2024-12-22
Түрмөк
Коронавирус: жардам иретинде түшкөн каражаттардын бир сому да коротулган жок
Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Финансы министрлигинин эсебине түшөт.
Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок. Каржы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.