AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Айтурган Темирова: "Бүгүнкү биримдигибиз урпактарга сабак боло турчу иш"

Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова өлкөдөгү кырдаал боюнча жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!


Урматтуу элим!


Учурда өлкөбүз абдан оор мезгилди баштан өткөрүп жатат. Тилекке каршы, таажы вирусу Кыргызстанды кыйгап өтпөй, элибиздин башына апаат күндөрдү алып келди.
Тилекке каршы, бул илдетке чалдыгып, ондогон мекендештерибиз дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жакындарын жоготкондордун аза-кайгысын тең бөлүшөм.
Учурда илдет менен күрөшүп жаткандарга ден соолук каалайм, батыраак сакайып чың күндөргө кайтып келиңиздер.


Менин да жакындарым бул илдет менен ооруп жатат. Алар менен күнү-түнү байланышып, кудайдан бул күндөрдөн аман чыгышыбызды тилеп жатам.


Өз өмүрүн тобокелге салып, кызыл зонада иштеп жаткан эр жүрөк дарыгерлерге таазим этем. Азыркы күндөгү сиздердин мекен үчүн кылып жаткан эмгегиңиздер ат көтөргүс. Сиздерге чын дилден ыраазычылык билдирем!
Өзүм алыста болсом да жүрөгүм Кыргызстанда. Мекенимдеги кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды мүнөт сайын окуп турам. Элим менен кошо ыйлап, кошо кубанып жашап жатам.


Мени эң кубантканы – бул кыргызстандыктардын биримдиги. Башыбызга караан күн түшкөндө эч ким четте калбай, бири-бирине кол кабыш кылып, өз өмүрүн тобокелге салып, жардамдашып жаткан күчтүү жарандык коом бар экени мени сыймыкка бөлөдү. Пандемиянын экинчи толкуну катуу сокку урду. Мына ушул соккуга каршы биздин дарыгерлер башында турган ыктыярчылар, ишкерлер, маданият кызматкерлери, бардык кайдыгер эмес инсандар бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барып жатышат. Бул урпактарыбызга сабак боло турчу иш.


Ушундай элдин кызы экендигиме сыймыктанам! Кудайдын буйругу менен бул күндөр да өтөт. Аманчылыкта көрүшөлү.


Кыргызстаныма тынчтык жана бакубат жашоо каалайм!". 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2