2025-05-11
Түрмөк
Европада таажы вирусунун экинчи толкуну башталды

Европа биримдигинин аймагында таажы вирусунун экинчи толкуну күч алды. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Кытай жана Түркиядан бир жарым миң кычкылтек концентратору келди

5-июль күнү КЭРдин жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аракети менен Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келди. Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.
“Азия банкы” таажы вирусу менен күрөшүүгө 1,5 млн сом бөлдү

“Азия банкы” ЖАК Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында атайын госпиталь уюштуруу үчүн 1,5 миллион сом бөлдү. Аталган госпиталда таажы вирусун жуктуруп алгандар дарыланмакчы. Ошондой эле бөлүнгөн каражатка медициналык жабдыктар, дары-дармек сатылып алынып, медициналык кызматкерлерди колдоого жумшалат.
Райымбек Матраимов Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачты

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.
Жалал-Абад шаарында убактылуу стационар ачылды

Жалал-Абад шаарынын мэринин тапшырмасы менен "Жеңиш" эс алуу багындагы Р. Санатбаев атындагы спорт мектеби жана "Динамо" спорт аянтчасы үй шартында дарыланып жаткан бейтаптар үчүн стационар катары уюштурулду.
Бишкекке аймактардан 70 дарыгер келди

Дарыгерлер Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан келишти. Таажы вирусу пандемиясы башталган мезгилде Бишкектин медицина кызматкерлери Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына барып жардамдашкан.
Орусия таажы вирусун аныктай турган 30 миң тест-система берди

Орусия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине таажы вирусун аныктоочу 30 миң тест-система берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Өзбекстандан 8 тонна гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Бул Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылганы айтылат.
Бишкекте спорт залдар бейтаптарды кабыл алууга даярдалууда

Борбор калаадагы спорт залдар бейтаптарга алгачкы жардам көрсөтүү үчүн даярдалып жатат. Бул жерге сасык тумоонун орточо жана жеңил түрүнө, пневмонияга кабылган шаардыктар келип медиктерден кеңеш алып кетишет.
Өмүрбек Бабанов убактылуу оорукана ачты

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов таажы вирусуна чалдыккандардын дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсервацияга берүүгө даярбыз

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов зарылчылык болсо, жардам катары мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр экенин өзүнүн фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Хабиб Нурмагомедовдун атасы каза болду

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго шилтеме берип Риа Новости билдирди.
Сүйүнбек Өмүрзаков 52 жашка чыкты

Милициянын генерал-майору, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков бүгүн 52 жашка чыкты. Сүйүнбек Өмүрзаков 1968-жылдын 1-июль күнү Ош облусунун Ылай-Талаа айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абаддагы Александр Пушкин атындагы педагогикалык училищесин аяктаган.
Профессор Мария Нанаева 93 жашында дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери, эмгек сиңирген дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Токтогуловна Нанаева 26-июнда 93 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.
Өзүбүз эле иштейбиз. АКШ виза берүүгө чектөө киргизди

АКШда 2020-жылдын аягына чейин айрым убактылуу виза түрлөрүн берүү токтотулду. Бул тууралуу америкалык лидер Дональд Трамптын жарлыгы Ак үйдүн расмий сайтына илинди.
Кытайлык окумуштуу: Пандемия 2021-жылдын жаз мезгилине чейин уланышы ыктымал

Кытайдын алдыңкы эпидемиологдорунун бири Чжун Наньшань таажы вирусу пандемиясы 2021-жылдын жаз мезгилине чейин уланышын болжолдоодо. Бул тууралуу «Жэньминь жибао» гезити жазды.
Бишкекте коомдук транспорт иштей баштады

Бишкекте 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштады. Буга чейин борбор калаанын мэриясы 110 троллейбус, 112 автобус ишке кирерин кабарлаган. Транспорттун саны акырындык менен көбөйтүлөт.
Умер первый доктор юридических наук Кыргызстана Карпек Курманов

24 апреля на 93-м году жизни скончался известный ученый-юрист, доктор юридических наук, профессор, заслуженный деятель науки Кыргызской Республики, почетный академик Национальной академии наук, один из основоположников и патриархов национальной юридической науки Кыргызстана Курманов Карпек Шамсединович.
Трамп экономиканы сактап калуу үчүн жарандарды жумушка чыгууга чакырды

Коронавируска байланышкан кырдаалга карабай америкалыктар экономиканы сактап калуу максатында жумушка чыгышы керек. Бул тууралуу АКШнын Президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына билдирди.
Нобель сыйлыгынын лауреаты: коронавирус жакында токтойт

“Адамдардын бири-бири менен байланышын токтотуу же социалдык аралыкты сактоо жакын арада коронавирустун жайылышын токтотот”, - дейт Нобель сыйлыгынын лауреаты, биофизик Майкл Левитт. Ал Los Angeles Times басылмасына интервью берди.
Коронавирустан жаш бала көз жумду

АКШда COVID-19 пневмониясынан 18 жашка чейинки бала көз жумду. Анын өлүмү жөнүндө дарыгер Барбара Феррер билдиргенин The Hollywood Reporter басылмасы жазды.
Франция коронавирусту жеңдиби?

Франция өлкөсү коронавирус илдетин толугу менен жеңгенин Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран жергиликтүү BFMTV каналына билдирди.
Эпидемиолог озвучил предположительный срок спада пандемии коронавируса

Активность коронавируса может снизиться в апреле-мае 2020 года. Об этом журналистам в рамках онлайн-пресс-конференции сообщил главный внештатный специалист эпидемиолог Минздрава РФ Николай Брико.
Коронавирус: жардам иретинде түшкөн каражаттардын бир сому да коротулган жок

Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Финансы министрлигинин эсебине түшөт.
“Ковидиот”. Дүрбөлөңгө түшкөндөрдү ушинтип атай башташты

Коронавирус пандемиясы учурунда дүрбөлөңгө түшкөндөр үчүн жаңы термин ойлоп табышты. Бул сөз Urban Dictionary англис тили сөздүгүндө пайда болду.
Коронавирус: Сузакка жардам жиберилди

Учурда Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Буга байланыштуу демилгелүү жарандар колунан келген жардамын берип жатышат. Алгач карантинге алынган Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жардам иретинде Райымбек Матраимов 100 тонна ун, 10 тонна май жана 50 миң даана беткап жөнөттү.
Республикалык штаб: Обсервация жана карантин жайларындагы жарандарды сабырдуу болууга, болгон шарттарга түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырабыз

Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет

Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында айтты.
Быйыл кулпуруп турган көк түс модада

Pantone түстөрдүн институту үстүбүздөгү жылдын негизги түсүн аныктады. 2020-жылдын эң актуалдуу түсү – кулпуруп турган көк түс деп табылды. Дизайнерлердин айтымында, бул түс алдыдагы бир канча жыл ичинде негизги түс болуп кала бермекчи.
Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү

Орусиялык окумуштуулар тажылуу вирусунун микроскоптогу көрүнүшүнүн сүрөтүн жарыялашты. Вирустун көлөмү 100-120 нанометрди түзөт. Сүрөттөр JEM-140 электрондук микроскопунун жардамы менен тартылган.