2025-05-12
Түрмөк
Ыйгарым укуктарыңызды токтотпошуңуз керек. Мелис Мырзакматов президентке кайрылды

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековдон өлкөдө тартип орногонго чейин ыйгарым укуктарын токтотпой, өлкө башчылык кызматтан кетпешин сурады. Бул тууралуу ал атайын мамлекет башчыга жасаган кайрылууда айткан.
Женишбек Назаралиев: Жээнбеков – законно избранный, легитимный президент, которого признает мировое сообщество

"Сооронбай Жээнбеков – законно избранный, легитимный президент, которого признает мировое сообщество. Он уже отменил итоги выборов и должен обеспечить закон и порядок в тяжелое время. Это его прямая ответственность как главы государства", - написал профессор Женишбек Назаралиев в Facebook.
Президент кетип калса, саясий күрөштөр кайра күчөйт

"Президент баш аламандык, бийлик талашууларды болтурбоо үчүн ордунда калып, 45 күндө кайра шайлоону өткөрүп берсин. "Кетсин!" деген оорудан айыгалы",- деп жазат Дайырбек Орунбеков. Анын Facebook баракчасына калтырган билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:
Жээнбеков сөз эркиндигине кысым кылган жок

"Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигине кысым кылып, тигил же бул журналистти сотко берип куугунтуука алган жок", - деп жазат журналист Улан Бакиров.
Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз

Легитимдүүбү, жарым легитимдүүбү айтор кандай болсо да, аянтта тарабай аткан элдин көксөөсү сууп Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалды.
Биз экономиканы ойлойбузбу же шайлоо өткөрүп отура беребизби?

“Президент кетем деди”, - деп эмне эле шаштырып жатасыӊар! Президентти көрдүк, кызмат ал үчүн кымбат эмес экен, кетем деп айтып жатат, анан артынан куугандай жанталашып, улам чыга калып “кетем деди” деп жатасыӊар.
Президент гана өлкөнүн бүтүндүгүн сактап тура алат

Facebook колдонуучу Гүлкайыр Абдиманнап кызы оор кырдаалда Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши - анын шалаакы мамилеси болорун жазды. Анын жазган посту өзгөртүлбөй берилди:
Эртең Тажикстан президентин шайлайт

Эртең, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтөт. Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык, республиканын аймагында 68 шайлоо округу түзүлүп, анда аймактар жана шайлоочулардын тизмеси көрсөтүлгөн.
Аида Касымалиева: Өкмөт башчы кызматына башка жаңы талапкерди көрсөтүүнү сунуштайм

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева көпчүлүк коалициясына өкмөт башчылык кызматка башка талапкерди көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазган.
Коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда 10-октябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 307 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бишкекте абал тынч

Азыркы тапта Бишкекте абал тынч. Бул тууралуу "Кабар" маалыматтык агенттигине Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.
Төрага фракция лидерлери менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев беш фракция лидерлери менен бир аз мурда эле жолугушуу өткөрүп, президенттин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын талкуулады.
БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат

Ушул жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Жогорку Кеңештин отуруму "Ала-Арча" резиденциясында болот

Жогорку Кеңештин отуруму эртең, 10-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот.
УКМК: Башаламандык уюштургандар камакка алынат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу, массалык башаламандыктарды уюштургандарды кармоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: Өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн баарын жасайм

Президент бүгүн, 9-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
"Мекеним Кыргызстан": Элдин тандоосун сыйлаш керек

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу "эл өз жолун тандады" деген пикирин билдирди.
Томас Бозеруп Жээнбековго шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала отчётун берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) Байкоочу миссиясынын башчысы Томас Бозеруп менен жолугушту.
Митингдерден коркуунун кереги жок - Бактыгулов

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов кечээ болуп өткөн парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршылык билдирген саясий партиялардын митинггине байланыштуу комментарий берди.
Абдыжапар Бекматов: Кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок

Кайра шайлоо өткөрүш үчүн белгилүү бир себептер болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди.
Ийгиликсиз үгүт иштери жана туура эмес политехнология – эксперт партиялардын утулуп калуусунун себебин атады

7% шайлоо босогосун аттай албаган саясий партиялар бүгүн аянтка чыгышты. Партиялардын жеңилип калуусуунун себеби тууралуу эксперт, саясий серепчи Бакыт Бакетаев билдирүү жасады.
Жарыштан утулган партиялар жеңилүүсүнө өздөрү күнөөлүү – эксперт

Жарыштан утулган партиялар жеңилүүсүнө өздөрү күнөөлүү, деп билдирди эксперт Бакыт Бакетаев парламенттик шайлоо тууралуу комментарий берип жатып.
Жээнбеков эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККдан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн үлгү - ТүркПАнын миссиясы

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн үлгү. Бул тууралуу ТүркПА миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты Исмет Учма маалымат жыйынында билдирди.
Парламенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей укуктар берилген - Эл аралык байкоочу

Шайлоодо Кыргызстандагы саясий партиялардын бардыгына бирдей укуктар берилген. Бул тууралуу брифингде КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине байкоо салган КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский билдирди.
Бюллетендердин 63%ы колго эсептелди. "Мекеним Кыргызстан" алдыда баратат

Ушу тапта шайлоо бюллетендеринин 63 пайызы колго саналып бүтүп, натыйжада буга чейинки алдыңкы үч партиянын катарын "Мекенчил" менен "Республика" толуктоодо.
ЖОЖдорго 100 миңге жакын абитуриент онлайн кабыл алынды

2020-2021-окуу жылына жалпы 98 136 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Казакстанда куш тумоосунан 100 миңден ашык канаттуу өлдү

Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн дагы үч облусунда куш тумоосу катталып, үй канаттуулары жапырт кырылып жатканын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча чарбаларда кеминде 100 миң канаттуу өлдү.
Ош облусуна 8 миң 492 ыйык Куран китеби келди

Ош облусунун аймагына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан 30 параны камтыган 8 миң 492 даана Ыйык Куран китеби келип түштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Президент күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.