AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ААЛЫ КАРАШЕВ: Жаңы жүздөр менен тажрыйбалуу саясатчылар биргеликте иштеши керек

Алдыда боло турчу парламенттик шайлоого катыша турган айрым партиялардын курамы белгилүү болду. Анда тажрыйбалуу саясатчылардын катарын жаңы жүздөр толуктаган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мурда депутат болгон талапкерлердин кайрадан эл өкүлү болуп шайланып келишине нааразычылыктар айтылууда. Аталган маселеде Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин пикирин билип көрдүк.

- Коомдо быйылкы шайлоо буга чейинкилерге караганда башкача болот деген пикирлер айтылууда. Сиздин оюңузча, кандай “башкача” болушу мүмкүн?

- Мунун себебин алгач ошол айтып жаткандардан сурап көрүш керек. Шайлоо мыйзамы өзгөргөн жок. Добуш берүү процедуралары да мурдагы бойдон. Ал эми “электрондук добуш берүү” түшүнүгү азырынча талкууда. “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” мыйзамда 2016-жылдан бери электрондук формат тууралуу түшүнүк киргизилген. Бирок, бул шайлоочулардын тизмеси, жарандардын тизмеде бар-жогун аныктоо жана саясий партиялар жөнүндөгү маалыматтарды алууда гана колдонулат. “Электрондук добуш берүү” мыйзамда али жок.

Бул Жогорку Кеңешке эл өкүлдөрүн шайлоого да тиешелүү. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү мыйзамдардагы нормалар окшош. “Электрондук добуш берүү” – бул келечекте боло турчу иш. Эртеби, кечпи бул ыкма мыйзамга киргизилет.

Быйылкы шайлоонун мурдагыдан айырмасы – жарандардын коопсуздугуна байланыштуу болот. Бул жолу бардык медициналык нормаларды аткаруу менен добуш берүү жүрөт. Мында, урнага кезекке турууда жарандардын белгиленген аралыкты сакташы, тепловизорлор менен ар бир шайлоочуну текшерүү жана колду дезинфекциялоо жараяндары жүрөт. Мындайда добуш берүү процесси көп убакытты талап кылышы ыктымал.

Буга күн мурун кылдат даярдануу керек. Добуш берүүнү уюштурууда туура логистиканы камсыздоо өтө маанилүү: добуш берүү пункттарына киргизүү жана аралыкты сактоо эрежелери иштелип чыгышы зарыл. Муну жөнгө салууда мамлекеттик, жергиликтүү органдар жана медициналык кызматкерлердин катышуусу керек болот деп ойлойм. Планды тыкан иштеп чыгуу кажет.   

- Айрым партиялар амбициялуу жаштарды катарына кошуп, өзүнчө саясий альянстарды түзүп жатышат. Сиздин пикириңизде бул кандай жыйынтык бериши мүмкүн?

- Бул ыкма ар шайлоодо колдонулуп келген. Дайыма жаштардын катышып жатканын тынбай айтып келе жатышат. Мындай көрүнүшкө кытайлардын макалын келтирет элем: “Эгер бийликте жалаң жаштар болсо – комедия болот, карк карылар болсо – трагедия болот, ал эми эскилер да, жаштар да болгон учурда – гармония болот!”. Жаштардын кайраттуулугун тажрыйба менен айкалыштыруу керек. Мына ошондо жаңы идеялар пайда болуп, катачылыктарга жол берилбейт. “Айдын алдында жаңы эч нерсе жок!” деп, илгеркилер бекеринен айткан эмес. Жаңы идеялар буга чейин эле айтылып келген. Бирок, жаңы муун аны кайра-кайра кайталап айтып келет. Менимче, жаштарды тажрыйбалуу саясатчылардан алыстаткан туура болбойт. Биргеликте иштеш керек. Ошондо гана гармония болот! 

- Жарандар жаңы жүздөр келсин, - деген пикирин айтып жатышат. Эл парламентте кимдерди көргүсү келип жатат?

