AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен билдиришкендей, 12-август күнү Бурса провинциясынын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү боюнча Түркиянын Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясынын ортосунда уюштуруучулук маселелер боюнча протоколго кол коюлган. Документке кол коюу иш-чарасына Түркиянын спорт жана жаштар министри М.Касапоглу, маданият жана туризм министринин орун басары С.Чам, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Б.Эрдоган, Бурса провинциясынын губернатору Я.Жанболат жана Бурса шаарынын мэри А.Акташ катышкан.

"Иш-чарада түрк тарап оюндардын негиздөөчү өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын орду, оюндардын дүйнөлүк деңгээлде таанылышына кошкон салымын белгиледи", - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, түрк тарап оюндарды өткөрүүгө көрүлгөн даярдыктар тууралуу айтып берип, Кыргызстан баштап берген салттар сакталарын белгилешкен.

Оюндар Изник шаарында - шаарды алууда катышкан кыргыздардын элесине арналган мемориал жайгашкан шаарда болуп өтөт. Тагыраагы оюндар Изник көлүнүн жээгинде болуп өтөт.

Эскерте кетсек, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар быйыл болуп өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2