2024-12-22
Түрмөк
Куршабдагы ооруканада таажы вирусун жуктуруп алган 10 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин коргоочу костюмдары жок
Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан оорукананын дарыгерлери коомчулуктан жардам сурап кайрылышты. Алар жадагалса коргоочу костюмдары жок экендигин айтып, пульсоксиметр, жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек сатып алуу керектигин айтышат.
Бул жерде 28 дарыгер, 170 медайым, 80 медициналык персонал иштейт. Учурда ооруканада таажы вирусун жуктуруп алган 10 бейтап дарыланууда.
Ооруканага медицина кызматкерлерине коргоочу костюмдар, 10 даана пульсоксиметр, 5 даана аралыктан өлчөөчү термометр, 5 даана кычкылтек аппараты жана дары-дармек керек.
Жардам берем дегендерге поликлиниканын жетекчиси Гүлмира Өмүржанова 0778 518 624 номуру аркылуу дайыма байланышта.
Эскерте кетсек, Куршаб айылынан демилгечилер тобу 300 миң сомдон ашык каражат топтоп, 5 ИВЛ аппаратка буюртма беришкен. Аппараттар 11-12-июлда Куршабка жеткирилери маалымдалган.