AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аалы Карашев: Кыргызстандын келечегин өзүбүз курушубуз керек

Саясий карьерасында бардык баскычтарды басып өтүп, аткаруу бийлигинде көптөгөн ийгиликтерди жаратып, эми мыйзам чыгаруу бийлигинде бир топ коомго пайдалуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев "Kereez" басылмасына кенен интервью берди.

- 20 жылдан ашык убакыттан бери саясатта жүрөсүз. Бул аралыкта чоң иштер жасалды жана жыйынтыктары да жаман эмес. Саясатка аралашкандан бери ишке ашырган 10 ишиңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- Аткарылган жумуштун рейтингин түзүү абдан татаал. Саясатка келе элек учурда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганбыз. Жыйынтыктуу иштер тууралуу айта турган болсом, эң эле биринчи жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын заманбапташтырылышына токтолот элем.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алгачкы документтерин иштеп чыгып, окуу семинарларды уюштуруп, жергиликтүү бийлик органдарынын иш алып барышы үчүн уюштуруу-укуктук платформаны түздүк. Мунун баары өлкөдө биринчи жолу жасалып, ата мекендик аналогу таптакыр жок болчу. Башкаруу системасынан баштап, муниципалдык менчик сыяктуу багыттарда абдан көп маселе жаралды. Жергиликтүү курултай өткөрүү тартиптери жана жергиликтүү коомчулуктун типтик уставдарын иштеп чыгууга катыштым. Жумуш чачтан көп болуп, баарын “нөлдөн” баштоого туура келген. Бардык өзгөрүүлөрдү мыйзам менен бекемдөө зарылчылыгы да бар  болчу. Анткени, ал кезде өлкөдө эгемендүүлүк алып жаткан учурда кабыл алынган мыйзамдар иштеп турган. 1990-жылдын аяк ченинде эски мыйзамдар күчүн жоготуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши мамлекет башчысынын жарлыктары менен гана жүрүп жаткан. 1995-жылы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясы мэрия болуп түптөлдү. 1996-жылы мамлекет башчынын жарлыгы менен айыл өкмөтү, 1998-жылы шаардык башкармалыктар, 2000-жылы мэрия түзүлдү. Кийинчерээк шаардык башкармалыктар да мэрия болуп калыптанды. Мыйзамда болсо айыл өкмөтү жана мэрия жөнүндө жазылган эмес. Буга байланыштуу 2000-жылы идеологиялык жактан таптакыр башкача мазмундагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2001-жылы кабыл алынды. Тилектеш команда менен биргеликте иштеп чыккан мыйзамдын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары татыктуу орун таап, иштеп башташты.

Экинчиден, бул багытта алып барган дагы бир ишибиз – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү окуу китептери болду. 2001-жылы мындай окуу китептер жазыла элек кез. Жогорку окуу жайлардын студенттери бул жөнүндө Орусиянын китептерин окуп турган.

1999-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча алгачкы окуу китебин жазып чыктым. 2002-жылы андан башка дагы үч окуу китеби басылды, анын экөөсүн Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку окуу жайларынын окуу программасына расмий түрдө киргизген. Ал эми 2003-жылы ушул эле тематикада дагы үч колдонмо жазылып, кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып чыккан. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик тилде жарык көргөн алгачкы колдонмо болуп калды. Кийинчерээк башка авторлор түрдүү колдонмо жана окуу китептерди жазышты. Бирок, кайсы тармак болбосун биринчи болуп чыйыр жол салуу дайыма татаал. Жыйынтыгында, билим берүү системасы жаңыча ой жүгүрткөн башкаруучуларды даярдоодо керектүү окуу колдонмолорго ээ болду.

Бул иштер Мамлекеттик башкаруу академиясы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу менен уланды. 2003-2004-жылдарда мындай курстар Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен алгач ирет уюштурулду. Автордук китептерден башка колдонмолор жок болгондугуна байланыштуу автордук программаларды иштеп чыгууга туура келди. Бул багыттагы жаңы окуу программалары эстей жүргөнгө татыктуу иштердин тизмесине кирип калды.

