AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Райымбек Матраимов Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачты

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.

Акциянын алкагында Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында 60 орундуу оорукана ачылды. Мейманканын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат. Мындан сырткары, «Эльдорадо» соода борборунун аймагында дагы 200 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган стационар ачылат. Ошондой эле, Ошто «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат. Эгерде ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан болсо, «EREM» спорткомплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр экендиги айтылат маалыматта.

Бул убактылуу ооруканаларда Фонд таажы вирусу илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулууларды айыктыруу үчүн бардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада жандандыруу бөлүмү болот.

Алсак, Райымбек Матраимовдун демилгеси менен 10 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 500 кислороддук концетратор, 2 портативдүү рентген аппараты, 50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметр жана 200 дарыгерлердин коргонуучу костюмдары сатып алынды. Андан тышкары дарыгерлердин айлык маянасы, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы фонд тарабынан камсыздалат.

Кайрымдуулук Фондунун өкүлү Искендер Матраимов вице-премьер Акрам Мадумаров атайын комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Саламаттык Сактоо министрлиги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алмай болду.

Эскерте кетсек, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ар бир кыргызстандыкты бул кырдаалда кайдыгер карап турбай элге кол сунуусун, өмүр сакчыларына колдоо көрсөтүү керектигин айткан эле.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2