AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент гана өлкөнүн бүтүндүгүн сактап тура алат

Facebook колдонуучу Гүлкайыр Абдиманнап кызы оор кырдаалда Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши - анын шалаакы мамилеси болорун жазды. Анын жазган посту өзгөртүлбөй берилди:

"Дүйнөдө пандемиялык кризис. Ал эми Кыргызстанда экономикалык, саясий кризис күчөдү, коронавирус кайрадан көбөйө баштады, казынада каражат жок, алдыда кыш, мигранттардын көпчүлүгү кайтып келген, Кытай карызын доолап турат. Болуп көрбөгөндөй оор кырдаал түзүлдү. Ушундай мезгилде Президенттин кызматтан кетиши - шалаакылык!

Эгер Президент кызматтан кете турган болсо, чыныгы саясий хаос башталат. Көптөгөн саясий серепчилер жарандык согушка жол бербеш үчүн Президент кызматтан кетпеши керектигин айтып жатышат. Эгер өлкө башчысы иштен кете турган болсо, анда бийликти басып алууга болгон аракеттер ого бетер күчөйт. Аянтка чыккан 10-20 миң, мейли 30-40 миң жарандын пикири менен арттагы 6 миллиондон ашык эл макул болбосочу? Муну да эске алуу керек. Ошол үчүн учурда Кыргызстанга эң эле биринчи стабилдүүлүк керек. Президент гана өлкөнүн бүтүндүгүн кармап тура алат!

Анан калса, мыйзамдуулук деп жатабыз. Мыйзам боюнча, парламенттик шайлоо 45 күндөн кийин, ал эми президенттик шайлоо 3 айдан кийин өткөрүлүшү керек. Премьер-министр бир мандаттуу шайлоо болот деди. Демек, Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү керек. 3 ай аралыгында 3 чоң шайлоону өткөрүүгө азыр мамлекеттин күчү жетпейт.

Шайлоо - бул дайыма конфликт менен коштолуучу процесс. Мыйзам бузулбаган шайлоо кылымда бир болсо болот, болбосо жок. Бул жерде кызыкчылыктар кызыйт. Өткөн шайлоодогу эң чоң көйгөй - добуш сатып алуу болду. Качан добуш сатылбайт? Элдин социалдык абалы жакшырып, бардар жашоо болгон учурда, экономика гүлдөп өскөндө гана эл добушун сатпайт!

Садыр Жапаров эң жоопкерчиликтүү кызматка эң кыйын кырдаалда отурду. Эми иштесин. Элдин үмүтүн актасын.

Ал эми Президент өлкөнүн тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн кызматтан кетпеши керек. Тынчтык эң чоң байлык экенин акыркы жумада баарыбыз түшүндүк", - деп жазган Гүлкайыр Абдиманнап кызы. 

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2