AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

​Профессор Мария Нанаева 93 жашында дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери, эмгек сиңирген дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Токтогуловна Нанаева 26-июнда 93 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Мария Токтогуловна Нанаева 1927-жылы 22-ноябрда Талас облусунда туулган. 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктап, Н.Пирогов атындагы экинчи Москва мамлекеттик медициналык институтка аспирантурага жөнөтүлгөн.

1952-жылы М. Нанаева кандидаттык диссертациясын жактайт.

Аспирантураны аяктаган жаш адис катары, Мария Токтогуловна 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка жумушка чакырылат. Ошол күндөн тартып Мария Токтогуловнанын ишмердиги институт менен ажырагыс байланышта болду.

1955-1960-жылдары Мария Нанаева – КММИде алгач фармакология кафедрасынын ассистенти, андан соң доцент кызматтарын аркалады.

1961-жылдан 1997-жылга чейин, 36 жыл КММИнин фармакология кафедрасына жетекчилик кылды. Анын эмгеги жогору бааланып, 2007-жылы КММАнын базистик жана клиникалык фармакология кафедрасына анын аты ыйгарылган.

Кыргызстандын бийик тоолуу фармакологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Новатордук изилдөөлөр доктордук диссертация катары жалпыланып, 1974-жылы ийгиликтүү жакталган.

Мария Токтогулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус кайгыларын тең бөлүшөрүбүздү билдиребиз. Мария Нанаеванын жаркын элеси мекендештеринин, жакындарынын жана досторунун элесинде түбөлүккө кала бермекчи.

Некрологго А. Исмаилова, М. Мамакеев, М. Мамытов, Д. Эсеналиев, Т. Темиралиев, К. Исаков, С. Абдикаримов, У. Кочкоров, М. Мураталиев, М. Жуматаев, С. Жумабеков, И. Кудайбергенова, Д. Кудаяров, А. Зурдинов, У. Тилекеева, А. Зарифьян, И. Ашымов кол койгон.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2