Төртүнчүдөн, бул маалымат жашыруун болгону үчүн буга чейин айткан эмесмин. Ачыкка чыгаруу убактысы келди окшойт. Мен Баткен облусун түзүү иштерине катышып, эсеп жүргүзүп, жетекчилик үчүн доклад даярдап турдум. Ошол кезде Баткенди өзүнчө облус катары негиздөө чечими туура болгонун тарых өзү далилдеп турат. Толук чечилбесе да чек ара маселесин жөнгө салуу мурдагыдан кыйла жөнөкөйлөштү. Ал кезде мындай маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрү минималдуу гана болчу.

Ош облусунун губернатору болуп иштеген учурум эсте калды. Кыйынчылык мезгил. Облустагы өнөр жай тармагы кейиштүү абалга кептелип, өндүрүштүн көлөмү жылына 500 миллион сомго да жетпей калган. Болбосо, Ош - өлкөнүн эң маанилүү облустарынын бири. Завод, фабрика, комбинаттар токтоп калган. Жумушсуздук күч алган маал. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ишкерликти жандандыруу жана инвестор тартуу аракеттери көрүлө баштады.

Араван цемент заводу жана башка ири ишканалардын курулушун баса белгилеп айтышым керек. Жумуш өз нугунда уланды. Ишкерлер жана жарандар бийликтин күчүнө ишеним арта баштады. Өнөр жайды жандандырып, жаңы жумуш орундарын түзүү тапшырмасын койдук. Жыйынтык да жаман болгон жок. Эки жылдын ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү бир миллиард сомдон ашты, тагыраак айтканда эки эседен көбүрөөк.

Иш арасында күтүлбөгөн көйгөйлөр да көп болду. 2008-жылы Ош облусунун аймагында бир канча жолу ири жер титирөө катталды. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Өзгөн райондору жабыркады. Нура айылы жер менен тегиз жок болду. Дароо элге ыкчам жардам көрсөтүү аракеттерин баштадык. Анткени, алгачкы жер титирөө 1-январь күнү болгон эле. Жабыркагандарды палаткага жайгаштырып, тамак-аш жана жылуу кийим уюштурдук. Бул кырсык бүт элдин тилектештигин жаратты. Өлкөнүн чар тарабынан акчалай жардамдар, жылуу кийим жана тамак-аш жүктөлгөн унаа кербендери келе баштады. Каражат топтоо боюнча марафондор уюштурулду. Бул учурда жергиликтүү бийлик көбүрөөк түйшүк тартты. Кырдаалды жөнгө салууда ырааттуу иш алып барып, маселелер толук бойдон чечилген.

Райондордо 16 мектеп жаңыдан курулуп, ондогон мектептер оңдолуп, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары 1-сентябрь күнү кадимкидей сабакка барышты. Бөлүнүп берилген жерлерге жарандар үй салышты. Нура айылы толугу менен кайра калыбына келтирилди.

Андан соң мен Өкмөткө, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Өкмөт Аппаратынын жетекчиси кызматына которулдум. Бул менин биографиямдагы өзгөчө этап. Көптөгөн новатордук идеялар менен иштедик. Кызмат көрсөтүү сферасын өнүктүрүү, реинжениринг – мамлекеттик башкаруудагы иш жараянын жакшыртуу, максаттуу көрсөткүчтөрдүн негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн баалоо системасын киргизүү багыттарында иш алып бардык. Андан сырткары, келечектеги информатизациялоонун трендин түздүк, бул азыр санариптештирүү деп ишке ашырылып жатат. Жадагалса, республикада алгачкылардан болуп Өкмөттүн Аппаратында “MS Project” деп аталган электрондук программаны колдонуп баштаган элек.

Бирок, баарын ишке ашырууга убакыт тар болду. Анткени, бул кызматта болгону жарым жыл гана иштедим. Бирок, бул идеялар бүчүр байлап, учурда бул багытта реалдуу кадамдар таштала баштады.

