AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аалы Карашев: Кесиптик билим берүүгө мамилени өзгөртүү керек

Бишкекте «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи» аталышындагы тегерек стол болду. Иш-чарада мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү белгилеп, өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты.

 

Кесиптик билим берүүнүн мөөнөтү тууралуу

Экс-депутат алгач окуу мөөнөтүнө токтолуп, аны кыскартуу керек дейт. Бул заман талабына жооп бербейт деп эсептейт. Кыш кыноочу, ширетүүчү же тигүүчүлүк кесиптери 2 жыл окутулат – муну билим берүүнүн стандарты талап кылат.

“Жумушчу кесипке ээ болуу үчүн ушунча убакыт коротуунун зарылчылыгы барбы? Бул предметтерди 6 айда өздөштүрсө болот. Калганы – кошумча сабактар. Мунун баары каражатты талап кылат. Кыска мөөнөттүү кесиптерди өздөштүрүүгө ушунча убакыт жана каражат сарптоо зарылчылыгы барбы? 3 айдан 6 айга чейинки убакыт аралыгында окутуп, эл аралык үлгүдөгү сертификат берсе болот. Көп кереги тийбеген сабактарды окутууга бекер убакыт коротпой, кесиптик билим берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу студенттер үчүн ыңгайлуу болмок”, - деди Карашев.

Кесиптик билим берүү мекемелеринин профилдик ориентациясы да көпчүлүк учурда эмгек рыногунун талаптарына жооп бербейт. Окууну аяктап, жумуш таппай жүргөн жаштар көп. Алар чет өлкөгө иш издеп кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Тагыраак айтканда, өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө эмес, башка мамлекеттердин экономикасын көтөрүүгө иштеп калышууда. Маселе бир канча жыл мурда кесиптик билим берүү мекемелери Эмгек министрлининен Билим берүү министрлигинин карамагына өтүп калганына байланыштуу болушу да мүмкүн. Анткени Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул тармакта системалуу иши бар, эмгек рыногунун талаптарын жакшы билет. Ошондуктан кесиптик билим берүү мекемелерин кайрадан Эмгек министрлигинин карамагына өткөрүү маселесин карап чыгыш керек. Бул эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадр даярдоодо пайдасын берет. Стандарттар системаны татаалдаштырбай, тескерисинче, кадрларды даярдоо тутумун жакшыртышы керек.

Мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча Мамлекеттик буюртманын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча

Анын айтымында, заманбап ой жүгүрткөн, реформаларды ишке ашырууга жөндөмдүү профессионалдардын “критикалык массасы” болушу – мамлекеттин экономикасынын бат өнүгүшүн шарттайт.

Карашев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын жандандыруу зарылчылыгы бар экенин белгиледи. Бүгүнкү күндөгү башкаруунун аксап жатышы да кадрларды даярдоого байланыштуу болуп жатат.

Кызматкерлерди окутуу боюнча мамлекеттик заказ ишке ашпай калды. Квалификацияны жогорулатуу боюнча мыйзамдын нормалары аткарылбай жатат. 2013-жылы түптөлгөн заказ менен акыркы үч жылдан бери эч ким алектенгенбей койгон. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоону өнүктүрүү программасы 2013-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилди камтыды. Программа аяктады, бирок жаңы документ иштелип чыга элек.

Аткаруу бийлиги мына ушундай программаны иштеп чыгууну демилгелеши керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча конкреттүү план иштеп чыгуу максатка ылайык.  

Билим берүү жана илим министрлигине, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине, Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо программаларында аналитикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт элем. Биринчи кезекте кызматты ээлеген же кызмат ордуна талапкер болгон студенттер үчүн жеткиликтүү болушу зарыл.  

Окуу курстары практикалык негизде болушу керек. Бул үчүн аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо/кайра даярдоо муктаждыктарын аныктоодо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр кызматтарынын потенциалын жогорулатуу боюнча курстарды иштеп чыгуу керек. Ошол эле учурда адистерди даярдоо маселелерин жана рыноктун муктаждыктарын координациялоо үчүн ЖОЖдордун, колледждердин жетекчилеринин, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда коммуникациялык кеңеш түзүүнү сунуштайм.

ЖОЖдордо адистерди даярдоону рыноктун талабына байланыштыруу маанилүү

Аалы Карашев жогорку билимге практикалык багыт берүү боюнча да сунуштарын айтты.

Ал белгилегендей, жогорку окуу жайлары дайыма эле рынок талап кылган кесиптер боюнча адистерди даярдай бербейт. Буга байланыштуу бизнес менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы өз ара байланышты түзүү зарыл. Бизнес чөйрөсү белгилүү бир кесиптер жана адистиктер боюнча рыноктун муктаждыктары жөнүндө маалымат берип турса, кырдаал кыйла оңолмлк. Бул тууралуу көптөн бери айтылып келет, бирок маселе боюнча таптакыр жумуш аткарылган эмес.

ЖОЖдордун системасында адистиктердин тизмесин түзүү көпчүлүк учурда өндүрүштүк керектөөлөрдү эске алуу менен эмес, мода үчүн жүргүзүлөт. Мындан 10-20 жыл мурда экономисттерди, юристтерди массалык түрдө окутканбыз. Андан кийин ЖОЖдордун профили жаңыланып, тиш доктурлук модага айланды. Азыр булардын баары жумуш издеп жүрүшөт.

Азыр IT адистиги боюнча билим берүү тенденциясы күчөп жатат. Азыр программист, веб-дизайнер, системалык администратор жана ушул тармактын адистери жогорку маяна алып иштеп жатат, бирок келечектеги бүтүрүүчүлөрдүн тагдыры белгисиз.  

Жогорку билим берүү рыногунун өнүгүүсүн эч ким көзөмөлдөбөйт жана тренддеги адистиктер боюнча кадрларды даярдоо ЖОЖдор үчүн пайдалуу. Ошондуктан

жогорку окуу жайлардын, бизнес-ассоциациялардын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда билим берүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги коммуникациялык  кеңеш түзүп, ЖОЖдордун адистиктер рыногуна багытын аныктоо стратегиясын иштеп чыгуу зарыл.

Жогорку билимдин жеткиликтүүлүгү боюнча

Экс-депутат “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда студенттерге Улуттук банктын эсептик ченинен жогору эмес ставка боюнча билим берүү насыясын алуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган жобо бар экенин эске салды. Азырынча бул маселе начар иштеп, билим берүү үчүн насыя алуу практикасы кеңири жайыла элек. Бул маселелердин баарын жалпысынан чечүү зарыл. Билим берүү боюнча ар кандай кеңештерден тышкары өлкө үчүн кадрларды даярдоонун практикасына көз карандысыз мониторингдин жана баа берүүнүн туруктуу тармагы түзүлүшү керектигин билдирди Карашев.

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2