2025-05-12
Түрмөк
Шайлоо-2020: Текебаев катышпайт

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери кечээ, 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди.
Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. “Ата Мекенди” парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. “Ата Мекенди түптөгөн лидерлери мен Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов жана башкалар Жогорку Кеңештин депутаттыгына быйылкы шайлоолорго катышпайбыз. Биз жаңы жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ошолор тартсын. Анткени алардын заманы келди”,- деди Өмүрбек Чиркешович.
“Ата-Журттун” өкүлдөрү “Мекеним Кыргызстандын” катарын толуктады

Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстандын” Штабынан билдиришти.
Аталган партиялардын лидерлери Мирлан Бакиров менен Ахматбек Келдибеков баштаган “Ата-Журт” партиясынын айрым мүчөлөрү биригүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анда “Ата-Журт” партиясынын алдыдагы парламенттик шайлоого өз алдынча катышуудан баш тартып, саясий ресурстарын “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен бириктирүү чечимине келгени айтылат. Ага ылайык “Ата-Журттун” өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутатттыгына “Мекеним Кыргызстандын” атынан талапкер болмокчу.
“Бул биздин партияларыбыздын тарыхында маанилүү окуя. Биздин максаттарыбыз жана көз карашыбыз бир”,- деп белгиледи “Мекеним Кыргызстандын” лидери Мирлан Бакиров.
Эске салсак, буга чейин “Мекеним Кыргызстандын” катарын “Бирик” жана “Табылга” саясий бирикмелери толуктаган.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Быйыл окуучулар бирдиктүү форма кийбейт

Быйылкы окуу жылында окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Нарында 70 орундуу оорукана курула баштады

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, пандемиядан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат.
Алгач кайсы өлкөлөргө авиа каттамдар ачылат?

Кыргызстан бир топ эл аралык каттамдарды жандандыруу аракетин көрүп жатат. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун айтымында, эң эле биринчи Орусия, Түркия, Казакстан жана Араб өлкөлөрүнөн келе турчу каттамдарга уруксат берилет.
Кайсы аймактарда ооруканалар ачылат?

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болору болжолдонуп, ага карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун маалыматында, учурда Бишкек, Ош шаарларында жаңы оорукана курулуп жатат, өлкөнүн 7 облусундагы бош имараттар оңдоп-түздөөдөн өтүүдө.
Спикер 20 ыктыярчыга Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 20 ыктыярчыга Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берди. Бул тууралуу Жумабеков менен “Демилгелүү жаштардын борбору” ыктыярчылар тобунун жолугушуусунда айтылды.
Премьер-министр: Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек

Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчама штабдын жыйынында билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Россиядан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси Евгений Кустов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июлда, Россия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту.
Жээнбеков: Стационарлар сөзсүз керек, бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы курабыз

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда.
Билим берүүнүн отличниги Каныбек Эшматов дүйнө салды

Таажы вирусу өмүрүн билим берүүгө арнаган, агартуу тармагына эмгеги сиңген, билим берүүнүн отличниги Каныбек Эшматовду 64 жашында алып кетти.
ДССУ Кыргызстанга 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.
Жээнбеков Чүйдөгү медициналык бет кап чыгарган өндүрүштүн иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүлүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.
ЖРТдан жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификат алды. Алар кимдер?

Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту.
Венгрия таажы вирусу менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келди.
COVID-19: Курман болгон Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.
Жапония Кыргызстанга 4,6 млн долларлык медициналык жабдууларды берет

Жапония Кыргызстанга жалпы наркы 4,6 миллион долларлык медициналык жабдууларды берет. Мындай келишимге 14-июлда Бишкекте кол коюлуп, ага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси менен Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева кол койгон.
Түркия Кыргызстанга медициналык аппараттарды жиберди

Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Өкмөт дары жана медициналык жабдыктарды сатып алууда

Өкмөт тарабынан дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.
Жээнбеков: Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору каралууда

«Өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары, фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат», - деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барган учурда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кубатбек Боронов: Адам өлүмүнүн санын кыскартуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө

COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн аракет көрүлүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.
Айтурган Темирова: "Бүгүнкү биримдигибиз урпактарга сабак боло турчу иш"

Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова өлкөдөгү кырдаал боюнча жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:
Көп түкүрсө көл болот. Анатолий Гуськов тез арада операцияга муктаж

Гуськов Анатолий Александрович операцияга муктаж. Ал оор инфаркт илдетине кабылган. Операциянын баасы – 610 000 сом. Буга чейин топтолгон каражат медициналык жардамга жумшалган. Анатолий Гуськовго тез күндө операция жасалышы керек.
Бейтаптын жубайы Лидия Васильевна кайрымдуу инсандардан жардам сурайт.
Уюлдук байланыш: 0(500)959495
Ватсап: 0(999)986000
Элсом эсеби (акча которуулар үчүн): 0500959495
Айсулуу Тыныбекова Кочкорго эки кычкылтек концентраторун жиберди

Айсулуу Тыныбекова кочкорлуктарга жардам иретинде эки кычкылтек концентраторун жиберди.
Куршабдагы ооруканада таажы вирусун жуктуруп алган 10 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин коргоочу костюмдары жок

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан оорукананын дарыгерлери коомчулуктан жардам сурап кайрылышты. Алар жадагалса коргоочу костюмдары жок экендигин айтып, пульсоксиметр, жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек сатып алуу керектигин айтышат.
Куршаб: демилгечилер 5 ИВЛ аппаратын сатып алышты. Каражат топтоо иштери уланып жатат

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн активдүү жарандары таажы вирусу менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерине кол кабыш кылып жатышат. Учурда 300 миң сомдон ашык каражат топтолуп, 5 ИВЛ аппаратына буюртма берилди.
Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентратын берет

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту. ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык талкууланып, таажы вирусуна каршы күрөшүүдөгү иштер боюнча да сөз болду.
"CapstroyKG" медицина кызматкерине батир белек кылат

“CapstroyKG” курулуш компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев медицина кызматкерлерине чын дилден ыраазычылыгын билдирип, компаниянын турак жай комплекстеринин биринен батир белек кыла турганын айткан:
“Урматтуу кыргызстандыктар, кыйын кырдаалда баарыңыздарга чың ден соолук каалайм. Айрыкча, учурда тыным албай иштеп жаткан биздин медицина кызматкерлери өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Өзбекстанда 10 миңден ашык киши таажы вирусу менен ооруп жатат

Коңшу Өзбекстанда таажы вирусун жуктуруп алгандардын саны 84 кишиге көбөйдү. Өлкөдө 10 020 адам илдет менен ооруп жатат.