Атап айтсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча башталган иштер улантылды. 2009-жылы өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө көңүл буруп баштады. Реалдуу түрдө 21 миңден ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүү болсо, өкмөттүн реестринде кызмат көрсөтүүнүн 128 гана түрү бекитилген. 2009-жылдын аягында жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, кызмат көрсөтүү мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан атайын майдаланып кетиптир. Бул бир гана максатты көздөп жасалган – арыздануучулардан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча өндүрүү. Арыз берүү – кызмат көрсөтүү, кеңеш берүү – кызмат көрсөтүү, уруксат кагазын берүү – кызмат көрсөтүү болуп эсептелчү. Мында, акырында арыздануучунун маселеси чечилбей калышы да мүмкүн эле. Бул эске алынган эмес. Бир эле жерден бүтө турган ишти жөнү жок көбөйтүп салышкан. Ал эми архитектура жана курулуш тармактарында кызмат алуу үчүн 10 эшикти каккылоого туура келип калган. Ар бир кызмат көрсөтүү үчүн акы алынып турган. Кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоочу бирдиктүү стандарт жок болгондугуна байланыштуу айрым тейлөө түрлөрү мамлекеттик органдар тарабынан жөн гана ойдон чыгарылып коюлган.

Бул тармакты жөнгө салуу иштери 2009-жылы башталды. Бирок, кайсы багытта иш алып баруу керектигин башында аныктап алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Кызмат көрсөтүү системасынын бардык спектрин (тизме, стандарттар, процедуралар жана башка) бир учурда камтып кете албадык. Бирок, алгачкы аракеттердин жыйынтыгы жаман болгон жок. Бул тармакты оптимизациялоо иштери шыр жүрүп кетти. Мүдөөлөш адистердин командасы түзүлүп, кызмат көрсөтүү сферасын алга сүрөп кетишти.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча мыйзам чыгып, ал 2014-жылы кабыл алынды. Азыр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри иштеп жатат. Стандарттар жана тейлөөнүн администрациялык регламенти иштелип чыкты. Тейлөө мурдагыга караганда сапаттуу жана жеткиликтүү болуп, кызмат көрсөтүүнүн электрондук форматы пайда болду. Эми болсо бул маселелер өзүнөн-өзү эле жасалып калгандай таасир калтырат.

Белгилей кетсем, 2012-жылы бир канча күн Өкмөт башчынын милдетин аткарып калганымда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтик стандартын бекиткем. Мындай документ мурда болгон эмес.

Аткарылган алгылыктуу иштерди тизмектеп жатып, Өкмөттөгү Биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап турган мезгил тууралуу айта кетпесем болбойт. Бул кызматта бир канча алгылыктуу иштерди жасаганга үлгүрдүк. Ал кезде Евразия мейкиндигине кошулуу аракеттери жүрүп жаткан.

Өкмөт башчы менен биргеликте көзөмөлдөө инстанциялардын санын кыскарта алдык. Реформанын жыйынтыгы менен көзөмөлдөөчү органдардын саны 21ден 12ге чейин азайды. Инспекциялардын бир бөлүгү калып, калган бөлүгү жок кылынган. Ал эми дагы бир маанилүү бөлүгү эки ири инспекция болуп түзүлдү –  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы. Мунун жыйынтыгы менен ишкерликте текшерүүлөрдүн саны 3 эсеге, ал эми пландык текшерүүлөрдүн саны эки эсеге азайган. Мурда текшерүүлөр 30 күндүн ичинде жүргүзүлчү. Азыр болсо юридикалык жактар 15 иш күнүндө, ал эми жеке ишкерлер 5 күндүн ичинде текшерилип калды.

Калкты тейлөө борборлору түзүлдү. Мамлекеттик кызматтарды алуу кыйла жеңилдеди. Жарандардын нааразычылыгын жараткан жеке транспортту жыл сайын техникалык текшерүүдөн өткөрүү процедуралары жокко чыгарылды. Ишеним кат менен автоунаа сатуу жоюлду. Мунун кесепетинен көп жарандар менчигине ээ боло албай, бир канча көйгөйлөр жаралып келген.

Өлкөнүн чет жакаларында, айылдагы мээнеткеч элге жакшы жардам берилди. Өкмөттүн чечими менен фермер жана дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялардын ставкалары төмөндөтүлдү. 2012-жылга чейин фермерлер насыяны 24-36 пайыздык үстөк менен алууга мажбур болуп келген болсо, мамлекеттик субсидиялардын натыйжасында бул көрсөткүч 3 эсеге азайды. Мисалы, Айыл банк жана РСК банк насыяны 12 пайыз менен берип калды. Алардын мисалында башка банктар да насыянын пайыздык чендерин азайтышты. Натыйжада, насыя берүүнүн көлөмү бир канча эсеге жогорулады. Дал ушул аракеттен “Айыл чарбасын каржылоо – 1” масштабдуу программасы ишке ашып отурат.

