AUCA the best 2

2025-08-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

UWW Азиянын президенти Мохаммед Аль-Кайед Аль-Авамлех менен континенттеги күрөштүн трансформациясы: инфраструктурадан - аялдар үчүн программаларга чейин; Кыргызстандан - Олимпиадалык подиумга чейин маек курдук. 

- Акыркы жылдарда Азия күрөшүндө кандай өзгөрүүлөр болду?

- Акыркы жылдарда Азия күрөшүндө чоң өзгөрүүлөр болду: абдан структураланып, кесипкөйлүккө басым жасалып жатат. Күрөш боюнча мелдештерди өткөрүүгө башка мамлекеттердин кызыгуусунун артып жатканы – бул чоң бурулуш деп баса белгилеп айта алам. Бул позитивдүү тенденция: турнирлерди өткөрүү – улуттук деңгээлде күрөштү жайылтууга гана жардам бербестен, спортчулардын көбүрөөк катышуусуна жана коомчулуктун да катышуусуна шарт түзөт. Бул жергиликтүү балбандарга өз жеринде күч сынашуу мүмкүнчүлүгүн берип, спорттун айланасында кызыгуу толкунун жаратат. Мындан тышкары, биз окутуу инфраструктурасында, машыктыруучуларды окутууда жана жаштар программаларында чоң жылышты көрдүк – мунун баары UWW Азиянын UWW менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү.

- Азия күрөшүнүн бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк аренадагы позициясын кандай баалайсыз?

- Азия күрөш боюнча дүйнөлүк сахнада жыйынтык боюнча да, программалардын сапаты боюнча да алдыда. Муну Парижде өткөн дүйнөлүк чемпионатта жана Олимпиадалык оюндарда ачык көрсөттү, анда күрөш боюнча медалдардын болжол менен 60% азиялык спортчулар ээ болушту. Биздин балбандар үч стилде тең: эркектер арасындагы эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эң жогорку деңгээлде чыгышууда. Биз бул жетишкендик менен сыймыктанабыз, бул командалык иш, улуттук деңгээлдеги аракеттер жана UWW Asia менен UWW ортосундагы бекем координацияланган иштин натыйжасы.   

- Биринчиликтерге көп катышпаган мамлекеттерде күрөштү өнүктүрүү боюнча кандай демилгелер көтөрүлүүдө? Ал эми Азия өлкөлөрү Париж Олимпиадасында кандай көрсөткүчтөргө ээ болду?

- Париж Олимпиадасында Азия өлкөлөрү күрөш боюнча медалдардын 60%га жакынын жеңип алышты, бул Азиядагы күрөштүн жогорку деңгээлинин далили. Бул ийгилик биздин континенттеги техникалык күчтү, тартипти жана шыктанууну чагылдырат.

Ал эми көп катышпаган өлкөлөрдү колдоо үчүн UWW Азия – UWW менен максаттуу өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну улантууда. Аларга – машыктыруучуларды даярдоо, жабдуулар менен камсыздоо, машыгуу лагерлери жана административдик колдоо кирет. Биз ошондой эле улуттук федерацияларга мектептер жана жаштар уюмдары менен биргеликте келечек муундардын пайдубалын түптөөдө жардам беребиз. Биздин миссиябыз – бир дагы өлкө артта калбасын жана күрөш – Азиядагы эң күчтүү жана ынтымакка үндөгөн спортко айланышы керек.

- Бүгүнкү күндө Азияда күрөштүн негизги көйгөйлөрү кайсылар?

- Олуттуу прогресске карабастан, кээ бир өлкөлөрдө каржылоо, инфраструктура жана жогорку деңгээлде окутуу жагынан дагы эле кыйынчылыктар бар. Саясий жана экономикалык туруксуздук айрым аймактарда спортко да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок биздин күчүбүз биримдикте. UWW жетекчилиги астында UWW Азияда улуттук федерациялар менен биргелешип, бул кыйынчылыктарды жеңүү жана бүткүл континентте күрөштүн тынымсыз өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз.

- Борбор Азиянын, өзгөчө Кыргызстандын континентте күрөштүн өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз?

- Борбордук Азия – күрөш маданиятынын таянычы. Кыргызстан спорттук оюндарда да, иш-чараларды уюштурууда да ийгиликтин жаркыраган мисалы катары көзгө урунат. Кыргыз элинин күрөшкө болгон ышкысы терең тамыр жайып, улуттук федерация спортту жайылтууда, чемпиондорду чыгарууда, ири мелдештерди өткөрүүдө мыкты иштерди жасап жатат. Алардын салымы бүткүл Азия боюнча күрөштүн жалпы деңгээлин көтөрүүдө ат көтөргүс.

- Жаштарды күрөшкө тартуу боюнча кандай программалар ишке ашып жатат?

Биз толугу менен кийинки муун үчүн иштеп жатабыз. Жаштарга арналган программаларыбыз – мектептер менен иштөөгө, башталгычтар үчүн окуу лагерлерине жана таланттарды издөөгө багытталган. UWW менен биргеликте улуттук федерацияларга жергиликтүү турнирлерди, кичи лигаларды жана күрөш боюнча фестивалдарды өткөрүүдө балдардын кичинекей кезинен тарта кызыгуусун арттырууда колдоо көрсөтөбүз. Эң негизгиси күрөштү кызыктуу жана тарбиялык маанисин жайылтуу.

- Кыз-келиндер күрөшү Азиянын деңгээлинде кандай өнүгүп жатат?

