AUCA the best 2

2025-10-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

Жакында, Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүнүн жыйынтыктары чыкты. Анда, Кыргызстандагы Коррупцияга каршы күрөшкө болгон элдик ишенимдин көрсөткүчү салыштырылган.

Мисалы, 2022-жылдын башындагы изилдөөсүндө мамлекет коррупция менен күрөшүп жатат деген ишеним 70%га жетпеген болсо, 2025-жылдын ортосуна карата, бийлик коррупция менен күрөшүп жатат деген элдик ишеним -айылдарда 93%, ал эми шаарларда 89%га чейин өскөнү көрсөтүлдү.

Бул натыйжалар өзүнөн-өзү болуп калган жок. Мунун артында коррупция менен күрөшүп жаткан командага болгон президент Садыр Жапаровдун колдоосу турат.

Анын ичинде, коррупция менен болгон күрөштө генерал Камчыбек Ташиевдин салымы жана миссиясы тууралуу токтолгум келет.

Бүгүнкү күндө, президентибиз тарабынан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жөн гана күч органдарын жетектөө кызматы эмес, мамлекеттеги чоң өзгөрүүлөрдү жасоо милдети дагы жүктөлдү.

Бул милдеттерди ишке ашырууда – генерал карапайым элге жакын болду, жакты, колдоого алынды, бирок ошол эле кезде, чачынан көп душман чогултту. Анын душмандары уюшкан кылмыш топторунун калдыктары, коррупционерлер, мамлекетти талап-тоноп жегендер, бүгүнкү күндө Кыргызстандан качып кетип, алыста тиш кайрап отургандар көп эле болсо керек.

Ага карабастан, коррупцияны тазалап, жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, аны менен эле тим болбостон учурдагы команданы дагы таза иштөөсүн системага салып жатат.

 

Мындай реформалар болгонго чейин, тактап айтканда мурда – коррупциялык иштерде чиновниктер бири-бирин тымызын коргоп, көп нерсени жашырып келишсе, азыр болсо, жоопкерчилик күчөп, ар ким өз ишине олуттуу мамиле кыла турган болду.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин ыкмасы тез жана чечкиндүү жүрүп жатат. Мындай тездик менен болгон аракеттерди Кээ бирөөлөр “бул өтө катуу кетип жатат” деши мүмкүн, бирок ошол эле учурда көптөр, айрыкча мамлекеттик органдардын жетекчилери мыйзамды сактап, туура иштөөгө аракет кыла баштады.

Жөнөкөй айтканда, бул – жөн гана коррупция менен күрөш эмес. Бул – башкаруу системасын жаңыча куруу деп бааласак болот.
Бүгүн болуп жаткан иштер Бул – жаңыча башкаруунун башталышы. Эми ар бир жетекчи өз ишине жеке жооп берет.

Мына ушундай реформалар керек болсо дүйнөлүк саясатта дагы үлгү болуп, оозго алынып, кошуналар дагы байкап, сөз кыла баштады.

Мурун башка өлкөлөрдөгү мындай реформаларга суктанып келсек, эми болсо өзүбүздүн өлкөдө дагы башкаларды суктандыра турган өзгөрүүлөр, жаңы ыкмалар ишке ашып жатат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2