AUCA the best 2

2025-10-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

“Кыргызстан” документтерин чын эле кеч тапшырдыбы? Жарандык коом Боршайкомдон жооп талап кылууда!

Кечээ, 24-августта саат 18:00дө БШК 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын толук тизмеси тууралуу документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча жогоруда айтылган убакыттан кечиктирилип тапшырылган документтер жараксыз деп табылышы керек. Бирок, “Кыргызстан” партиясынын документтери белгиленген убакыттан кеч тапшырылгаы тууралуу маалымат тарап, 24-августтан 25-августка караган түнү Жогорку кеңештин депутаттары, партиялардын өкүлдөрү, журналисттер жана активисттер БШКнын имаратынын алдына чогулушту. Алар БШКдан “Кыргызстан” партиясы документтерин өз убагында тапшырганы тууралуу далилдерди талап кылышты.

Караңгы кирип калганда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комимтетинин имаратынын ичинен башка партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Чогулушка катышкандар Шайлдабековадан имаратка кирип-чыккан кишилер жазылуучу журналды көрсөтүүнү жана видео байкоочу камерадагы тартылган тасманы көрсөтүүнү айтышты.

Чогулушка катышкандардын арасында эл өкүлдөрү Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев жана “Бир бол”, “Реформа”, “Ата-Мекен” партияларынан күздөгү парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлер, активисттер жана журналисттер болушту.

Түнкү саат 01:00дө БШК нааразы болуп чогулгандарга видео тасманы көрсөттү. Видео тамсада “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү тиешелүү документтерин 24-августта саат 18:00дөн кечигип тапшырганын байкоого болот. Бир канча мүнөттөн кийин БШКнын кызматкерлери 13 мүнөт алдыда экенин айтышкан. Аз өтпөй катышуучулар имаратка кирип чыккан адамдар катталчу журналды талап кылып көрүшкөн. Катышуучулардын айтымында “Кыргызстан” партиясынын өкүлү кирген убакыт 17:59 деп оңдолгону даана байкалган.

Ушундан соң катышуучулардын нааразычылыгы күчөп, алар, социалдык тармактарда “Кыргызстан” партиясы шайлоого катыша турган болсо БШК өзү мыйзам бузаарын айтышууда. Ал эми БШК азырынча партия шайлоого катышары же катышпасы тууралуу айта элек.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2