AUCA the best 2

2024-04-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет

Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында айтты. 

«Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.  

Премьер-министр өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө токтолду. 

«Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок мен, премьер-министр катары баса көрсөткүм келет, көп нерсе биздин биргелешкен иш-аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Тамак-аш продуктулары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер өлкөдө жетиштүү. Биз алдын алуу мезгилинде жетиштүү көлөмдө запастарды камдап алдык. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат. Товар ташуу боюнча эч кандай маселе жок. Бардык өндүрүштүк ишканалар жана муниципалдык органдар ишин улантып жатышат. Ири соода жана мал базарлар гана жабылды, себеби бул жерлерге эл көп барат. Ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-эпидемиялык посттор орнотулуп жатат. Мен жарандарды өтө зарыл болбосо сапарларга чыгуудан карманып турууга чакырам», - деген Мухаммедкалый Абылгазиев, киргизилген режим жарандардын кыймылы үчүн катуу чектөөлөрдү камтыбай турганын белгиледи. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында маршруттук таксилер убактылуу токтотулду. Ошол эле учурда автобустар жана тролейбустар штаттык режимде иштеп жатышат. Эл аралык аба каттамдар тууралуу айтсак, чектөөлөр киргизилгенине карабастан, биз чет жактагы жарандарыбызды мекенине кайтарууга аракет кылабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Ошону менен катар Өкмөт башчы ишкерлер үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын өзгөчө баса көрсөттү. 

«Биз түзүлгөн абалдын ата мекендик бизнес үчүн кесепеттерин азайтуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Товарларды ташуу үчүн бардык чек аралар ачык, биз ишкерлер үчүн шарттарды жөнөкөйлөштүрүү боюнча кошумча чараларды көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндөгү чакырыктар – бул бизнес үчүн жаңы мүмкүндүктөр. Кризис бизди өз үй-бүлөбүздүн бюджетине, мамлекеттин экономикасына жаңы көз караш менен мамиле жасаганга үйрөтөт. Экономикада мындай кырдаал импорттун ордун алмаштыруу саясатын күчөтүүгө түрткү берди. Айрыкча ишкерлер өздөрү да дароо өзгөрө ала тургандыгын көрсөтүп жатат. Объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бүгүнкү оорчулуктарды жеңүүдө Өкмөткө жардамын жана аракеттешүүнү сунуштаган бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Премьер-министр бардык мамлекеттик органдардын жана аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине өз милдеттерин так аткарууну жана жалпы максат – калкты коронавирустан коргоого жетишүү үчүн ишти координациялоону тапшырды. 

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле бардык артыкчылыктуу эмес сарптоолорду олуттуу түрдө кыскартууларга баруу үчүн мамлекеттик органдарга бир катар чыгаша беренелерин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди. 

«Бүгүнкү күндө эң башкысы – бул тартип жана жоопкерчилик. Эгерде бир эл катары бириксек, бардык кыйынчылыктарды жана сыноолорду жеңе алабыз. Бүгүнкү күнү баарыбыз бул илдетке каршы күрөшүп жатабыз. Ооба, жаңы эрежелерди сактоо оңойго турбайт, бирок бул жеңиш үчүн жалгыз жол - биз башкаларга зыян келтирбеш үчүн бардык аракетибизди жумшоого тийишпиз!», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.  

Кеңешменин жүрүшүндө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде тартылган бардык мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин бүтүндөй тартиби талкууланды. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2