AUCA the best 2

2024-04-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Бишкекте Green Office жашыл кеңсе долбоорунун презентациясы болду

Бишкекте эко-директорлор жолугуп, “Green Office” жашыл кеңсе  концепциясын презентациялады. Green Office – бул кеңселерде таштандыны иргөө маданиятын калыптандыруу кызматы. Бул долбоор Казакстандын 200дөн ашык ишканаларында ийгиликтүү ишке ашырылган. Ал эми долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууну “Эко Деми” коомдук фонду колго алды.  

“Green Office” жашыл кеңсенин концепциясы:

- кызматкерлерди таштандыны иргеп, өзүнчө чогултуу принциптерине үйрөтүү;

- чогултуу жараянын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу;

- компаниянын кеңсесинде атайын челектерди орнотуу;

- чогулган таштандыны кайра иштетүүгө жиберүү;

- чогулган таштанды жана анын экологиялык пайдасы https://econetwork.green/ сайтында көрсөтүлүп турат;

- долбоордун катышуучуларынын иш-аракети фонддун социалдык баракчаларында чагылдырылып турат.

ECO Network – тематикалык иш-чараларды өткөрүп, таштанды чогултуу маданиятын жайылтууга багытталган компания. Ал так регламенттүү (Жашыл кеңсе, Жашыл мектеп, Жашыл шаар) тейлөө кызматы. Учурда тутумда 10 шаар, 100дөн ашык мекеме жана 35 миңден ашык кызматкер бар. Кызмат атайын портал, Инстаграм жана Телеграм-канал сыяктуу онлайн ресурстарга ээ. 

“ECO Network” компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Мухамеджанов бул долбоор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашуусуна ишеничин билдирди:

“Долбоор 5 жыл мурда ишке кирген. Учурда Казакстанда жемиштүү иштеп жатат. Анын максаты – бизнес өкүлдөрүн экологиялык нукка багыттоо. Бул тутумду Кыргызстанда киргизүүнү “Эко Деми” коомдук фонду колго алып жатат. Атайын окуудан өттү.

Долбоордун катышуучулары аткарылып жаткан бардык жумушту атайын сайттан онлайн көрүп тура алышат. Эми бул портал эки өлкөгө: Казакстан жана Кыргызстанга иштей баштайт”.

Евгений Мухамеджанов акыркы учурда бул долбоорго мамлекеттик ишканалардын кызыгуусу артып жатканын айтат:

“Жашыл кеңсе долбоору көбүнчө жеке секторго иштейт. Тактап айтсам, 90 пайыз – бизнес, калган 10 пайызы – мамлекеттик мекемелер менен мектептер. Акыркы учурда мамлекеттик ишканалардын кызыгуусу артып жатат”.

Ал эми бул долбоорду Кыргызстанда “Эко Деми” коомдук фонду ишке ашырмай болду. Аталган фонд 2014-жылдан бери экологиялык долбоорлор менен иштеп келет. Ал дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга катышып, өлкөнү таштадыдан тазалоо боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.

“Эко Деми” коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева климаттык өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи:

“Биз бул долбоордун алкагында бизнес мекемелерде таштандыны иргеп чогултуу, сууну жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча окутууларды жүргүзөбүз. Климат өзгөрүп жаткан мезгилде бул абдан маанилүү. Биз ресурстарды сарамжал пайдаланууга милдеттүүбүз. “Эко Деми” коомдук фонду 10 жылдан ашык убактан бери экологиялык билим боюнча иштеп келет. Бул долбоор биздин эл аралык кызматташуудагы кийинки этап эсептелет”.

Учурда Кыргызстанда таштандыны өзүнчө чогултуу маданияты канааттандырарлык эмес. Аны иргөө жана кайра иштетүү маселеси курч бойдон калууда. Көйгөйдү чечүүнүн эң натыйжалуу жолу – таштандыны иргөө. Анткени, таштанды экологиялык көйгөйлөрдүн өзөгүн түзөт.

Маалымат үчүн:

Жерге көмүлгөн желим 450 жылда чирип жок болот. Ал эми желим бөтөлкөнү коюп койсоңуз, 2 миң 397 жылга чейин калыбынан бузулбай тура берет. Кыргызстанда 1 млн 180 миң ГМО иштелип чыкса, аны 21%ын пластик каражаттар түзөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2