AUCA the best 2

2025-10-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Бишкекте балдардын укугун коргоо боюнча форум өттү

11-мартта Бишкекте “Коопсуз балалык” форуму өттү. Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, Башкы прокуратуранын жана Чүй облусунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин эксперттери, психологдор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, балдарга жардам көрсөтүү борборлорунун, психологдор, коомдук ишмерлер, КР Башкы прокуратурасынын жана Чүй облусунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, Аксакалдар соту, ОПК, зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энелери катышты.

Форумдун максаты – депутаттардын, министрлер кабинетинин, коомдук уюмдардын, активисттердин, жарандардын, зордук-зомбулукка кабылган балдардын энелеринин, эксперттердин жана мамлекеттик органдардын күч-аракетин бириктирүү, укук коргоо тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана балдарды зомбулуктан коргоо системасын реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева билдирди.

“Кыргызстанда балдардын укуктарын ишке ашыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканына карабастан, тилекке каршы, акыркы убакта биздин өлкөдө балдардын укуктары жана кызыкчылыктары бузулуп, аларга карата зордук-зомбулук күчөгөнү байкалууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши балдарга карата зомбулук маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана көз карандысыз уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенип, аялдарга жана балдарга карата мыйзамдарды өркүндөтүп, тармактык министрликтердин ишинин натыйжаларына дайыма комплекстүү баа берүү аркылуу катуу көзөмөлдү камсыз кылуусу зарыл деп эсептейм”.

Форумдун уюштуруучусу, “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова:

“Учурдагы кырдаал балдарга жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген борборлорду түзүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик органдарды күчөтүүнү талап кылат, бул бардык деңгээлдеги балдарга карата зомбулуктун алдын алууга жардам берет. Зордук-зомбулуктан жапа чеккен ар бир баланы жана учурда алардын балдарынын укуктарын калыбына келтирүүдө материалдык колдоо жана жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү коргоо боюнча чараларды күчөтүү. Балдарды коргоо системасына баа берүү зарыл, анткени жаңы көйгөйлөр жаңы чечимдерди талап кылат. Балдар үчүн бардык кызматтарды, анын ичинде 111 ишеним телефонун онлайн форматка өткөрүү маанилүү, бул ар бир балага жана ата-энеге өз убагында жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга мүмкүндүк берет”.

 Форумдун уюштуруучусу, “Биздин айымдар” коомдук уюмунун директору, Кыргызстандын ыктыярчылар союзунун төрайымы Айжан Чыныбаева:

“Биз, ишкер аялдар жана волонтерлор, бул форумдун ишине активдүү салым кошуп, катышып жатабыз, анткени коомдогу зомбулук көйгөйлөрүнө кайдыгер карабоо ар бир жарандын милдети деп эсептейбиз. Бул көйгөйдүн айланасында жалпы коомчулук биригип, өз салымын кошушу керек”.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2