2024-12-22
Түрмөк
“Азия банкы” таажы вирусу менен күрөшүүгө 1,5 млн сом бөлдү
“Азия банкы” ЖАК Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында атайын госпиталь уюштуруу үчүн 1,5 миллион сом бөлдү. Аталган госпиталда таажы вирусун жуктуруп алгандар дарыланмакчы. Ошондой эле бөлүнгөн каражатка медициналык жабдыктар, дары-дармек сатылып алынып, медициналык кызматкерлерди колдоого жумшалат.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал улам курчуп жаткандыгына байланыштуу “Азия банкынын” жетекчилиги медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата каражат бөлүү чечимин кабыл алган.
“Медицина кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамында тыным албай иштеп жатышат. Алардын эмгеги эбегейсиз. Дарыгерлер адам өмүрүнө жоопкер болгон бүгүнкү күндүн баатырлары. “Азия банктын” эмгек жамааты дарыгерлерди, фельдшерлерди, медайымдарды, санитардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен кызуу куттуктайт! Кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ушундай кыйын кырдаалда жашообузга жарык алып келип жатасыздар. Сактап калган адам өмүрлөрү үчүн рахмат! Кыргызстандын медицина кызматкерлерине жана жалпы кыргызстандыктарга чың ден соолук каалайбыз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды этият кылыңыз. Биргеликте баарын жеңебиз”, - дейт “Азия банкы” ЖАК директорлор кеңешинин төрайымы Бейшеналиева Назира Тутановна.