AUCA the best 2

2025-10-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Салымбеков той-аштардагы ысырапкерчилик боюнча ой бөлүштү

Коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушун Facebook баракчасына жазды. Ал үйлөнүү тойлорун баса белгилеп, анын форматын да өзгөртүү жөнүндө сунушун берди.

Коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушун Facebook баракчасына жазды. Ал үйлөнүү тойлорун баса белгилеп, анын форматын да өзгөртүү жөнүндө сунушун берди.

“Күз күрөш, жаз жарыш дегендей, мынакей, азыр күз мезгили. Мурда тойлор дал ушул күздө өтчү эле, азыр болсо жыл бою эле тойлор болуп атат, күндө майрам, күндө той. Албетте, тойлор болуп эле турсун! Мен көптүн бири катары бизде өтүп аткан тойлорго көп эле барып жүрөм, ошол тойлордун ичинен үйлөнүү тоюна атайы токтолгум келип отурат, б.а., анын форматын өзгөртүү ниетинде сунушумду айтайын деп жатам.

Тойлор өз убагында башталбайт, буга өзүңөр деле күбөсүңөр, 1-2 саат зарыктырып, кеч башталат. Муну менен биз убакытты уурдатып, өзүбүздүн да, башкалардын да убалына калып жатканыбызды сезип туруп, сезгибиз келбейт. Үйлөнүү тоюна карата өз сунушумду белгилеп кетейин. Негизги үйлөнүү тойдун форматы 2 бөлүктөн турса дейм. Эң оболу той белгиленген убакытта башталыш керек. Биринчи бөлүгүндө тойдун салтанаттуу бөлүгүн ачып, тойду баштап алган соң, а дегенде карыяларга, ардактуу конокторго сөз берип, алардын батасын алып, каалоолорун уксак. Андан кийин сый тамак тартылып, эң улуулар бата берип, үйлөрүнө жылуу-жумшак узаса дейм. Анан антракт жарыяланып жаштардын кечеси уланса. Экинчи бөлүктө, оюн-зоок, ыр, бийлерди уюштуруп, кечки 11:00гө чейин тарап кете тургандай болсо тилегибиз да кабыл болуп, убакыттан да утмакбыз. Убакыт бул чоң байлык эмеспи. Антпесек, кары-жаш аралашып, орунсуз оюндарга, ашыкча тостторго, ылайыксыз ыр-бийлерге ыңгайсызданган учурлар арбып барат. Кудай буюрса, мен дагы келечекте балдарымдын, жакындарымдын үйлөнүү тойлорун ушундай форматта өткөрөюн деген оюм бар.

Бир нерсени баса белгилеп айткым келет: биз 21-кылымда, прогресс доорунда рационалдык жана прагматикалык чечимдер заманында жашайбыз. Ошондуктан кыз узатуу, нике той сыяктуу тойлор жакындардын курчоосунда үйдө эле өткөрүлгөнү туура дейм. Болбосо бул тойлор өзүнчө бир бизнеске айланып кеткендей, анын арты менен куда тосуу сыяктуу көптөгөн чыгымдар баштан ашат, кол жуудуруу, түштөнтүү, өргүтүү жана кийит, себет, кешик алмашуу. Мунун баарын кыскартып, жаштарга шарт түзүп берген туура да, мисалы, үй алып берсек, же бизнес ачканга ошол каражаттарды жумшасак, жаш үй-бүлө үчүн чоң өбөлгө болбойт беле.

Кадырлуу калк жакшылары, жигердүү жигиттер, акылман айымдар! Тойдогу тоодой чыгымды токтотуп, орчундууларын гана орду менен жасап, ой келди чачылмайды ооздуктайлы. Саналуу гана салт менен сапаттуу, сарамжал той өткөрүүнү өлкөгө өрнөк кылалы.

Акырында айта кетчү бир кеп: жогоруда үйлөнүү тоюна карата коомчулукка болгон сунушум, пикирим Маданият министирлигине да жетип, ушул интернет талаасында талкууну жаратып, жалпы калк арасында да колдоого алынып, мындай сунуштардын арты менен башка дагы тойлордун форматын өзгөртүүгө түрткү болобу деп ишенем, андыктан силердин да ой пикирлериңер менен бөлүшкүлө”, - деп жазган Салымбеков.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2