AUCA the best 2

2025-10-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

2025-жылдын 30-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун имаратында профессор Молдоев Эдилбек Эсеновичтин өмүр жолуна жана илимий-педагогикалык ишмердигине арналган эскерүү тегерек столу өттү. 


Иш-чарага Кыргызстандагы юридикалык илим жана билимдин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуунун кесиптештери, студенттери жана санаалаштары чогулду.

Эдилбек Эсенович тирүү болгондо бүгүн 66 жашка чыкмак. Ал 1959-жылдын 30-июнунда жарык дүйнөгө келген. 

Тегерек столдо профессор менен көп жылдар бирге иштеген кафедра башчылары, Адистерди максаттуу даярдоо институтунун кызматкерлери жана профессордун кесиптештери Эдилбек Молдоевдин Кыргызстандын билим берүү тармагына кошкон ат көтөргүс салымы жана адамдык асыл сапаттары тууралуу кеп кылышты.  

Тегерек столго университеттин 30дан ашык өкүлдөрү, анын ичинде Юридикалык институттун кафедра башчылары, окутуучулары, илимий кызматкерлери жана ректораты, профессор Молдоевдин кесиптештери жана студенттери катышты.

Юридика илимдеринин доктору Токтобаев Болот Токтомишович Эдилбек Эсенович илимге, мугалимдикке чыйыр жолун баштаган жылдарда юридикалык факультеттин түптөлүшү тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Ал эми Садыков Канат Жалилович профессордун европалык кредиттик системаны адаптациялоодогу инновациялык ыкмалары жана адистерди максаттуу даярдоо боюнча айтып берди. Профессордун демилгеси жана эмгеги менен КУУда юридикалык билим берүү эл аралык стандарттарга шайкеш окутула баштаган. 

Кафедранын жамааты, кесиптештери, өткөн жылдардагы студенттери жана достору Эдилбек Эсеновичти принципиалдуу, ички маданияты терең, илимге чындап берилген адам катары эскеришти. 

Катышуучулар профессор Молдоев чыгаан илимпоз эле эмес, өлкөнүн укук тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон юристтердин бүтүндөй муунун тарбиялаган акылман насаатчы экенин белгилешти.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2