2024-12-22
Түрмөк
Жалал-Абад шаарында убактылуу стационар ачылды
Жалал-Абад шаарынын мэринин тапшырмасы менен "Жеңиш" эс алуу багындагы Р. Санатбаев атындагы спорт мектеби жана "Динамо" спорт аянтчасы үй шартында дарыланып жаткан бейтаптар үчүн стационар катары уюштурулду.
Бул жерде чатырлар тигилип, керебеттер даярдалган. Мында сасык тумоонун оор жана жеңил түрү жана пневмония менен ооруп жаткандар үчүн акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт. Бейтаптар стационарга келип, капельница жана ийне сайдыра алышат. Ошондой эле, убактылуу борбордун базасында атайын дарыкана да уюштурулган.
Кыргызстанда учурда COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7 миңден ашты. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.
Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.