2024-12-22
Түрмөк
Быйыл кулпуруп турган көк түс модада
Pantone түстөрдүн институту үстүбүздөгү жылдын негизги түсүн аныктады. 2020-жылдын эң актуалдуу түсү – кулпуруп турган көк түс деп табылды. Дизайнерлердин айтымында, бул түс алдыдагы бир канча жыл ичинде негизги түс болуп кала бермекчи.
Серепчилер 19-4052 номуру менен белгиленген “Классикалык көк” түстү мезгил менен чектелбеген, басык, жөнөкөй жана элеганттуу деп мүнөздөшүүдө.
Алдыдагы бир канча убакытка чейин көк түстүн бардык түрлөрү көңүл чордонунда болорун айтышууда: деңиз толкунундай көпкөк, Royal Blue, көгүлтүр, аквамарин жана муз өңү.
“Классикалык көккө” үндөш индиго – каныккан көк, ток көк түстөрүн белгилеп өтпөсөк болбойт. Мода дүйнөсү бул өң бардык түстөр менен ширелише жарашарын айтышат.
Түстөрдү туура айкалыштырып кийинүүнү сүйгөндөр үчүн маалымат: “классикалык көк” күмүш түс, ач жашыл, сыя түс, кызгылт жана деңиз өңүнүн бардык түстөрү менен төп келет.