AUCA the best 2

2024-04-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

“Эко Деми” коомдук фонду окуучуларга таштанды иргөөнү үйрөтөт

“Эко Деми” коомдук фонду Билим берүү жана илим министрлиги, БААУнун Инновациялык колледжи, ЕРӨБ, “Шоро” компаниясы, “Бакай банк”, жана “Энергетикадагы айымдар” менен өнөктөштүктө “Жер Эне” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы сегиз мектепте таштанды иргөө маданиятын жайылтуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. 


Мында 1-11-класс окуучуларына таштанды иргөөнүн маанилүүлүгү боюнча тренингдер өтүлүп, мектептерде кагаз, пластмасса жана айнек үчүн атайын урналар орнотулду. Топтолгон таштанды кайра иштетүүгө жиберилип, батарейкалар утилизацияланат. 

“Биздин тренерлер ар бир мектепте 8 сааттан ашык болуп, мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучуга маалымат жеткирүүгө аракет кылышты - алар биздин келечектеги ыктыярчыларыбыз. “Жер Эне” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги, ЕРӨБ, “Шоро” компаниясы, “Бакай банк”, “Энергетикадагы айымдар” тарабынан колдоого алынган. Ошондой эле эко-өнөктөштөрүбүз да бар. 

Биздин максат - өлкөбүздү таза сактоо. Бул жөнөкөй аракеттерден турат: таштандыны иргөө, планетанын ресурстарын сактоо, дегеле тазалыкка көңүл буруу. 

Ошондой эле ыктыярчыларды кабыл алууга ачыкпыз. Бул долбоордун алкагында ишембиликтер өтөт, мисалы: 20-апрелде Караколдо масштабдуу ишембилик пландалууда. Ага беш миңден ашык киши катышмай болду”, - дейт “Эко Деми” коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева. 

Экологиялык көйгөйлөргө кайдыгер карабаган ЕРӨБ “Жер Эне” долбоорун колдоого 50 миң евро каражат бөлгөн. 

“Биздин банк актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган социалдык, коомдук жана экологиялык долбоорлорду колдоп келет. Учурда экологияда көйгөй көп. Бул маселеде мектеп окуучулары менен иш алып баруу жакшы натыйжа берет деп үмүт кылам”, - дейт ЕРӨБдүн кеңеш берүү программасынын башкы менеджери Бакай Жунушов. 

“Бакай банк” “Жер Эне” долбоору менен бир жылдан бери иштеп келет. Банк аймактардагы окутуулар, Ысык-Көлдүн жээгин таштандыдан тазалоо иштерине активдүү катышкан. 

“Бул долбоор этап-этабы менен ишке ашып жатат. Биз аймактардагы тазалык иш-чараларына, Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо иштерине катыштык. Эми таштандыны иргөө боюнча мектеп окуучулары менен иштешип жатабыз. Бул абдан маанилүү деп ойлойм, анткени өспүрүмдөр маалыматты жакшы кабылдайт жана мында тарбиялык жактары да бар”, - дейт “Бакай банктын” пиар бөлүмүнүн жетекчиси Айдай Мураталиева. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы 8 мектепте 15-апрелден 15-майга чейин таштанды иргөө боюнча сынак жарыяланып, таштандынын көлөмүнө жараша жеңүүчүлөр аныкталат. Аларга: проектор, принтер, интерактивдүү такта жана башка сыйлыктар ыйгарылат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2