Жумуштун жаңы баскычы – Мамлекеттик кадр кызматы.

Мен 3 жыл бою ушул мекемени жетектедим. Бул аралыкта бардык нормативдик укуктук база жаңыланды. 2012-жылы ишке жаңыдан киришкен учурда мамлекеттик кызматка киришүү, кызмат өтөө маселелери негизги мыйзамдан сырткары, мыйзам ичиндеги акттар менен көзөмөлдөнүп жаткан. Акттардын көпчүлүгү убактылуу гана таасир этип турчу. Кээде акттарда ажырым пайда болуп, бүтүн бир укуктук база жок эле.

Практикада болсо бул кадрдык маселелерде, түшүнбөстүктөрдү жараткан. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери да курч бойдон турган. Айрыкча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматкерлерди окутуу иштери такыр жүргүзүлгөн эмес.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасын төлөп берүүдө бир топ маселелер да жаралган. Мына ушул көйгөйлөрдүн баарын чечиш керек эле. Айлык маянаны унификациялоо жолу менен төлөп берүү аркылуу биринчи маселе чечилди. Жыйынтыгында, 2013-жылдын 28-июнунда Өкмөт кызматкердин ишмердүүлүгүн баалаган жана эмгек акыны төлөө боюнча бирдиктүү системасы тууралуу эки токтом кабыл алды. Буга байланыштуу айлык акынын өлчөмү унификацияланып, эмгек акынын минималдык базалык ставкасы жөнүндө түшүнүк пайда болду. Аткарылган жумуштун көлөмүнө жараша айлык төлөө коэффициенти киргизилди. Жыл жыйынтыгы менен жакшы иштеген кызматкердин айлык маянасы көтөрүлүп турду.  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин минималдык базалык эмгек акысы 5 миң сом деп бекитилди. 2013-жылдын орто ченине чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкердин орточо маянасы 2200 сом болсо, киргизилген эрежелердин натыйжасында кызматкер 5000 сом өлчөмүндө акы ала баштады. Албетте, бул көп эмес, бирок ошол кезде кырдаал абдан татаал болчу.

2014-жылдан баштап кызматкерлерди окутуу боюнча Мамлекеттик буюртма системасы ишке кирди. Буга чейин жыл ичинде 500 гана кызматкер ар кандай окутуулардан өтүп келген болсо, мамлекеттик буюртманын алкагында 3000 киши кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен 2016-жылдын 30-мартында “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ал эми 2017-жылы аталган мыйзам 30 мыйзам акттары менен бекемделди.

Дагы бир маанилүү нерсе – мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ротациялоого мүмкүн болду. Мисалы, ага чейин айыл өкмөттө иштеген адис райондук мамлекеттик администрацияга которула албайт болчу. Азыр болсо мындай мүмкүнчүлүк бар жана кызматкерлерге чоң мотивация болуп калууда.

2015-жылы мага кайрадан Биринчи вице-премьер-министрдин кызматы сунушталды. Мында да биргеликте аткарылган иштердин жыйынтыгы менен кыйла жакшы көрсөткүчтөргө жетише алдык.

Кыргызстан реформалардын жүргүзүлүшү жана менчикти каттоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын "Doing Business-2015" рейтингинде алдыңкы ондукка кирди. Биздин өлкө аталган рейтингде 189 мамлекеттин ичинен 6-позицияга көтөрүлдү. Буга “Менчикти каттоо” индикатору боюнча мыкты аткарылган иштер негиз болду. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 46 позицияга жогорку көрсөткүч.

Андан дагы кыймылсыз мүлктү каттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү багытында аткарылган реформаларга мыкты баа берилди. Каттоо келишимдерин жергиликтүү каттоо органдарында бир сааттын ичинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эле. Кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты Бирдиктүү маалыматтык системадан онлайн көрүп турууга болот, бул жарандардын убактысын албай жана каржылык жактан ашыкча чыгым тартпоого негиз болуп берди. Натыйжада, керектүү процедуралардын саны кыскарды.

Жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча бир канча иштер аткарылды. 2015-жылы кайра вице-премьер-министрлик кызматка келгенимде, буга чейин пландалган көп иштер аткарылбай же такыр көңүл бурулбай калган экен. Мисалы, 2012-жылы мен өкмөттөр аралык протоколго кол койгон элем, ага ылайык кытай тарап Ош шаарына 150 орундуу оорукана куруп бермей болгон. Долбоор 26 миллион долларга бааланып, ал кайтарымсыз каражат менен курулмак. Протоколдун дал ушул бөлүгү акыркы 3,5 жылда каралбай келгени мени абдан таң калтырды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселе боюнча катуу талаптар коюлуп, кыска аралыкта керектүү документтерди жиберүү тапшырмасын койдум. Кытай тарап менен дагы бир жолу жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, грант бөлдүрттүк. Натыйжада, заманбап жабдыктар менен жабдылган оорукана курулуп, учурда жарандарга жогорку сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүлүүдө.

Депутаттык ишмердүүлүгүңүздө кандай демилгелерди көтөрдүңүз? Сиздин аракетиңиз менен кайсы тармактарда жакшыруу болду?

Депутаттык мандатты чакырылыш ишке киришкенде эмес, 2017-жылы алдым. Бул жерде да бир канча жигердүү иштер аткарылды десем жаңылышпайм.

Мүдөөлөш кесиптештер менен бир топ маанилүү мыйзамдарды иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Эки мыйзам долбоорунун алкагында жаштарга жана улгайган жарандарга жардам көрсөтө алдык.

2018-жылы менин демилгем менен пенсия менен камсыздоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, иштеп баштады. Буга чейин пенсия чегерүү эрежелери абдан татаал болчу. Пенсияга чыгуучу жаран 1996-жылга чейинки иштеген жерлерден айлык маяна тууралуу документтерди айлап, жадагалса жылдап чогултуу керек эле. Айрыкча, советтик мезгилде же эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында иштеп калган мекемелерден кандайдыр бир кагаз алуу чоң маселе жаратып келген. Ал кездеги көпчүлүк ишканалар жоюлуп кеткен. Ал эми архивдерде (борбордук архив, райондук жана шаардык архив, мамлекеттик архив) мындай маалыматтар сакталбай калган учурлар көп катталды. Башка союздук республикаларда иштеп келген жарандар үчүн айлык маяна тууралуу кагаз чогултуу дээрлик мүмкүн эмес эле.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен пенсияга чыгуунун жол-жобосу абдан жеңилдеди. Жарандар кайсы бир мекемеде 5 жыл аралыгында иштегендиги тууралуу документин көрсөтүү менен эле пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Азыр социалдык фонд жана анын бөлүмдөрүнө барып көрсөңүз кезек күтүүлөр жоюлган. Туура кабыл алынган мыйзам мына ушундай иштейт!

Ал эми 2019-жылдын жаз айынан баштап билим берүү насыялары тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, студент билим алуу үчүн жеңилдетилген насыя алып, окууну аяктагандан кийин атайын белгиленген убакытта төлөп бериши керек болот. Аталган мыйзам Жогорку окуу жайында билим алууга шарты жокторго мүмкүнчүлүк түзүү максатында кабыл алынды. Жогорку билим алууга шарты жок миңдеген улан-кыздарыбыз чет жерде төмөн квалификациядагы жумуштарда иштеп жүргөнүн айтып өтпөсөм болбойт. Билим берүү насыялары эбак иштеп баштаганда, канчалаган жаштар ЖОЖдорго тапшырып, кесипке ээ болуп коомдон ордун таап кетер беле. Мыйзам жаңы. Эми гана иштеп баштады жана ал жаштардын келечегин камсыздайт.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган баалоо тууралуу токтомду да маанилүү кадам деп айта алам. Дал ушул заманбап инструменттин арты менен администрациялык көзөмөлдөө акырындык менен парламенттик көзөмөлдөөнүн натыйжалуу ыкмасы – баалоого орун бошотот. Анын алкагында, кабыл алынган мыйзамдар жана мамлекеттик программалар калктын турмушуна, экономиканын жана өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык деңгээлде таасир тийгизип жатканы бааланып турат. Баалоо инструменти өнүккөн өлкөлөрдө абдан жакшы жыйынтыктарды берип келет. Бизде да келечекте жогорку натыйжаны берет деген зор үмүт бар. Бул ишти “Аз болсо да, саз!” деген лозунг менен мүнөздөөгө болот. Мыйзамдардын санынын көптүгү же аздыгы маанилүү эмес, негизгиси иштеш керек. Баалоо инструменти алдыдагы 5 жылдыкта мыйзам чыгаруу саясатындагы прогрессивдүү тренд катары калыптанып калат деп ойлойм.

