AUCA the best 2

2025-10-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Акыйкатчы сабалган эгиз кыздардын укугун коргоону өз көзөмөлүнө алды

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева видеодо энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйткачы институтунан билдиришти.

Социалдык тармактарда аял кичинекей кыздарды сабап жаткан учурда тартылган видео жарыялангандан кийин дароо эле Акыйкатчы институттун кызматкерлерине кыздардын укугун коргоону камсыздоону тапшырды.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү сабалган кыздардын абалын билип келүү максатында Араван райондук ооруканага барышты. Бирок, өкүлчүлүк барган учурда кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткендиктен жолуга алган эмес.

Өкүлчүлүк экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттер менен жолугуп, алардын кыздардын абалы тууралуу маалымат алышты.
Эксперттердин айтуусунда, кыздардын денесинде көптөгөн көк-алалар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешкен.

Ошондой эле, өкүлчүлүк Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан. Алар берген маалыматка таянсак, тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес.

2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин эгиз кыздардын ар бирине 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келген.

Мындан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып кыздарын сабап кармалган С.Д.га жолугушту.

Кылмышка шектүү С.Д.окуя боюнча өз версиясын маалымдады. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

“Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, - деп айтып берген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок, 5 баласы менен ажырашып келген С.Д.нын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон.

Аял андан кийин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес.
Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кармалган С. Д.нын айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүштү.

Укук-коргоо органдары берген маалыматтарга таянсак, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды.

Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2