- Аялдар күрөшү – артыкчылыктуу багытыбыз. Биз барган сайын көп өлкөлөр аял спортчуларга жана машыктыруучуларга инвестиция салып жатканы менен сыймыктанабыз. UWW Азия – UWW менен биргеликте катышууну жана машыгууну жогорулатуу үчүн аялдар үчүн гана лагерлерди, лидерлик боюнча тренингдерди жана аймактык сынактарды уюштурат. Натыйжалар көрүнүп турат - азиялык аялдар дүйнөлүк чемпионаттарда жана Олимпиада оюндарында дайыма алдыда.

- Сиздин оюңузча, Азия бардык стилдер боюнча дүйнөлүк күрөштө үстөмдүк кыла алабы?

- Албетте, буга чейин эле бул үстөмдүк бар болчу. Жакында өткөн эл аралык турнирлердеги жыйынтыктарыбыз муну ырастап турат. Бирок биз муну менен токтоп калбайбыз: техникалык, административдик жана уюштуруу жагынан жакшыртуу үчүн UWW жана улуттук федерациялар менен иштешүүнү улантып жатабыз. Биримдик жана туруктуулук менен Азия эл аралык күрөштө лидерлигин сактап калат.

- UWW Азиянын улуттук федерациялар менен байланышы кандай?

- Биздин миссия – мүчөлөрүбүзгө кызмат кылуу жана колдоо көрсөтүү болуп саналат. UWW Азия ресурстардын адилет бөлүштүрүлүшүн, көйгөйлөрдүн чечилишин жана өнүгүү максаттарына жетишүүнү камсыз кылуу үчүн улуттук федерациялар менен UWW ортосунда көпүрө болуп иштейт. Биз ар бир мүчө өлкө менен үзгүлтүксүз консультацияларды, техникалык семинарларды жана стратегиялык пландаштырууну өткөрүп турабыз, анткени биздин күчүбүз биргелешкен прогрессте.

- Күрөштү өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар менен биргелешкен долбоорлор барбы?

- Ооба, биз UWW, Улуттук Олимпиада комитеттери жана эл аралык бейөкмөт уюмдар менен бир нече биргелешкен демилгелерге катышып жатабыз. Бул долбоорлор – күрөш, машыктыруучуларды даярдоо, гендердик теңчилик жана “спорт тынчтык үчүн” аталышындагы программаларын камтыйт.

- UWW Азиянын президенти катары негизги максаттарыңыз кандай?

- Менин көз карашым ачык эле: Азия күрөшүн бириктирүү, стандарттарды көтөрүү жана ар бир өлкөнүн – чоң же кичине – элдин үнүн угуп, колдоо көрсөтүү. Мен UWW менен кызматташуу аркылуу биздин таасирибизди кеңейтүүнү, күрөштүн аброюн көтөрүүнү жана мамилебизди жаңыртууну кааладым. Мен буга чейин жетишкендиктерибиз менен сыймыктанам жана келечекке оптимисттик көз караштамын.

- Күрөш дүйнөсүндө жогорку деңгээлде иштөөгө эмне түрткү болду?

- Күрөш – менин каалоом. Анда иштеген адамдар – спортчулар, машыктыруучулар, волонтерлор – үй-бүлөмдөй болуп калган. Жаш балбандын чемпион болушун, же кичинекей федерациянын эл аралык турнирди биринчи жолу өткөрүп жатканын көрүү мага күн сайын дем берет. Менин мотивациям - мага көп нерсе берген спортко кызмат кылуу жана аны кайтаруу.

- Спорт дүйнөсүндө лидерликтин кайсы принциптерин маанилүү деп эсептейсиз?

- Ачыктык, урматтоо жана кызматташуу. Лидер сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк угуп, калыстык кылып, стратегиялык ойлонушу керек. Күрөштө кеп жеке амбицияларда эмес – бул спортчуларга жана спорттун өзүнө кызмат кылуу. Мен жөнөкөйлүктү жана жалпы максатка умтулууну жетекчиликке алууга аракет кылам.

- Элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо күрөш кандай роль ойнойт деп ойлойсуз?

- Күрөш башка спорт түрлөрү сыяктуу эле адамдарды бириктирет. Килемде баары бирдей. Күрөш урматтоого, өзүн өзү кармай билүүгө жана туруктуулукка үйрөтөт - бул тынчтык үчүн маанилүү сапаттар. Андан сырткары күрөш – бул дипломатия: маданий алмашуу жана достукка көпүрө.

- Кыргызстандагы күрөш турнирлеринин уюштурулушуна кандай баа бересиз?

- Кыргызстан уюштуруу жагынан жогорку деңгээлде экенин көп жолу далилдеген. Алар уюштурган турнирлерде кемчилиги жок, тескерисинче, артыкчылыктары көп деп айта алам: спортчулар үчүн ыңгайлуу жана маданий мазмунга бай. Кыргызстан өз аймагындагы эң ишеничтүү уюштуруучулардын бири.  

- Кыргызстанды Азиянын чыныгы күрөш борборуна айлантуу үчүн эмне керек?

- Кыргызстанды дээрлик күрөштүн борбору деп айтууга болот. Талант, инфраструктура жана лидерлик – Кыргызстанда баары бар. Эл аралык кызматташтыкка, жаштарды өнүктүрүүгө жана жогорку деңгээлдеги машыктыруучуларга дагы да көңүл бурулса, Кыргызстан Азия күрөшү боюнча гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги державага айланат.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2