AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз

Легитимдүүбү, жарым легитимдүүбү айтор кандай болсо да, аянтта тарабай аткан элдин көксөөсү сууп Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалды.
 
 
Эми президенттикти да алам деп, эки кызматты бирге сиңире албай какап калышы мүмкүн. И.О. президент болсо үч айдан кийин президенттик шайлоо болушу кажет. Парламенттик шайлоо да турат. Садыр Жапаров кечее сөзүндө, убакытты чойуп, шайлоолорду артка жылдырууга даяр экендигин, т.е. мыйзам бузууга даяр экендигин кыйытты. Биз жакынкы 5-6 күндүн ичинде эмне болдук, эмнени гана көргөн жокпуз. Премьерликти талашып, кагылышып, сабашып, ок атышып кеттик. Азыр президенттик шайлоо талашка түшсө автоматтар менен чыгып кырылышып калбайлы?
 
Садыр Жапаров премьерликке каниет кылып, биринчи кезекте, мыйзам чегинде, парламенттик шайлоонуу өткөрүп, туруктуу парламент, туруктуу өкмөт куруу туураалу ойлонушу керек. Кудай айтса президенттик качпайт. Хаос болбош үчүн жаңы парламент, жаңы өкмөт маселесин чечкенден кийин гана, анан президент маселесин чечели. Антпесек туңгуюктан чыга албайбыз.
 
Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз, жоопкерчиликсиз айтылган, эмоцияга алдырган таарынычтын сөзү. Президенттикти талашып кызыл-жаян болсок жоопкерчилик Сооронбай Жээнбековго жүктөлөт.
 
Биз 30 жыл бою: -“президент баарын чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт, премьер козел отпущения, президент англия королевасындай, көп нерсеге кийлигишпей отурсун”- деп келгенбиз.
 
Мына азыр ошондой жагдай түзүлдү. Эрктүү премьер келди. Жоош президент да турат. Баш мыйзам б/ча премьердин ыйгарым укуктары президенттикинен көп. Иштеп көрсүн, алды менен биринчи кезекте саясый туруктуулукту камсыздап, мыйзамдуу жол менен адилет, калыс парламеттик шайлоону өз убагында өткөзүп, мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу өкмөт куруп берсин. Көргөзсүн өзүн.
 
Андан кийин анан президенттик тууралуу ойлонолу. Мамлекеттүүлүк , элдин коопсуздугу биринчи орунда. Шашылбайлы урматтуу мекендештер!
 
Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу, Апрель баатыры
 
Булак: Media Center

Интервью

 

Жаңылыктар

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2