2024-11-09
Түрмөк
Парламенттик шайлоого 17 партия катышат
Буга чейин кабарлангандай, кечээ, 24-август саат 18:00дө Боршайком шайлоого катышуу тилегин билдирген партиялардан документтерди кабыл алууну токтотуп, жумушчу топ аларды кароого киришти.
Белгилей кетсек, быйылкы парламенттик шайлоого алгач 44 партия катышмакчы болгон. Эми минтип алардын саны 17ге чейин кыскарып отурат. Жумушчу топ партиялардын документтерин 10 күндүн ичинде карап чыгып, 4-сентябрда үгүт иштерине старт берилет. Ал эми шайлоо 4-октябрда өтөт.
Боршайкомдон каттоодон өтүү үчүн төмөнкү партиялар документтерин тапшырууга жетишти:
- “Актив”.
- Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы.
- “Мекен Ынтымагы”.
- “Ата Мекен”.
- “Мекенчил”.
- “Бир Бол”.
- “Ыйман Нуру”.
- “Замандаш”.
- “Чон казат”.
- “Реформа”.
- “Республика”.
- “Бүтүн Кыргызстан”.
- “Социал-демократтар”.
- “Биримдик”.
- “Мекеним Кыргызстан”.
- “Ордо”.
- “Кыргызстан”.