- Албетте, жаңы жүздөр керек. Бирок, мында да жаңы идеялар менен тажрыйбанын ширелиши керек болот. Парламент мына ушул эки параметрдин негизинде курулушу зарыл. Негизгиси, түзүлгөн парламент элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши кажет. Калктын үмүт, тилегин мүдөөлөп, бардык топтордун кызыкчылыгын коргоп, коомду туруктуулук жана өнүгүүгө баштаса дейм.

- Партиялык система Кыргызстан үчүн керек бекен? Практика эмнени көрсөттү? Кемчиликтери жана артыкчылыктары?

- Заманбап коомдо идеологиясыз жашоо кыйын. Эгерде учурда дүйнөнү падыша жана императорлор башкарбай, либералдык түзүлүш, тагыраак айтканда эркин коом калыптанып келе жаткан болсо, анда өлкөнү өнүктүрүүгө багыттаган идеология болушу зарыл. Дүйнөдө бул ролду партиялар өз мойнуна алууда.

Кыргызстанда болсо партиялык системанын эволюциясы жүрүүдө. Биз көз карандысыздыктын кыска мөөнөтүндө партиялык системанын калыптануу жолун басып өтүүдөбүз. Даяр рецепт болбогону үчүн муну жасоо оңой эмес. Андан сырткары, партиялардын типологиясы жок. Ар кандай версиялар бар. Ошондуктан, кыргызстандык партияларды так классификациялоо татаал.

Партияларды уюштуруу жагынан кадрдык жана массалык деп бөлүп карасак болот. Ошондой эле, доктриналдык (идеологиялык), прагматикалык же патронаждык жана харизмалуу партиялар деген да формалары бар.

Кадрдык партиялар бийлик үчүн күрөшүүчү болот. Алар көрүнүктүү мүчөлөрүн алдыга түртүп чыгарышат.

Массалык партиялардын мүчөлөрү абдан көп болот. Уюштуруучулуктагы туруктуулугу менен мүнөздөлөт.

Доктриналдык партиялар башкалардан айырмаланган идеологияны, концепцияны жана максаттарын так көрсөтөт.

Прагматикалык партиялар болсо, бийликте калуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонушат, мисалы коалициялык келишимдерди түзүүгө ашыгат.  

Харизмалуу партиялар беделдүү, коомдо орду бар лидердин айланасында чогулат. Алар мына ушунун эсебинен өзүнүн стратегиясын калыптандырат.

Ал эми Кыргызстанда кандай партиялар бар деген суроо туулат. Башында бардык партиялар жалгыз массалык партияга альтернатива катары – коммунисттик негизде түзүлгөн. 200дөн ашык түрдүү формадагы партиялар түзүлүп, кайра жоголду. Өнүккөнү өнүктү. Бул партиялар идеологиялык мазмундагы доктриналдык партия болот деген ишенимде калыптанган. Иш жүзүндө болсо, 1990-жылдары партиялар бир лидердин айланасында түзүлгөн харизматикалык партияларга айланып калды.

Ал учур өтүп кетти. Харизматикалык партиялар жоголуп баштады. Себеби жөнөкөй – мындай партиялар өзүнүн лидеринин жолу менен басып кетти. Жол баштоочунун саясий карьерасы бүткөндөн соң, партия башка лидер таба албай чачырап кете берген.

Ал эми массалык партиялар абдан көп. Көптүгүнөн туруктуу боло албай, мүчөлөрү партиядан партияга секирип жүрүшөт.

Учурда кадрдык жана прагматикалык партиялар көп түзүлүп жатат. Лидерлер шайлоого аз калганда бириге калышат. Кадрдык кайра топтолуулар жүрүп, ар бир шайлоодо жаңы партиялык сүймөнчүктөр пайда болот.

Биз эки же үч партиялуу системаны кура албайбыз. Азырынча партиялар – эл аралык практика менен бекемделген көрүнүш жана биз андан кете албайбыз. Бирок азыркы жаңы технологиялар, бийликти уюштуруудагы корпоративдик теория жана башкаруу келечекти куруунун жаңы вариантын сунуштап жатат. Кеп коомду башкаруу инструментине айланып бараткан социалдык тармактар тууралуу да жүрүүдө.

Мүмкүн, дагы 10-20 жылдан кийин коомдук мамиленин өзгөчө уюшкандыгын көрүп, башкача саясий реалдуулукка туш келербиз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2