AUCA the best 2

2024-05-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жээнбеков эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККдан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекет башчысы өлкөдө парламенттик шайлоо өткөндүгүн, шайлоонун эрежелери алдын ала эле белгилүү болгонун, бардык партиялардын үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Өкмөт менен БШКнын уюшкан жана масштабдуу ишин белгилеп, пандемия шартында жарандар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

«Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгыңыздар үчүн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Биз муну эл аралык колдоонун көрүнүшү деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эл аралык байкоочулар Мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоо өткөрүү, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти. Ошону менен катар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерин белгилешти. Эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн баса белгилешип, шайлоонун ачыктыгын, эркиндигин жана легитимдүүлүгүн тааный турган жыйынтык чыгарышты. Алар өлкөнү мындан ары ырааттуу демократиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу ишине ийгиликтерди каалашты. Мамлекет башчысы бардык эле өлкөлөрдөгүдөй болуп, шайлоо өткөрүүдө жер-жерлерде айрым бир кемчиликтер болгонун, алар ыкчам түрдө жоюлуп турганын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессине мониторинг кылуу ишмердүүлүгү үчүн эл аралык байкоочулар миссияларынын башчыларына дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2