AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сооронбай Жээнбеков Россиядан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси Евгений Кустов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июлда, Россия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун  коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) Борбордук илимий-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык  иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная катышты.

Россиянын медиктер тобу өлкөгө 23-июлда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүүсүнүн алкагында келишкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык адистерге өлкөдөгү татаал мезгилде көмөк көрсөтүү максатында келгендери үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, шериктеши катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи.

Илдет менен күрөшүүдө бараандуу колдоосу, анын ичинде медициналык жабдуулар жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардамы, ошондой эле өлкөнүн медициналык мекемелерине иш жүзүндө жардам көрсөтүү жана коронавирус инфекциясы менен ооруканадан тыш пневмонияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлердин жоон тобун жибергени үчүн Россия Президенти Владимир Путинге ыраазычылыгын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык медиктердин келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда кыргыз медиктерине сезилерлик колдоо болооруна бекем ишенерин билдирди.

Россия Элчиси Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Буга чейин өлкөгө россиялык аскердик медиктердин тобу келишкен.

Николай Удовиченко келген адистердин баары илдетти дарылоодо чоң тажрыйбага ээ экенин баса белгилеп, алардын аркасынан Кыргызстанга жалпы наркы 150 млн рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Башкортостандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады.

Ал эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңсе боло тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Роспотребнадзордун Борбордук илимий-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык  иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде саламаттык сактоо системасы өнүккөн өлкөлөр үчүн да олуттуу сыноо болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал баса белгилегендей, россиялык адистер тарабынан Кыргызстандын медиктерине методикалык, практикалык жардам берилип, ошондой эле медицина мекемелерине консультативдик колдоо көрсөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык адистердин тобу Кыргызстандын облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2