AUCA the best 2

2025-12-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Эртең Бишкекте таштандыны мыкты иргеген окуучулар аныкталат

Эртең, 16-май күнү Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринде таштандыны иргөө боюнча өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында уюштурулган. “Жер Эне” долбоорунун максаты - таштанды полигондоруна төгүлгөн катуу калдыктардын көлөмүн минималдаштыруу.

Долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн тренингдер иштелип, ал: 1-4-класстар, 5-6-класстар, 7-8-класстар, 9-11-класстарга эки тилде (кыргызча жана орусча) окутулду. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Бишкектеги 8 пилоттук мектепте (№18, №65, №71, №43, №88, №83, №55, №59 мектептер) 1-11-класстын окуучулары арасында таштандыны иргөө боюнча окуулар өттү. Окууга катышкандардын саны 14 миңден ашты. 

Окуу бүткөндөн кийин аталган мектептерде таштандыны өзүнчө иргеп топтоо үчүн жашыктар: пластмасса, айнек жана алюминий калдыктары үчүн металл контейнерлер; пайдаланылган аккумуляторлорду чогултууга кутулар жана макулатурага эко-бокстар коюлду. Ошондой эле пайдалуу маалыматтар жатык түшүндүрүлгөн плакаттар илинди. 

Мектептерде чогулган катуу таштанды 15-майда таразага тартылды. Жыйынтыгында 1,5-2 миңдей окуучусу бар мектептер көп топтогону аныкталды. Чогулган таштанды кайра иштетилет.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 16-май күнү саат 12:00дө төмөнкү даректерде тапшырылат:

12:00 - Бишкек шаарындагы №88 орто мектеби - Санжыра көчөсү, 1. 

Аталган мектеп 2 миңден ашык окуучусу бар мектептердин ичинен алдыга чыккан. 

14:00 - Бишкек шаарындагы №59 орто мектеби - Лущихина көчөсү, 35. 

Аталган мектеп 1,5 миңге чейин сандагы окуучусу бар мектептердин арасында биринчи орунду ээледи.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2