AUCA the best 2

2025-10-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Томас Бозеруп Жээнбековго шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала отчётун берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) Байкоочу миссиясынын башчысы Томас Бозеруп менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Ал болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала отчетун берди. Томас Бозеруп билдиргендей, азыр алдын ала отчет даярдалган, акыркы жыйынтык эки айдан кийин жарыяланат. Ал шайлоо өнөктүгүнө байкоо үгүт мезгилинде башталып добуш берүү күнүндө дагы жүргүзүлгөнүн белгиледи. Томас Бозеруп Кыргызстанда шайлоо участоктору жабылгандан кийин эки сааттын ичинде эле шайлоонун жыйынтыктары аныктап берүүчү жаңы технологиялардын колдонулгандыгына канааттануусун билдирди.

«Кечээ саат 22-00дө эле добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду, буга биз кубана таң калдык», — деп белгиледи ЕККУ ДИАУБдын Байкоочу миссиясынын башчысы.

Миссия башчысы ошондой эле аларга добуштарды сатып алуу боюнча өтө көп билдирүүлөр келгенин баса белгиледи. Ошол эле маалда Томас Бозеруп добуштарды сатып алууга каршы тиешелүү мыйзам бар экенин кошумчалап, укук коргоо органдары тарабынан реакциялар болоруна үмүт артарын билдирди.

Ал миссия тарабынан мамлекеттик телеканалдарда бардык саясий партиялардын талапкерлерине бирдей акысыз убакыт бөлүнүп берилгендиги боюнча факты белгиленгенин айтат.

«Биз бул көрүнүштү кубаттайбыз, бул бардык саясий күчтөргө бирдей мамиленин жана аларга бирдей шарттар түзүлгөндүгүнүн күбөсү болуп саналат», — деп айтты Томас Бозеруп.

Алардын миссиясын ишке ашыруу үчүн керек болгон бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, алар пландаган жолугушууларынын баарын уюштура алганын жана ачык иштешкенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУ ДИАУБга дүйнө жүзү үчүн ушундай оор мезгилде Кыргызстанга байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы үгүт маалында бардык партиялар үчүн, анын ичинде жаңы партиялар үчүн да бирдей шарттар түзүлгөнүн дагы бир жолу белгиледи. Ошону менен бирге Президент бул шайлоодогу добуш сатып алуу көйгөй болгонуна макул болду.

«Мындай терс көрүнүштөрдү түп тамырынан жоюу үчүн калктын экономикалык абалын жакшыртуу зарыл. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз, биз үчүн бул башкы максат жана милдет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ЕККУнун ДИАУБ Байкоочулар миссиясынын алдын-ала берген отчетунда көрсөтүлгөн бардык сунуштарды эске аларын жана акыркы отчетту күтөрүн белгиледи.

«Кыргыз тарап эл аралык байкоочулардын пикирлери менен сунуштарын кылдаттык менен иликтеп, карап чыгат. Мен, Президент катары шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процессинде мурда жетишилген жакшы моменттерди бекемдөөгө жана кемчиликтерди жоюуга кызыкдармын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2