Эл менен жолукканда кабыл алынган чечимдер менен чыныгы турмуш ортосундагы “ажырым” тууралуу көп сын-пикирлер айтылат. Биз кабинетте отуруп, реалдуу көйгөйлөрдөн алыс экенибизди айтышат. Баалоо менен  парламент иштебеген мыйзамдардын санын кыскартып, карапайым калктын проблемаларын чечүүчү мыйзамдарды кабыл алуусуна негиз болот. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнөн сырткары, ичүүчү суу, мектеп, бала бакча, жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөө сыяктуу инфраструктуралык маселелерди чечүүгө көп убакыт сарпталат.

Жарандарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого аракет кылам.

- Мурда аткаруу бийлигинде жетектөөчү кызматтарда иштеп турдуңуз. Парламентке келгенден кийин саясатка болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

- Польшалык саясатчы Лех Валенса “Көз караш отурган ордуңдан көз каранды” деп айткан жайы бар. Бул абдан таамай айтылган сөз. Бул фразаны Валенса оппозиционер болуп жүрүп, кийин мамлекет башчы болуп келгенден кийин өзгөрүлгөн пикирлеринен улам айткан. Чындыгына жараша айтылган тамаша сөз.

Көз караш, ой-пикир чындыгында өзгөрөт. Өкмөттө иштеп жүргөндө, парламенттин ишмердүүлүгү башкача көрүнчү. Депутаттардын түрдүү суроолоруна жообуң даяр болушу керек. Кээде, темадан алыс суроолор да берилип калчу.

Эми болсо өзүм министрлерге ушундай суроолорду берип, мындай көзөмөл керек экендигин түшүнүп турам. Туура форматта түзүлгөн отчёттордун негизинде, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү депутаттар менен жолуккан учурда көп маселелерди объективдүү талдап, максаттарга жетүү жолдорун издеп, кырдаалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп алса болот.  

Мен үчүн Жогорку Кеңеште жана аткаруу бийлигинде топтогон тажрыйбам абдан баалуу. Эгерде кайрадан аткаруу бийлигинде иштеп калсам, көп маселелерди башкача чечмекмин.

Албетте, көз караштар өзгөрөт. Буга чейинки тажрыйба объективдүү иш алып барууга негиз болот.

- Сиз бардык президенттердин тушунда иштедиңиз. Кайсы мамлекет башчысы жигердүү иштеди деп айта алат элеңиз?

- Ар бир президент өлкөнүн эгемендүү мамлекет болуп калыптанышынын түрдүү тарыхый мезгилдеринде иштешти. Бир гана максат – калктын турмушун жакшыртуу жана ага жетүү этаптарын иштеп чыгуу болду. Кырдаалга жараша маселени чечүү жолдору жана жетекчилер да ар башка көз карашта болушту.

Башында жаңы коомдун архитектурасын түзүү муктаждыгы келип чыкты. 1990-жылдарда окумуштуунун президент болуп шайланышы кадыресе көрүнүш болду. Алгачкы жылдары туңгуч президент жигердүү иш алып барды. “Үй-бүлөлүк башкаруу” кырдаалды курчутуп, калктын нааразычылыгын жаратып, бийликтин алмашышына алып келди.

Андан соң, бийлик башына өндүрүшчүл кишинин келиши да жүйөлүү эле. Көп иштер практикалык көз караштын негизинде чечилип баштады. Маанилүү, иштиктүү долбоорлор илгерилетилип, кызыктуу идеялар сунушталды. Тилекке каршы, кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу орун алды.

Буга каршы башкарууда жаңы тренд пайда болду – коррупция менен күрөшүү. Бул башкарууда да, жашоодо да терс көрүнүштөрдү жаратып калган эле.

