2024-12-22
Түрмөк
Өмүрбек Бабанов убактылуу оорукана ачты
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов таажы вирусуна чалдыккандардын дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
Бабановдун айтымында, DISCOVERY отелинин ээлери Руслан Хамхоев менен Жамал Ибрагимовдор мейманканасын бекер иштетүүгө берген.
"Ал эми мен болсо иш алып бара турган дарыгерлердин, медайымдардын жана отель кызматкерлеринин айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону өзүмө алам. Бюджеттен каражат тартылбайт! Бул планыбызды колдоого алып, отелдин ылайыктыгын дароо текшерип, ыкчам убакытта дарыгерлерди камсыздаган вице-премьер-министр Акрам Мадумаровго жана Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ыраазычылык билдирем! — деп жазган Бабанов.
Ошондой эле, ал келе жаткан жумада 5 000 миң сомду 700-800дөй дарыгердин өз эсептерине которуп бере турганын айткан.
Мындан сырткары, учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатканын айтып, төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде экендигин кошумчалаган:
• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору;
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.