AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

“Балдар менен чогуу окугула, ойногула”. Аралыктан окууда балдардын жетишкендигин көтөрүү боюнча Чыңгыз Шамшиевден конкреттүү кеңештер

Тилекке каршы, мыкты уюштурулган онлайн окутуу да натыйжалуулугу жагынан кадимки окутууга жетпейт. Изилдөөлөргө таянсак, онлайн курстарда окугандардын 15% гана сабакты жакшы түшүнөт, жана аны жогорулата алат. Калган 85% болсо көңүл бурууну жоготушат, сабакка кызыгуусу жана катышуусу бара-бара төмөндөйт. Планетанын бардык окуу жайлары онлайн-окутууга өткөн пандемиянын шартында ата-энелердин окутуу процессиндеги ролун кайра карап чыгуу абдан маанилүү. Мында кеп ата-энелердин балдарынын сабакка өз убагында улангандыгын текшерип туруусунда эмес, такыр башкада... Карантин шартында балдардын окуудагы жетишкендигин кантип көтөрсө болору тууралуу БААУнун Инновациялык колледжинин Башкы директору Чыңгыз Шамшиев ата-энелерге кеп-кеңеш айтты. Бул кеңештерди колдонуу менен сиз балаңыздын окуудагы жетишкендигинин төмөндөшү эмес, өскөнүн байкайсыз.

БАЛАҢЫЗДЫ ТЕКШЕРИҢИЗ

Баланын дараметине ишенүү – абдан маанилүү. Аларга “Сен жасай аласың, сен жөндөмдүүсүң, сенин колуңдан келет, сен жашоодо ийгиликке жетишесиң” деп такай айтып туруу гана эмес, буга сиз өзүңүз да жан дүйнөңүз менен ишенүүңүз керек. Ансыз балдар сиздин кебиңиздеги жасалмалуулукту сезип коюшат.

Биз ата-энелер менен өзгөчө рекрутинг процессинде көп баарлашабыз. Мындан улам, көпчүлүк ата-энелердин өз баласына ишенбегенине, аларды акылсыз деп эсептегенине, мектепте сабактардагы жетишкендиктери начар экенин айтып наалыганына күбө болобуз. Мындай өзүнө ишенбестик ата-энелерден балдарга берилет да, тигил же бул сабактарды үйрөнүүдө тоскоолдук жаратат. Анан коркуу - мээнин окуп-билүү жөндөмдүүлүктөрүн чектеп, натыйжада адам эч нерсени иликтей албай калат. Бул өз кезегинде ого бетер чоң стресске, коркууга жана өзүнө ишенбестикке алып келет. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөр каптай берет.

Ошондуктан, мен өз балаңарга ишенгиле деген принциптин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Алардын потенциалына ишенгиле жана ошол  ишенимди аларга да өткөрүп бергиле.

Балаңыз ар кандай шартта сизге ишене алышы керек. Бул үчүн ата-энелерден бардык күч-аракетин жумшоону өтүнөт элем. Кеп ата-энелер тараптан талашсыз жана талкуулоосуз ар тараптуу колдоо жөнүндө болуп жатат. Баланын өзүнө ишениши абдан маанилүү. Учурда балдар өтө татаал өзгөрүү мезгилин башынан өткөрүп жатат. Алар көп сандаган жаңы илимдерди алууда жана мунун баары алардын борбордук нерв системасы менен психикасын абдан сезимтал жана назик кылууда. Аларга ар дайым жанында экениңизди, алар менен бирге экениңизди, каалаган кырдаалда колдоо көрсөтүп, айыптабай турганыңызды билдирип туруңуз.

Бул албетте аларды бош коюп, баарын жасоого уруксат берүү керек экендигин билдирбейт, эрежелер сакталышы керек. Бала эң оболу сиздин аны жакшы көрөрүңүздү билиши зарыл. Эгер кайсыл бир нерсеге тыюу салсаңыз, демек сиз алардын жакшылыгы жана келечеги үчүн ушундай чектөөгө барганыңызды түшүнүүсү кажет.

БАЛАНЫН ӨЗ ОЮН АЧЫК АЙТЫШЫНА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИҢИЗ

Колуңуздан келишинче балаңыз менен көп сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Алар менен эрте мененки, түшкү жана кечки тамак учурунда түрдүү темаларда баарлашыңыз – кино, китеп жана башка каалаган нерселерди талкуулоого болот. Аларды көз карашына каршылык билдирбеңиз, сөзүн бурбаңыз, өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, биздин колледжде окутуучулар студенттердин талкуу кылышын талап кылышат. Студенттер ушундай эле нерсени өз үйлөрүндө да жасашы маанилүү. Өз оюн билдирүү, өз көз карашына ээ болуусу колдоого алынышы керек. Ар дайым балаңыздан өз ой-пикирин бышыктап берүүсүн өтүнүңүз. А эгер анын аргументтери анчалык ынандыраарлык болбосо, анда ага бул тууралуу сылык-сыпаа, достук маанайда, акырын айтып түшүндүрүңүз.