Ошол үчүн президенттердин ишмердүүлүгүн салыштыруу татаал. Эл баасын бериши керек. Убакыт баарын таразалап, өз ордуна коёт. Доор алмашышы менен кол жеткис жана чиелешкен нерселер жакын жана жөнөкөй болуп калат. Өткөн ишти баалоо жеңил, бирок келечекти куруу жана көйгөйлөрдү чечүү татаал.

- Интернеттен окуп, билип жүрөбүз. Сизди колдогон тарапташтарыңыз да абдан көп, бирок ошол эле учурда кара санатайлык кылгандар да жок эмес. Сиз карьераңызды башка бирөөнүн таасири астында жасаганыңыз жөнүндө да сын-пикирлер бар. Колдоочусу жок жөнөкөй кишинин бийликтин маанилүү бутактарында иштеп калышы мүмкүн эмес деген ойлор да айтылып жүрөт. Сиздин дарегиңизге айтылган негативдүү комментарийлерге кандай реакция кыласыз?

Эч кимге кызыгы жок кишинин гана тарапташтары же каршылаштары болбойт деп ойлойм. Канча адам болсо, ошончо пикир бар. Негизгиси, кандайдыр бир өзгөрүү жасайм деген адам эң эле биринчи өзүнүн тарапташтарын жана мүдөөлөштөрүн топтойт. “Жалгыздын иши жалчыбайт” деп коёт эмеспи.

Ал эми колдоочусу бар деген пикирлерге мен мындайча жооп берет элем. Таасирдүү туугандары бар ар бир эле кишинин карьералык өсүүсү кепилденген эмес. Эгер колдоочум болгондо, 1990-жылдары аппаратта он жылдап жөнөкөй кызматта иштеп калбай, баш айланткан карьера жасап кетмекмин. Эмгек жолумду колхоздун короосунда татаал шартта баштап, асыл тукум багытында техник болуп иштемек эмесмин. Бул тууралуу ошол кара санатай кишилер эмнегедир жазышпайт. Аткарган ишим бааланып, жетекчиликтин көзүнө илингенде гана карьералык өсүүгө негиз пайда болгон. Азыр менин бир гана максатым бар – Кыргызстанды өнүктүрүү жана ушул идеяны ишке ашырууга ниеттенген тарапташтарды чогултуу. Алар аз эмес. Айрыкча, жаштар арасында.

- Кыргызстандын өнүгүп кетишине ишенесизби? Өлкөнүн келечегин кандай көрөсүз?

- 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан эл аралык коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары глобалдык экономикага жуурулушуу аракеттерин баштаган. Биздин жарандар өзүн өнүктүрүүгө жана жеке ишкерлик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жаңы перспективалар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, көндүм жашоонун тартиби өзгөрдү.

Тилекке каршы, биздин бийлик мындай трансформацияга даяр эмес эле. Жеке ишкерлик бийликтеги топтордун кызыкчылыктарынын объектине айланып, стратегиялык объекттер коррупциялык жол менен баюу куралы болуп калды. Энергетика болобу, транспорттук сектор болобу, баары саясий элитанын кызыкчылыгына жараша иштеп калган. Өлкөдөгү ишкердик климатынын институту деградацияга учурады.

Биринчи да, экинчи да революция мамлекетте эч нерсени өзгөртө алган жок. Таасир этүү сферасында кайра бөлүштүрүү башталды. Мамлекеттин стратегиялык ресурстарын көзөмөлдөө кландык топтордун таасирине өтүп кетти. Мындай учурда адамдар бөтөн жерден жумуш издеп кетүүдөн башка аргасы калбайт. Кыргызстандын келечегине, өркүндөп-өсүшүнө ишенесизби деп сурап жатасыз. Ооба, ишенем. Буга ишенбеген адам саясат менен алектенбей эле коюшу керек. Көпчүлүк саясатты баюу, жеке бизнесиңди же өз кызыкчылыгыңды коргоо деп түшүнүшөт. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Саясат – бул кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү, миллиондогон жарандардын жашоосун жакшыртуу жана бизнес үчүн инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүүнүн жолу.

Мен Кыргызстандын каржылык, маалыматтык (IT) жана туристтик багыттарда аймактагы лидер мамлекетке айланышына ишенем. Анткени, ЕАЭБдин алкагында өнөр жай жана айыл чарба боюнча башка мамлекеттер менен атаандашуу татаал. Биз өндүрүп жаткан продукциянын сапатына көңүл буруп, айыл чарба өндүрүшүндө заманбап экологиялык стандарттарды карманышыбыз керек. Дүйнө жашыл экономикага ыктап баратат, Кыргызстан бул багытта өз ордун таба алат.

