бүтүн бир компаниянын төлөмдөрү үчүн жооптуу болуп шайландым.

- Чет элдик компанияларда иштеп, тажрыйба топтогон киши катары кыргыз ишкерлигине же компаниялардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

- Кыргызстандагы компанияларда узакка иштебегеним үчүн салыштыруу кыйын. Старт-аптар менен гана иштегем. Бирок, баам салып жүрөм. Кыргыз бизнесинде чыгымдарды минимизациялап, нарк боюнча ырааттуу иш алып барып, рынок тобокелдиктерин кабыл алган компаниялар гана утуп кетет. Бул кызматкерлердин милдеттерине, айлык маянасынын көлөмүнө жана инвестицияларга таасирин тийгизет. Кыргыз компаниялары кызматкерлерге аз айлык берүүгө тырышат. Бул туура эмес. Ошол эле учурда мамлекетке салыкты өз учурунда төлөп, кызматкерлеринин билимине жана квалификациясынын жогорулашына кызыкдар компаниялар да аз эмес.

- Эми кандай пландар?

- Максаттар абдан бийик. Тиш барда таш чайнай турган мезгилим. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, алдыңкы компанияларга жумушка орношууга болгон аракетимди жумшайм. Өзүмдү чектебейм, бирок болжолумду аныктап алдым: же алдыңкы үчтүктөн консалтинг, же «agile»  баалуулугу менен иштеген топ компанияга иштөө планым бар. Бийик максаттарды койгондо, тобокелдиктерди да эске алуу керек. Бирок, бир жагынан алып караганда “шамалга каршы” жүрүүдө чоң пландарды коюу да зарыл. Кыскасы, кыбыраган кыр ашат

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2