AUCA the best 2

2025-12-07

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

2025-жылдын 1-2-3-август күндөрүкереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган Биринчи Дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство боюнча Эл аралык сынак старт алат.

Сынактын координаторлорунун бири Мария Наумовабилдиргендей, Кыргызстанда биринчи жолу салттуу маданияттын бардык кырларын ачып көргөзүүгө  мүмкүн болгон уникалдуу аянтча түзүлүүдө. Үч күн бою Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий этно-комплексинде салттуу музыканы алып жүрүүчү музыканттар, окумуштуу-илимпоздор, продюсерлер, фестиваль жетекчилери, чеберлер салттуу музыканы сактоого, жайылтууга кызыкдар болгон күйөрмандар чогулат.

СынакЭл аралык конгресс жанаэтномаркетмененкатар фестивалдыннегизгиаянтчаларынынбириБулжөнганачыгармачылтаймашэмес-булөлкөлөрортосундагымаданийбайланыштардыбекемдөөгөбагытталганмаанилүү чыгармачылык пикир алышуу аянтчасыУюштуруучулардынайтымындамындайсынактаркатышуучуларгакесиптикжөндөмдөрүн өркүндөтүүгөтажрыйбаалмашуугажанаөзөлкөсүнүнжетишкендиктеринэл аралыкаренадакөрсөтүүгөжардам берет.

Сынаккатандоодон өткөн 84 профессионал музыканттар катышат. АКШ, Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ж.б. чет өлкөлөрдөн келгенжеке аткаруучу жана 12 чыгармачыл топ катышат. Кыргызстандын атынан  4 жеке аткаруучу музыкант жана 4 чыгармачыл топ катышууда.

Сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспаптык багыты боюнча өтөтМузыканттардын дараметин 7 өлкөдөн келген Эл аралык калыстар тобу баалайт, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Сынактын тандоо угуулары 1 жана 2-августта өтөт, ал эми 3-августтафестивалдын салтанаттуу жабылыш аземинде, жеңүүчүлөрдүн концерти болот. Бардык иш-чаралар коомчулук үчүн ачык жана түз эфирде көрсөтүлөт. Жаңылыктарды фестивалдын Instagram баракчасынан жана өнөктөш жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көрүүгө болот.

«Рух Санат» фестивалынКыргызстанда ар эки жылда өткөрүүнү салтка айлантуу пландалууда. Быйылкы жыл – «Салттуу маданият жана музыка»аталышында болуп салттуу музыкалык искусствого басым жасалса, кийинки жолубийгекөңүл бурулушу мүмкүн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2