2025-03-31
Маданият
Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?
Байыркы скифтердин орхоненисей тилин сактап калып, бүгүнкү күндөгү “түрк тилдеринин” башында турганын – кыргыздардын эң чоң жеңиши деп эсептөөгө болот.
Эне-Сайда жашаган кыргыздардын орхон-эне-сай рун жазуулары Германия жана Скандинавияны жердеген скифтердин рун жазуулары менен окшоштугу боюнча эч кандай талаш жок.
Скиф (протокыргыз) тили Улуу Скифияда улут аралык тил катары колдонулган, ал эми кыргыздар бардык тараптан: генетикалык, лингвистикалык, маданий жактан скифтердин түз урпактары болот. Кыргыздардын 63%ы арийлердин R1a гаплогруппасын, ал эми 20%ы моңголдордун “С” гаплогруппасын алып жүрөт.
840-жылдары моңголдор да Скифиянын курамында болгон, ал кезде орхонэнесай тилин алар эне тили катары эсептешкен. Орхонэнесай тексттери жазылган артефакттар Алтайдан баштап, Забайкальеге чейин, ошондой эле азыркы Монголиянын аймагынан да табылган.
Моголстан менен Тимуриддердин доорундагы чагатай тили ошол эле орхоненисей (протокыргыз) тили болгон. Чыңгыз хандын уулу Чагатайдын атын тарыхта калтыруу үчүн Чагатай деп аталып калган.
Казак тилинин негизи - кыргыз тилинен. Казак тили XIX-XX кылымдарда гана кыргыз-кыпчак диалектисинин негизинде өзүнчө тил катары калыптанган. Буга чейин муну далилдей турган эч кандай жазуу жүзүндөгү далил, изилдөө, казак тилинде жазылган китеп болгон эмес.
Эгерде протокыргыз тили VII-VIII кылымдарда эле толук калыптанган өзүнчө жазма тил болсо, казак тили дээрлик миң жыл өткөндөн кийин түптөлүп, кыргызга таандык орхоненисей рундарын колдонгон эмес.
Кийин скиф жазуусу арап, латын жана кириллица тамгаларына алмаштырылган.