AUCA the best 2

2025-11-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Учурда дүйнөдө тынчтык жок, цивилизациялардын кармашы күчөп жатат. Ал эми Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун төрагасы Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык конгрессте айтты. 

«Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай 2028-жылды “Айтматов жылы” деп жарыялоону сунуштадык. Себеби бүгүн дүйнөдө тынчтык жок, цивилизациялардын кармашы күчөп жаткан учур. Ал эми Айтматов дал ошол цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган. Биз эмне үчүн БУУга кайрылдык? Анткени БУУнун негизги миссиясы - дүйнөдө тынчтыкты орнотуу. Учурда айрым өлкөлөрдө жаңжалдар болууда. Ал эми Айтматовдун чыгармалары - бул согушка каршы эң күчтүү курал болуп саналат. Өзгөчө “Саманчынын жолу” чыгармасындагы жер эненин образы - бул дүйнөдөгү бардык энелердин согушка каршы болгон кыйкырыгы. Демек Айтматовду кайра-кайра окуу аркылуу биз бул жер жүзүндө тынчтыкты сактай алабыз», - деди Каныбек Иманалиев. 

Белгилей кетсек, учурда Ташкент шаарында “Борбор Азия: жалпы руханий жана агартуу мурасы - жалпы келечек” аттуу эл аралык конгресси өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун окумуштуулар, искусство таануучулар, адабиятчылар жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышууда. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2