Мындай аракет балдарыңызда өзүнө ишенүү жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

БАЛДАР МЕНЕН ЧОГУУ КИТЕП ОКУҢУЗ

Балдарыңыз менен чогуу китеп окууга аракет кылыңыз. Кыска окуялар камтылган китептерди же ыр китептерди алып, үн чыгарып окуңуз. Сиз окуңуз же ал окусун, кезектешип окусаңыздар да болот. Мындан сырткары, чыгарманы бөлүп алып, бүт үй-бүлө менен чогуу окууга да болот.

Чыгарма же ырды окуп бүткөндөн кийин силер аны талкуулай аласыңар – ар бириңер өз оюңарды билдиргиле, эмнени түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Автордун негизги ою эмнеде экенин тапкыла, үчтөн жаккан жана жакпаган учурларды бөлүп талкуулагыла. Ким эмнеге макул жана эмнеге каршы экенин сүйлөшкүлө. Мунун баары албетте ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө себепчи болот.

ҮЙ ТАПШЫРМАСЫН АТКАРУУГА КАТЫШЫҢЫЗ

Балаңыз менен бирге активдүү үй тапшырма аткарууну сунуштайм. Кеп балдардын ордуна тапшырмаларды аткаруу эмес, аларды угуу, кантип аткарып жатканын сурап, эмне себептен дал ошентип аткарып жатканына кызыгуу жөнүндө болуп жатат. Бала аткарган тапшырмасын сизге айтып, көрсөтүп берсин. Ал менен үй тапшырмасын талкуулаңыз, ага суроо бериңиз.

Бул балдарга үй тапшырмасын жакшы аткарууга жардам берет. Аларды аткарууга каалоосу күчөйт, анткени ал үй тапшырмасын ата-энеси менен талкуулоосун, ата-энеси ага кызыгуусун билет. Бул аларды шыктандырат.

БАЛДАР МЕНЕН ОЙНОГУЛА

Ошондой эле, балдар менен ойноону сунуштайм. Сөздөр, шаарлар же стол үстүндө ойнолчу оюндарды ойногула. Үй шартында концерт же спектакль койсоңуздар да болот. Буга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн аралаштырууга аракет кылыңыз. Бул балаңыздын чыгармачыл, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле өз ара жакындатып, бири-бириңиздердин билбеген жактарыңыздарды билүүгө көмөктөшөт.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КЕЛЕЧЕК ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШҮҢҮЗ

Балаңыздын болочок карьерасы жөнүндө кеп куруңуз. Балдар 5, 10, 15 жылдан кийин ким болору тууралуу кыялдансын, ой жүгүртсүн. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсин. Реалдуу эмес нерселер тууралуу айтса айтсын. Балким алардын ою келечекте ишке ашып калат, ким билет? Эмнеси болсо да келечек жөнүндө мындай баарлашуу билим берүүнүн зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүгө себепчи болот. Адатта адамдар белгилүү бир илимди изилдөөнү талап кылган кесиптер тууралуу кыялданышат, бирок иш жүзүндө ал илимдерди изилдөөнү жактырышпайт. Мына ушундай абалда баланын кыялы орундалышы үчүн ага ошондой илимдерди иликтөө зарыл экенин түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү туулат.

МАМИЛЕ КУРУУНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

Балаңызга башка адамдар менен жакшы, конструктивдүү, өз ара сыйчыл мамиле курууну үйрөтүңүз. Алар менен группалаштары, классташтары, кошуна достору жана башкалар менен мамилелери жөнүндө сүйлөшүңүз. Эч кимди айыптабаңыз, сындабаңыз, бирок балага башка адамдар менен кантип мамиле түзүү жолдорун үйрөтүңүз. Жашоо тажрыйбаңыздын аркасында сиз андай нерселерди билгениңиз менен балдарыңыз азырынча билбейт эмеспи. Мында ата-энелердин салымы баа жеткис.

