2024-12-22
Түрмөк
Трамп экономиканы сактап калуу үчүн жарандарды жумушка чыгууга чакырды
Коронавируска байланышкан кырдаалга карабай америкалыктар экономиканы сактап калуу максатында жумушка чыгышы керек. Бул тууралуу АКШнын Президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына билдирди.
Өлкө башчысы тумоодон миңдеген кишилер көз жумууда, бирок бул мамлекетти “жок кылууга” себеп эмес экенин кыйытты. “Биз жол кырсыктарында канча кишини жоготуудабыз, бирок жарандард унаа айдабагыла деп айтпайбыз да”, - деди президент.
Коронавирус илдетинен көп киши каза болуп жатат, бирок эгер мамлекет рецессия же депрессияга кабылса андан да чоң зыян келерин жана Америка Кошмо штаттары “жумушсуз калуу үчүн курулган өлкө эмес” экенин айтты Трамп.