Андан сырткары, туризм тармагындагы атаандаштыкты күчөтүү зарыл. Бул заманбап туристтик бренддер, отелдерди тартуу жана заманбап инфраструктураны куруу менен жасалат. Муну менен кыска аралыкта жүз миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Экологиялык жана улуттук туризмди өнүктүрүү жашыл экономикага жол ачмак. Биздин экономикабыз кичинекей, демек ички керектөө менен гана өнүгүп кетебиз деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек.

Айыл чарба өндүрүшүн ирилештирип, ата мекендик өндүрүшчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана экспортчулардын өз ара байланышын бекемдөө зарыл. Аймактар аралык кызматташтыкты жана өлкөдөгү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кооперацияларынын алакасын бекемдөө зарыл. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн көп багыттар бар. Бирок, дүркүрөп өркүндөп кетүү бир гана саясий жана инвестициялык туруктуулуктан көз каранды. Өнүгүүнүн базалык жана негизги шарты – Кыргыз Республикасынын рыногундагы эрежелердин өзгөрүлбөс механизмдерин түзүү.

Салык жана регулятордук эрежелердин жөнү жок өзгөрүп турушун токтотушубуз керек. Инвестор кайсы жакка келип, кеңеш алып, жеке мүлкүн жана инвестициялаган каражатын коргоого кепилдикти ким берерин так билиши кажет. Ишти баштоо үчүн керектүү уруксат кагаздарын алуусу да кыйынчылык жаратпашы зарыл.

Ал эми Салык мыйзамынын туруктуулугу жана атаандаштыкка негизделген жумуш шарттары бизнестин өркүндөшүнө өбөлгө болот. Бир да ишкана аткезчилик, контрафакт, салык төлөбөгөн бизнес үстөмдүүлүк кылган рынокто иштей албайт. Бул рыноктук принциптерди четтетет. Жеке бизнес ачууга коюлган талаптарды максималдуу түрдө азайтуу керек. Керек болсо, бүт керектүү документтерди алуу үчүн жеке ишкер эмес, тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлер өздөрү чуркап жаңы ачылып жаткан ишкананы бардык жагынан колдоого ала турган мезгилге жетишибиз зарыл.

Дагы бир маанилүү фактор катары айтсам, экономиканын ликвиддүүлүгүн камсыздоо жана өлкөнүн ичиндеги суроо-талапты күчөтүү керек. Себеби, ата мекендик продукцияны сатып алууга керектөөчүнүн жетиштүү стимулу болбосо, экономика өнүкпөйт.

Мунун баарын ишке ашыруу үчүн приоритеттүү тармактарды көрө билген, иштин эбин тапкан компетенттүү аткаруучулар жана компетенттүү кадрлар керек. Чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл. Биз бюрократияны жоё албай жатабыз, эгер муну жөнгө салып алсак мамлекеттик ишканалар реалдуу, натыйжалуу иштеп баштамак. Андан сырткары, сырткы экономикалык багытыбызды так белгилеп алышыбыз керек жана ошол эреже менен гана иштешибиз абзел. Түрдүү саясий күчтөр сырткы саясий багыт боюнча сунуштарын берсе, эл шайлоодо туура жолун аныктап алмак. Саясаттын жана демократиянын чыныгы мааниси мына ушунда!

- Март айында эң жакшы майрам бар. Бул аялдардын эл аралык күнү. Сиздин куттуктооңуз?

- Аял – жашоонун көркү. Аял жок болсо, жашоонун мааниси деле болбойт. Дүйнө бопбоз түстө болуп, мода, искусство жана адабият болмок эмес. Аялдарга арналып лирикалык чыгармалар жаралбайт эле. Аялдын негизги милдети – эне болуу жана аларсыз тукум улоо мүмкүн эмес. Кыргызстандын жана бүт дүйнө аялдарына ден соолук, сулуулук каалайм. Ар бир айымдын сүйүп турган жолдошу жана келишкен, акылдуу балдары, неберелери болушуна тилектешмин!

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2