ИЛИМ, БИЛИМДИ ТУУ ТУТУҢУЗ

Эгер сиз балаңыздан билим алуу зарыл экенин талап кылып, бирок башкалар менен баарлашууда “дипломдун кереги жок, окубастан туруп деле жашоодо кандайдыр бир ийгилик жаратуу мүмкүн” деген кептерди айтсаңыз, анда сиздин суроо-талабыңыз менен дүйнөгө көз карашыңыздын ортосунда чоң ажырым пайда болот. Албетте, бул абал балаңыздын окуудагы жетишкендигинде да таасирин тийгизет. Эгер балаңыз жакшы окусун десеңиз, анда жогоруда аталган кайчы пикирлерди болтурбоо зарыл. Өз суроо-талаптарыңызда, көз карашыңызда жана башкалардын жашоосу менен ийгилиги тууралуу айткандарыңызда да ырааттуулук болсун.

 

ОКУУ ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ШАРТ ТҮЗҮҢҮЗ

Оңой нерсе жок. Ошентсе да, баланын эч ким тынчын албаган, жарык, желдетсе боло турган жана таза иш орду болуусу абдан зарыл. Стол менен отургучтун бийиктиги тиешелүү деңгээлде болуусу да чоң роль ойнойт. Жамбаш менен тизе 90 градус бүгүлгөн абалда болушу кажет. Ушул сыяктуу эле чыканактардын да столго койгондогу абалы да эске алынсын. Өтүнүч бул нерсеге көңүл буруңуз. Анткени көп өспүрүмдөр туура эмес абалда отурушуп, кан айлануусу бузулуп, натыйжада окуп-билүү жөндөмү начарлап, тез чарчай турган болот.

ӨСПҮРҮМДҮН ЖАЛГЫЗ КАЛУУСУНА ДА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИҢИЗ

Кээде баланын өзү менен өзү калуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү да абдан маанилүү. Анткени бул жаш куракта балдар инстинктивдүү түрдө “уядан учууга” умтулушат. Алар өзүн өз алдынча адам катары сезүү үчүн ата-энелерден алыстай баштайт. Бул алардын келечеги үчүн маанилүү.

Мындай каалоого түшүнүү менен мамиле жасаңыз, бирок ошол эле учурда чектен ашып кетүүсүнө, үй-бүлө менен болгон мамилесинин бузулушуна жол бербеңиз. ⠀

ҮЙДӨ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ҮЧҮН МАТЕРИАЛДАР БОЛСУН

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, үйдө китеп, боёк үчүн түстүү кагаздар, сүрөт тартуу үчүн альбом, сүрөт тартуучу каражатттар жана башкалардын болуусу инсандын интеллектуалдык, чыгармачыл жана руханий жактан өнүгүүсү үчүн, окууда ийгиликтүү болуусу үчүн жана келечекте ийгиликтүү карьера жасоо үчүн өбөлгө болот.

Эгер каржылык жактан мүмкүнчүлүк болсо, аталган каражаттардын үйүңүздө болгону жакшы. Балким балаңыз аларды дароо колдонуп баштабашы мүмкүн, бирок күнү келип баары бир аларды колдоно баштайт. Мына ошондо балким эч ким билбеген таланттары ачылып кетүүсү толук ыктымал.

КЫСЫМ КӨРСӨТПӨҢҮЗ

Ар кандай шарттар болот. Кээде үй-бүлө чакан бөлмөдө жашап, натыйжада бала “бул жерде турба”, “тигил жерге тур”, “антпе”, “минтпе” деген сыяктуу кептерди көп уга турган болот. Өтүнүч антпеңиздер, баланы ары-бери түрткүлөп, кысымга албаңыздар. Өзүнө болгон ишенимин өчүрбөңүз. Баланы мейкиндик көзөмөлгө алуусу эмес, мейкиндикти өзү көзөмөлгө алуу сезими өсүшү керек. Мунун баары өзүнө болгон ишениминин бекемделиши жана окууда ийгиликтүү болушу үчүн маанилүү.

МАКТАГЫЛА

Эгер балаңыз сүрөт тартса, бирдемелерди жасаса, сөзсүз түрдө мактаңыз. Жасаган эмгектерин, сүрөттөрүн талкуулагыла. Дубалга илип койгула, дос-туугандарга көрсөткүлө.

Эсиңизде болсун: Сиз мактоо менен баланы буза албайсыз. Жашоодо ал күмөн санаган учурлар көп болот, эгер сиз ашыкча бир ирет аны мактасаңыз, ага жаман болбойт. Ишенип коюңуз. Аны менен бирге баланы эң оболу жасаган эмгеги үчүн мактоо зарылдыгын унутпаңыз.

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2